Түркмөнстандын маалымат мейкиндигинде азыркы президент Сердар Бердымухамедовдун эжеси жана экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдун кызы Огулжахан Атабаеванын аты көп аталчу болду. Журналисттер жана блогерлер Атабаеванын расмий адамдар жана коомдук ишмерлер менен жолугушуулары, анын катышуусундагы иш-чаралар тууралуу айтып, жазып, эл арасында анын маанилүү мамлекеттик кызматка дайындалып жатканын ишарат кылган кептер айтыла баштады.
Мурунку президенттин кызы, азыркынын эжеси
Орусиядан, Кытайдан, Ирандан жана Казакстандан келген жыйырмадай чет элдик конок “Тынчтык жана ишеним жылы: Балдар үчүн эл аралык ишмердүүлүктү өнүктүрүү” конференциясынын логотибинин фонунда сүрөткө түшкөн. Балдарга арналган иш-чара тууралуу сүрөттө балдар жок. А бирок президенттердин "балдары" бар.
Алар - Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёева, ортодо Түркмөнстандын буга чейинки президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кызы Огулжахан Атабаева турат.
Атабаеванын атасы кызматын уулуна өткөрүп бергени менен иштен кеткенден кийин кеңири ыйгарым укуктарды, жогорку статусун жана "түркмөн элинин лидери" наамдарын сактап калган.
Эл аралык конференция Гурбангулы Бердымухамедовдун ысымын алып жүргөн Аркадаг шаарында өтүп, балдарга жардам көрсөткөн кайрымдуулук фонддун төрт жылдыгына карата уюштурулду. Огулжахан Атабаева былтыр жыл соңунда фонддун аткаруучу директору жана вице-президенти болуп дайындалган.
Буга чейин Түркмөнстанда мурдагы президенттин кызы жана азыркы президенттин эжеси тууралуу маалымат коомчулукка ачык чыккан эмес. Көпчүлүктүн көңүлү Гурбангулы Бердымухамедовдун жалгыз уулу Сердарга бурулган. Анын эки эжеси Огулжахан менен Гүлшан эл алдына чыкпай, алардын жашы жана иши тууралуу маалымат дээрлик жок.
Огулжахан күйөөсү, Түркмөнстандын Улуу Британиядагы элчилигинин кеңешчиси Довлет Атабаев менен Лондондо жашаганы гана белгилүү болгон. Жубайлар Аркадаг шаарынын курулушу башталгандан кийин мекенине кайтып келип, жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, Бердымухамедовдун күйөө баласы өнүктүрүү долбоорлоруна тартыла баштады.
Огулжахан өткөн жылдын декабрына чейин көмүскөдө болуп, атасы аны өзүнүн атындагы фонддун медициналык операциялар боюнча вице-президенти кылып дайындаган. Бир нече күндөн кийин президент Сердар Бердымухамедов эжесине Аркадаг медалын тапшырган.
Атабаева соңку айдан бери коомчулукка ачык чыгып, активдүү боло баштады. 22-мартта Аркадагдагы көчөт отургузуу аземине катышып, 25-мартта өлкөнүн маданият тармагын караган вице-премьер-министр менен жолукту. 28-мартта жогоруда сөз болгон балдарга арналган конференцияны өткөрдү.
Бул окуяларды мамлекеттик катуу көзөмөлгө алынган телеканалдар жана гезиттер кеңири чагылдырды(Түркмөнстан басма сөз эркиндигинин индексинде көп жылдардан бери эң акыркы орунда турат).
"Эгерде Бердымухамедовдордун үй-бүлөсүнөн кимдир бирөөнү Түркмөнстанда теледен утур көрсөтүп жатса, анда баары түшүнүктүү. Ал адам жакын арада мамлекеттик жогорку кызматтардын бирин ээлей турганында шек жок. Ал жакынкы келечекте парламенттин спикери болот деген сөз бар", - деди атын атагысы келбеген Лебап провинциясынын тургуну "Азаттыктын" түркмөн кызматына курган маегинде.
Огулжахан расмий маалымат каражаттарына гана эмес, социалдык тармактарга да көп чыга баштады. Бийликке жакын блогерлер Атабаева тууралуу TikTok жана Instagram баракчаларына видеолорду жайгаштырып жатышат.
"Эл азыр коркуп бул видеолорго комментарий жазып жатат. Президенттин үй-бүлөсү тууралуу терс пикир калтыруунун кесепеттери бар", - дейт атын атагысы келбеген Мары шаарынын тургуну.
Борбор Азия боюнча эксперт Брюс Панниер Атабаеванын саясий сахнага чыгышын Гурбангулы Бердымухамедов өз балдарынын позициясын бекемдөөгө аракет кылып жатканын билдирет деп эсептейт.
"Ал [Гурбангулы Бердымухамедов] үй-бүлөсүнүн, уулунун күчүн бекемдөөгө аракет кылууда. Бирок бул патриархалдык коомдо канчалык ишке ашары күмөн. Убакыт көрсөтөт", - дейт Панниер.
Саида, Гүлнара, Дарика жана Карлыга
Борбор Азиянын дагы башка өлкөлөрү көрсөткөндөй, президенттердин жакындары жана кыздарынын карьерасында тез көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
Аркадагдагы конференцияга катышкан Саида Мирзиёева саясатка алты жыл мурун аралашкан. Ал Өзбекстандын президенти, атасынан кийинки маанилүү расмий кызматты ээлейт. Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы расмий жолугушууларга тез-тез катышып, чет элдик делегациялар менен жолугуп, өлкөнүн аймактарын кыдырып, Өзбекстандын атынан чет өлкөлөргө сапарларга чыгып жүрөт. Маселен, март айында Мирзиёева президенттин жардамчысы катары Алматыда теги казак өзбекстандык сүрөтчү Урал Тансыкбаевдин көргөзмөсүн ачкан.
Айрымдары 40 жаштагы Саида атасынын мураскери болот деп божомолдоодо.
Кезинде Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара анын мураскери болору айтылчу. Каримова Европада дипломатиялык кызматты аркалап, чоң таасирге ээ болгон. Ал мода көргөзмөлөрүн өткөрүп, Googoosha деген сахналык ысым менен ырдап да чыккан.
Гүлнара атасы тирүү кезинде анын каарына калып, кийин ал каза болгондон кийин камалган. Өзбекстанда Гүлнара Каримовага каршы акча кымырып алуу жана салык төлөөдөн качуу боюнча эки кылмыш иши козголгон. Ал 2015-жылы биринчи иш боюнча беш жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылы экинчи иш боюнча 10 жылга кесилген. 2020-жылы ага жаңы айыптар тагылып, 13 жыл 4 айга эркинен ажыратылган.
Январь айында Каримова колонияга которулганы кабарланган. Ташкент ага каршы козголгон кылмыш иштеринин алкагында анын чет өлкөдөгү "тоңдурулган" жүздөгөн миллион долларлык активдерин кайтарууга аракет көрүүдө.
Казакстанда биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин мураскери катары анын кызы Дарига айтылып жүргөн. Ал жогорку кызматтарды аркалап, вице-премьер-министр, депутат болгон. 2019-жылы, атасы өлкөнү 30 жылдай башкаргандан кийин отставкага кеткен күнү Дарига Назарбаева парламенттин жогорку палатасынын төрайымы болуп дайындалган. Бул өлкөдөгү экинчи мамлекеттик жогорку кызмат.
Президент кызматтан кеткен же каза болгон учурда кызмат Сенаттын спикерине өткөрүлүп берилет. Бул механизм 2019-жылы Назарбаев кызматты Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенде ишке кирген.
Бирок 2020-жылы Токаев Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуп, ал Сенаттын спикерлигинен ажыраган. Бирок ошол эле жылы ал атасынын партиясынын тизмеси менен төмөнкү палатага, Мажилиске өткөн. 2022-жылдын январь окуясынан кийин Назарбаева парламенттен кетип, эл алдына дээрлик чыкпай калган.
Былтыр жайында Назарбаева уулу Нурали Алиев, күйөөсү жана үч баласы менен Канн шаарында Монако канзадасынын урматына уюштурулган кайрымдуулук аукционунда эл алдына чыккан.
Дарига Назарбаева, сиңдиси Динара Кулибаева да Казакстандын Forbes журналынын версиясы боюнча өлкөдөгү эң бай адамдардын катарына кирет. 61 жаштагы Дарига Назарбаеванын байлыгы 590 миллион долларга бааланган. Америкалык Forbes журналынын эсеби боюнча, өлкөдөгү эң ири коммерциялык банкты көзөмөлдөгөн анын сиңдиси Кулибаеванын байлыгы 5,4 миллиард доллардан ашат.
Деген менен Назарбаевдин кыздары Forbes былтыр күзүндө түзгөн Казакстандагы эң таасирдүү аялдардын тизмесине кирбей калган. Ал рейтингде азыркы президент Касым-Жомарт Токаевдин карындашы Карлыга Избастина бар.
"Президенттин карындашы менен үч баланын энеси Избастина коомубузда таасирдүү эмес деп ким айтса, мага таш ыргытсын", - деген Forbes рейтингинин редактору Ардак Букеева "Гиперборей" каналына курган маегинде.
Казакстандын президентинин эжеси дипломат, Казакстандын Болгариядагы мурдагы элчиси Темиртай Избастинге турмушка чыккан. Жубайлардын төрт баласы - бир кыз жана үч уулу бар.
Анын уулдары Мухамед Избастин бизнесмен катары эң таасирдүү казакстандык ишкерлердин тизмесине кирген, Каныш Избастин бир нече улуттук компанияларда жетекчилик кызматтарды аркалаган, Бекет Избастин "КазМунайГазга" караган PSA компаниясынын башкы директору.
Непотизмдин салттары
Кыргызстанда саясий системага нааразы болгон эл үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгып, өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаевдин бийлигин кулаткан. "Жоогазын ыңкылабы" деген аталыш менен тарыхта калган Март окуясында Акаев үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен.
Ошол жылдагы парламенттик шайлоодо мандаттардын 90 пайызын өкмөтчүл талапкерлер алып, Аскар Акаевдин баласы Айдар менен кызы Бермет Жогорку Кеңешке депутат болуп келишкен. Акаевдин улуу кызы чет өлкөдө жашайт, уулу 2020-жылы каза болгон.
Тажикстанды 31 жылдан бери башкарган президент Эмомали Рахмондун үй-бүлөсү чоң. Анын эки уулу жана жети кызы бар. Президенттин үч баласын коомдук ишмер десек болот. Дүйшөмбү шаарынын мэри, парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Рустам Эмомалини Тажикстанда атасынын мураскери деп эсептешет.
“Тынчтыктын негиздөөчүсү жана улут лидеринин” эң атактуу кызы 47 жаштагы Озода Рахмон. Ал Тажикстандын АКШдагы элчилигинде, Дүйшөмбүдөгү Тышкы иштер министрлигинин түзүмүндө иштеп, 2016-жылдан бери атасынын администрациясын жетектеп келген.
Ал эми Рухшона Рахмонованы атасы 2021-жылы Улуу Британияга элчи кылып дайындаган.
Рахмондун башка балдары дагы деле көмүскөдө. "Озоди" редакциясы 2023-жылы Парвина Рахмонова административдик ресурстун колдоосу менен алты жылдын ичинде өлкөнүн фармацевтика рыногунун лидери болуп калган компанияны көзөмөлдөй турганын жазган.
Былтыр Зарина Рахмон коммерциялык Оренбанктын башкармалыгынын мүчөсүнүн орун басары болгон. "Озодинин" маалыматына караганда, президенттин дагы бир кызы Тахмина Рахмонова Тажикстандагы авиабилет сатуу рыногун көзөмөлдөгөн "Аба байланыш агенттиги" компаниясынын негиздөөчүсү болгон.
"Гендердик теңчилик"
Түркмөнстанда президенттин аял туугандарынын өлкөнүн саясий мейкиндигинде пайда болушу жаңылык. Өлкөдө президенттин карындашы Огулжахан Атабаеваны коомдук чөйрөдө жылдыруу өкмөттүн “гендердик теңчиликти” көрсөтүүгө багытталган кампаниясынын бир бөлүгү болушу мүмкүн деген пикирлер бар.
"Бул, албетте, саясий оюн. Чындыгында, бизде светтик, демократиялык жана укуктук мамлекет толугу менен талкаланды”, - деди атын атагысы келбеген борбордогу консерваториянын кызматкери “Азаттыктын” түркмөн кызматына.
Түркмөнстанда президенттин эжеси жана экс-президенттин кызы кеңири маалымат кампаниясына карабастан бул өлкөдө аялдардын абалы аянычтуу. Мамлекеттик кызматкерлерге косметика колдонууга, тар көйнөк кийүүгө жана чачын ачык түскө боёого тыюу салынган.
Аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна карата катаал чектөөлөр Түркмөнстанда 2022-жылы апрелден тартып кире баштаган. Аймактардын биринде полиция кызматкерлери сулуулук салондоруна кирип, мындан ары ботокс жасоого, жүзүндөгү бырыштарды жазууга, кирпик өстүрүүгө, эринин чоңойтууга жана чаптама тырмак колдонууга тыюу салынганын эскертишкен.
Президенттердин кыздары жана жакындары баш айланткан карьера жасап жаткан чөлкөмдөгү башка өлкөлөр да гендердик теңчиликтен алыс. Швецияда жайгашкан Борбор Азия тилектештик тармагы беш өлкөдө тең аялдар эркектер менен бирдей укукка ээ эмес жана жашоосунун көп тармактарында өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигине ээ эмес экенин белгилейт.
Шерине