Мугалим Түркияда эмнеге кармалганы азырынча белгисиз. Түрк бийлиги жана мугалим иштеген "Маариф" фонду комментарий бере элек. Буга чейин "Сапаттын" айрым бүтүрүүчүлөрүнүн арасында Стамбулга киргизилбей, аэропорттон депортациялангандар, транзиттик каттамдардан да кармалгандар болгон.
"Кармоонун себеби такталууда"
ТИМ Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу Түркиянын компетенттүү органдары менен кыргыз жаранына жардам көрсөтүүнүн үстүндө иштеп, кармоонун жагдайларын жана себептерин тактап жатканын билдирди.
“Бул маселе министрликтин жана Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө. Кыргызстандын кармалган жаранынын жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланыш болуп турат”, - деп айтылат маалыматта.
“Маариф” (мурдагы “Сапат”) эл аралык билим берүү мекемесинин Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими Азамат Нурмат уулунун жакындары 23-апрелде ал Түркияга кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, кыргыз бийлигине кайрылган.
"20-апрелде Бишкектеги Zeen education борбору аркылуу Түркиянын Анталия шаарына алты окуучусун математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадага алып бараткан. Аны Стамбул аэропортунан чек ара кызматкерлери кармап калгандан бойдон дайыны жок. Телефону өчүрүлгөн", - деп ыйлады жубайы Ирзван Пахридин кызы.
Мугалимдин апасы Гүлсара Шамурзаева Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине, укук коргоо органдарына кайрылуусунан майнап чыкпай жатканын айткан.
Кусеин Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин мугалимдер жамааты да кесиптеши менен байланыша албай, анын дарегин билбей жатканын билдиришти. Сөз болуп жаткан лицейдин мугалими Айдана Дүйшөнбиева буларды айтты.
“Азамат агай биздин лицейден алты окуучуну жетектеп, олимпиадага алып бараткан. Ал окуучулардын арасынан үчөөнө класс жетекчи. Бизге дайыны белгисиз болгондон бери жамаатта иштей албай, абдан тынчсызданып жатабыз. Окуучулары да улам агайын сурап, капа болушууда. Биз кыргыз бийлигинен өз жаранынын дарегин билип, анын мекенине аман-эсен кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтүүсүн суранабыз”, -деди ал.
Азамат Нурмат уулу 32 жашта. Азыркы “Маариф” мурдагы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде соңку сегиз жылдан бери эмгектенип келаткан. Өзү да “Сапатка” караштуу Кызыл-Кыядагы Исхак Раззаков атындагы лицейин 2010-жылы аяктаган. Түркиянын Газиантеп универститетинин математика факультетинен жогорку билим алган.
Аны бошотуу маселесин айрым депутаттар да көтөрүп чыкты. Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев бийликти мугалимде бошотуп, Кыргызстанга кайтарууга чакырды:
"Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев мектебинин мугалими Азамат Нурматовду тез арада өлкөбүзгө алып келип бергиле. Ал Стамбул шаарында кармалган. Түркия мамлекетине олимпиадага балдарды алып барган. Тышкы иштер министирлиги, элчи Казакбаев Руслан, мен сиздерден талап кылам. Эки өлкө достугуна доо кетирбей, тынч, акырын алып келип бергиле. "Маариф" мектептери коргогула да мугалимиңерди. Убадаңарга тургула!" - деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.
- "Маариф" фонду азырынча комментарий бере элек.
2024-жылы 31-декабрда Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөн.
Балдары “Сапатта” окуган ата-энелердин нааразылыгынан кийин Билим берүү жана илим министрлиги “Сапаттын” тарбиячылары, мугалимдери мурдагыдай эле иштей берерин, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантарын кабарлаган.
“Сапат” билим берүү мекемеси 1-январда маалымат таратып, өз лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө “мыйзам бузуу болгонун” билдирген жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” кабарлаган.
Бирок мөөрүн, мектептерди толук өткөрүп бергени белгилүү болгон.
Ошондон кийин мекеменин өкүлдөрү кандайдыр бир маалымат тараткан эмес.
Түркиянын Билим берүү министрлигине караган жана 2016-жылы түзүлгөн “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) Бишкекте 2021-жылы алгачкы мектебин ачкан болчу.
2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери ошол учурдагы бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, кийин дайыны Түркиядан чыгып, ошол жакта соттолгон.
Соңку сегиз жылдан бери Анкара Бишкекке кайрылып, диний аалым Фетхулла Гүлендин кыймылына тиешеси бар бул окуу жайларды, лицейлерди жабууну талап кылып келди. Бул талап былтыр жыл соңунда толук ишке ашты.
25 жылдан бери АКШда бозгунда жүргөн диниятчыны Анкара 2016-жылдагы бийликти төңкөрүү аракетине айыптаган. Түрк президенти Эрдогандын мурдагы санаалашы Фетхулла Гүлен 2024-жылдын октябрында 83 жашында Пенсильванияда көз жумуп, сөөгү ошол жакка коюлду.
Анын өлүмүнөн кийин деле Режеп Тайып Эрдоган Гүлендин жолдоочулары тууралуу маселени көтөргөнүн токтоткон жок. Былтыр ноябрда Эрдогандын Бишкекке мамлекеттик сапарында Түркия Кыргызстандын 58,8 миллион долларлык карызын кечери маалым болуп, түрк президенти гүленчилер маселесин кайрадан козгогон.
“Биздин коопсуздук мекемелерибиздин ортосундагы кызматташтык, техникалык колдоо долбоорлору ийгиликтүү уланып жатат. ФЕТО (түрк бийлиги диний аалым, маркум Фетхулла Гүлендин кыймылын ушинтип атайт - ред.) баштаган террордун ар кайсы түрлөрүнө каршы күрөштүн уланышына ишенем. Бүгүн кол коё турган коопсуздук келишими аркылуу кызматташтыгын дагы да бекемдейбиз деп ишенем", - деп билдирген Эрдоган.
Бирок буга чейин "Сапаттын" айрым бүтүрүүчүлөрүнүн арасында Стамбулга киргизилбей, аэропорттон депортациялангандар, транзиттик каттамдардан да кармалгандар болгон.
Саясат талдоочу Руслан Акматбек бийлик, ТИМ кыргыз жарандарынын мындай көрүнүштөргө кабылып жатышына көңүл бурушу керек деп эсептейт:
“Азамат Нурмат уулунун кармалышы биринчи окуя эмес. Буга чейин Түркия биздин жарандарды киргизбей, жада калса Түркия аркылуу башка мамлекетке учуп бараткандарга чектөө киргизгенин угуп эле жатабыз. Биздин бийликтин, өзгөчө Тышкы иштер министрлигинин негизги милдети жарандын укугун коргоо да. Алар ушундай окуяларды белги катары алып, алдын ала чараларын көрүш керек эле. Түркия менен сүйлөшүш керек эле. Орхан Инанды соттолду, “Сапат” “Маарифке” өттү. Эми бул акылга сыйбаган иш болуп жатпайбы. Азамат Нурмат уулу “Маарифтин” мугалими катары барып кармалып жатпайбы. Бул маселенин бир жагы. Экинчиден, мугалим бизге жетпей жатканда алардын укугунун кордолушу аябай өкүнүчтүү нерсе да. Мугалимдин укугун ким коргойт? Бизде бийликке сын айткандарга эле ыкчам иш-аракеттерди кылышабы? Инандыны кармап кетүү иштин башталышы болчу да. Биз анын кунун кууган жокпуз. Бирок ал биздин жараныбыз болчу. Биз кыргыз бийлигин Туркия менен урушуп кет деген жокпуз. Бирок өзүңдүн жараныңдын укугун коргошуң керек. Азамат Нурмат уулу - саясий ишкер, оппозиция эмес, ал жөнөкөй мугалим. Балдарын олимпиадага алып бара жаткан мугалим да. Агайынын дайынын билбей калган балдардын абалын элестетип болбойт”.
(Макала толукталууда)
Шерине