16-ноябрда Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусу өттү. Саммиттин жыйынтыгында беш документке кол коюлду:
- Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү;
- Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө-мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги боюнча кайрылуусу;
- Азербайжандын Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна толук кандуу катышуусу жөнүндө чечим;
- Борбор Азиядагы аймактык коопсуздуктун, туруктуулуктун жана туруктуу өнүгүүнүн концепциясы;
- 2026-2028-жылдарга карата Борбор Азиянын коопсуздугуна байланыштуу тобокелдиктердин каталогу жана аларды алдын алуу чаралары.
Анын алдында өткөн жыйында Садыр Жапаров аймактын алдында жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жаткан доордо бул өлкөлөрдүн бири-бирине ишеним жана биримдик духун сактоо мурдагыдан да маанилүү экенин белгиледи.
Президент келтирген маалыматка ылайык, Кыргызстанга былтыр Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген инвестиция 15% өсүп, 135 млн. долларды түзгөн. Кыргызстандын аймактагы өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү 28% көбөйгөн.
Жапаров аймактагы интеграцияны өркүндөтүү үчүн бир катар шарттарга токтолду.
“Биринчиси – өз ара соодадагы тоскоолдуктарды активдүү жоюу, стандарттарды жана техникалык регламенттерди шайкеш келтирүү. Экинчиси – чийки зат моделинен алыстап, кайра иштетүүчү өнөр жайды жана жаңы индустриалдык кластерлерди түзүү менен конкреттүү биргелешкен өндүрүштүк чынжырларды өнүктүрүү. Үчүнчүсү – санариптештирүүнү, электрондук коммерциядан баштап маалымат алмашуу жана киберкоопсуздукту чыңдоо үчүн трансчек аралык платформаларды түзүүгө чейин өсүштүн катализатору катары колдонуу”, - деди Жапаров.
Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.
Шерине