Чүйдүн Константиновка айылынын жанындагы мушташ боюнча Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козголуп, бир нече адам милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-ноябрда “Чайна-Роуд” жана “Чжунзцы” компанияларынын айдоочулары Константиновка айылынын четиндеги карьерден кум-шагыл ташуу маалында жол талашып, жаңжал чыкканы аныкталган.
Жаракат алгандардын бири - 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну ооруканага кайрылган. Бейтапка "баш сөөгүнүн жана мээсинин травмасы, мээнин чайкалышы" деген баштапкы диагноз коюлган.
Чүй милициясы жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жаңжалдын бардык катышуучуларын аныктап, облустук милицияга жеткиргени кабарланды.
Милиция тараткан билдирүүгө кармалды делген 30дан ашык адамдын сүрөтү тиркелген.
Күч органдары бул окуя боюнча жарандарды текшерилген жана ишенимдүү маалыматтарды гана таратууга чакырды.
Буга чейин социалдык тармактарда Константиновка айылына жакын жерде Кытай жарандары аралашкан жаңжал чыкканы тууралуу маалыматтар тараган эле.
Шерине