Уйкусуздук, сарсанаага батуу, кыжырлануу, ашкере шекчилдик, күндү социалдык медиага алаксып өткөрүү. Сиз өзүңүздөн ушул белгилерди байкайсызбы? "Сергек жашоо" подкастында бүгүн биз ушул суроолорго жооп издейбиз.
Маанайым суз, эч нерсеге көңүлүм чаппай жатат, кээде жанымды кыйгым келет деген адамдар менен сүйлөштүк. Адистердин кеп-кеңешин уктук.
"Кээде жанымды кыйгым келчү"
Бишкектин тургуну Эркинбек (аты өзгөртүлдү-ред.) акыркы айларда уйкусуздуктан жабыркай баштаган. Кирпик какпай кыйналган түндөрү ар кандай терс ойлор келип, акыры дарыгерге кайрылууга аргасыз болгон.
"Жашоодо ар кандай окуялар болот да. Айрым адамдар жакшылыгыңды көрөт, кийин сага бут тосуп чыныгы жүзүн көрсөтөт. Андайда көңүл калып маанай чөгөт. Жаш кезде мындайлар билинчү эмес. Жеңил карап өткөрүп жибересиң дегендей. Соңку айларда бир кызыктай абалга дуушар болдум. Түн бир оокумда ойгонуп кетип, таң аткыча көзүм илинбей жаткан күндөр болду. Анан айла кеткенде телефонду карайсың да. Кээде жан кыюу жөнүндө ой келип кетет. Анан дарыгерге барсам "депрессиялык абал" деп айтты. Ошондон бери спорт менен машыгып жатам. Эрте туруп жөө басам. Жер кыдыра баштадым. Жардам берди десем болот. Мурдагыга караганда абалым жакшы".
Ош облусунун тургуну Гүлназ (аты өзгөртүлдү - ред.) көп жыл миграцияда жүрүп, Кыргызстанга кечээ жакында эле кайткан. Башында район борборундагы мектептердин бирине ишке орношуп, кийин турмуш-шарттан улам айылга көчүүгө туура келген. Бирок иштеген жеринен документин ала албай, депрессияга чалдыкканын айтып берди.
"Кыргызстанга жаңы келгенде район борборундагы мектепке киргем. Айылга көчкөндө документимди алганы барсам, директор "Эмгек кодекси боюнча бир ай күтөсүз" деген. Эч кандай уруш-талашы жок эле коштошком. Бирок кийин мессенжерден мага "Жаңы келгенде түрүңүз кандай эле?" деп жазып жибериптир. Ошол сөз катуу тийди. Анткени мен миграцияда көп жыл жүрдүм да. Күйөөм ошол кезде ооруду. Чет жерде анын ден соолугу менен алпуруштук. Элге окшоп балдарга жакшы билим бере албай калдык. Ошол кыйынчылыктын баарын ичиме катып жашаган экем. Кийин неврит оорусуна чалдыгып, бир жаагым кыйшайып калды. Катуу стресстин изин көрүүгө болот менин жүзүмөн. Жетекчинин сөзү менде уктап жаткан депрессияны ойготуп кеткендей болду".
"Адам алсыз экенин сезгенде чөгөт"
Батышка салыштырмалуу Кыргызстанда психологго баруу маданияты толук калыптана элек.
Психолог Малаке Кадыралынын айтымында, өлкөдө көп адамдар бул илим менен тааныш болбогондуктан, депрессияга чалдыкканын сезбейт.
"Кыргызстанда жакшы менталдык чөйрө болбогону үчүн көп киши көйгөйгө чалдыкканын билбей эле жүрө берет. Айталы, депрессия менталдык бузулуулардын бири. Ар кандай симптомдору болот. Бул көбүнчө алсыздыкка, коргоосуз калгандай сезимдерге байланыштуу. Адам өзүнө, өз жашоосуна тиешеси жоктой, өзүн объект эмес, субъект катары сезе баштайт. Өз жашоосуна, тагдырына тиешеси жоктой жашап калат. Мындай учурда ага көзөмөлдү колго алуу, тагыраагы уктоо жана ойгонуу убактысын тууралоо сунушталат. Депрессия менен жашаган киши өзүн күнөөлөп, "колуман эч нерсе келбейт, эч кимге пайдам жок" деп чөгүшү мүмкүн. Терапияда ошол уялуу, өзүн күнөөлөө сезимдери менен иштешет. Көбүрөөк кыймылда болуу, спорт депрессиядан чыгууга жардам берет. Анан жакындарынын колдоосу маанилүү".
Психолог муну менен катар коомдогу кыйынчылыктар дагы адамдын менталдык саламаттыгына таасир этерин белгиледи.
"Саясий акыбал дагы психикага таасир этет. Жашообузга, тагдырыбызга, мамлекетибизге эч кандай таасирибиз жок экенине ишенип баштасак, бул дагы депрессиянын симптомдорун күчөткөн фактор болушу мүмкүн. Айрыкча тоталитардык, авторитардык режим күчөп жатканда адамда ушундай сезимдерге алдырышы мүмкүн".
Депрессиянын белгилери
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматында, дүйнөдө калктын орто эсеп менен 4% депрессияга чалдыгат. Чоңдордун 5,7% бул ооруну баштан кечирсе, аялдарда эркектерге караганда 1,5 эсе көп кездешет. Депрессия кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдардын 10% ашыгында бар. Дүйнө жүзү боюнча 332 миллионго жакын адам депрессия менен жашайт. 2021-жылы 727 миң адам өз жанын кыйган. Суицид 15–29 жаштагы өспүрүмдөр жана жаштар үчүн өлүмдүн үчүнчү негизги себеби болуп саналат.
Депрессия болгондо адамдын маанайы узак убакытка чейин төмөндөп, кайгы, кыжырдануу же боштук сезими пайда болот. Күнүмдүк иштерден рахат алуу же кызыгуу жоголот.
Кошумча белгилер:
- көңүлдү бир жерге топтоп, кунт коюу жөндөмүн жоготуу;
- өзүн күнөөлөө же төмөн баалоо;
- келечектен үмүт үзүү;
- өлүм же өз жанын кыюу тууралуу ойлор;
- уйкунун бузулушу;
- табиттин жоголушу же салмактын өзгөрүшү;
- катуу чарчоо, күч-кубаттан таюу.
Депрессия адам тандабайт. Дүйнө тарыхында Эрнест Хемингуэй, Жек Лондон, Фридрих Ницше, Уинстон Черчилль өңдүү атактуу адамдар да бул азаптан жапа чеккени тууралуу маалыматтар кездешет.
Кыргызстандыктар көп учурда жан дүйнөсү кыйналганда жүк басты деп молдого дем салдырып же бүбү-бакшыга жол ачтыруу үчүн барары айтылат. Айрымдар өзүн арак же маңзат менен сооротушу да мүмкүн. Эксперттер бул көйгөйдү сабаттуулуктун төмөндүгүнө жана адистердин тартыштыгына байланыштырат.
"Жашоонун маңызын табыңыз"
Кыргыз-Орус Славян университетинин психология кафедрасынын жетекчисинин орун басары Автандил Адыкулов адам баласы тирүүлүктө кыйынчылыктан арыла албасын, аны татыктуу көтөрүү үчүн максатка умтулуп, өз жашоосунун маңызын табышы керектигин белгилейт.
Ал муну менен катар менталдык көйгөйлөр байкалганда эле адиске кайрылуу керектигин сунуштады.
"Ар бир адамда аң-сезим анан бейаң (безсознательный) абал болот. (Психологияда коркунучтар, басырылган каалоолор, айрым бир жагымсыз эскерүүлөр ошол жакка катылары айтылат-ред.). Адистер адамдын ошол бейаң абалына үңүлүп, түздөп берет. Алар соо эле адамдар оору эмес. Болгону терс ойлордун таасиринде калган. Эгер адам ошого берилип кетсе өчүп, жеңилет. Андайда ар бир адам менен жекече, узак убакытка иштөөгө туура келет. Ал эми депрессия - бул психологиялык дарт. Анын оор, жеңил түрлөрү бар. Жеңил формасы болсо психологдорго кайрылса болот. Оор түрүнө дарыгердин жардамы керек болот. Азыр эми эл психологиялык жактан сабаттуулукту үйрөнө баштады десем болот, ичиндеги көйгөйүн түшүнүп адистен жардам алгандар бар. Ошого жараша психология адистигин тандагандар да көбөйдү. Мурда биз 60 абитуриентти кабыл алсак, ал сан акыркы жылдары 70тен ашты".
"Каттоодо тургандар көп, дарыгер аз"
Психология адистиги престиждүү саналып, аны тандагандар көбөйгөнү менен медициналык билими бар психиатр кесибин тандагандар аз экени айтылып келет.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жакында эле БУУнун жаңылыктар кызматына курган маегинде биринчи жолу психиатриялык саламаттыкка байланыштуу стратегия иштелип чыгарын билдирген. Кыргызстанда постсоветтик аймактагы башка өлкөлөрдөй эле бул маселеге карата стигма барын, мындан улам психиатриялык ооруканага кайрылуудан көптөр тартына турганын белгилеген. Үй-бүлөлүк дарыгерге психиатр, психолог жана патронаждык медайымды кошкон мультдисциплинардык топту түзүү аракети жүрүп жатканын айткан. Министр калктын 11 пайызында психикалык бузулуулар барын белгилеген.
Республикалык психиатриялык борбордун дарыгери Кубанычбек Эрмегалиев чыныгы сан мындан да көбүрөөк болушу мүмкүн деген пикирде. Ал стигманын айынан көп адамдар көйгөйүн ачык айтуудан тартынарын белгиледи.
- Менин оюмча 11% деген диспансердик каттоого тургандар гана. Чыныгы сан мындан да көп болушу мүмкүн. Анткени бизде стигма күч. Эл эмне дейт, журт эмне дейт деген түшүнүк бар. Дарыгерге кайрылгандан уялып "эгер буларга барсак кызыл жинди атка конобуз" дешет. Психиатрга консультацияга келгенге чейин терапевтке, хирургга, невропатологго барышат, эң акырында гана психиатрияга кайрылышат. Психикалык бузулуулардын түрлөрү көп да. Оор түрлөрү гана болбосо көбү каттоого алынбайт. Учурдан пайдаланып айта кетейин, биздин республикалык борбордо психосоматика бөлүмү бар. Ошол жерге депрессия, тынчсыздануу, невроз, неврастения өңдүү психикалык бузулуулардын жеңил түрлөрүн дарылайбыз, айыгып кетишет.
Депрессия эми адамдын маанайынын чөгүшү да. Анын биринчи белгилери ар кандай. Көп учурда адам түнт тартып, ой басып, эч ким менен сүйлөшпөй калат. Уурттары ылдый түшүп, тамакка табити тартпайт. Уйкусу бузулуп, өзүнөн өзү ыйлай баштайт. Ошол учурда жакындарынын колдоосу маанилүү. Эки жума ичинде бул белгилер өтүп кетүүгө тийиш. Өтүп кетпесе догдурга кайрылуу керек.
- Сиз депрессия болгон адамдардын табити жоголот деп жатасыз да, бирок психологдор семиздикти депрессияга байланыштырат го. Адам стресс болгондо обуру ачылып, эмне жеп, ичкенин көзөмөлдөй албай калат дешет?
- Ар кандай болушу мүмкүн. Эң негизгиси ошол депрессияны эмне чакырып жатат, ошол себепти билүү керек. Адамдын ичинде бир кайрат, курчтук болот. Анын сынышына эмне себеп болду? Стресстик факторду эмне пайда кылууда? Үй-бүлөлүк зомбулук азыр күчөп жатат, балким ошол себептир же ишинен, же көчөдөн басым болуп жатабы? Ириде ошолорду аныктап алыш керек.
Азыр балдар, өспүрүмдөр арасында да депрессияга чалдыккандар көп кездешүүдө. Мен балдарды көчөткө салыштырам. Алардын нерви, психикасы толук жетиле элек болот. Эгер көчөттү отургузуп, суу куюп жакшылап караса, жакшынакай болуп өсөт да. Андай болбосо куурап калат. Эгер балдарга үйдө же тышта зомбулук болсо, стресске чалдыгып, аны көтөрө албай калат. Көп балдардын ата-энеси тышта, миграцияда жүрөт. Кээ бир балдар үйдө ата-энеси бөпөлөп, эркелеп эле чоңойот. Анан 18 жашында аскерге кетет. Ал жактын шарттарын билесиздер да, кичине катуурак кармайт, эртең менен беш-алтыда турат, чуркайт, ар кандай сыноолордон өтөт. Андай стрессти баары эле көтөрө албайт. Нерви жука, психикасы чабалыраак болсо, депрессия болот. Айрымдары өзүнө кол салышы мүмкүн. Өспүрүмдөрдүн суицидге барган учурлары акыркы кезде көбөйүп жатат.
- Кээде жашынакай эле жүргөн, күлүп жүргөн, эртең менен күлүп узаткан, урушкан эмес, бирок түштөн кийин барып асынып алыптыр деп угуп калабыз.
- Чоң кишилер дагы кыйынчылыкты ар кандай кабыл алат. Бири көтөрөт, бирөө көтөрө албайт. Стресстик фактор деп жатпайбызбы, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылышы мүмкүн, же ишинен басым болушу мүмкүн. Адам мындай жагдайларда өзүн ар кандай алып жүрөт. Кээ бирөөлөр уктабай калат. Айрымдары элге көргөзбөй ыйлайт, ичтеги бугун эч кимге айтпайт. Туюк депрессия деп коебуз, ичте бугуп жүрө берип бир күнү адамды өз жанын кыюуга жеткириши мүмкүн.
- Адамда маанайга таасир эткен гормондор болот тура. Алардын деңгээли түшүп же көтөрүлүп кетсе, маанайга таасир этеби?
- Мүмкүн. Бирок аны терапевт же болбосо эндокринолог көрүп, анан диагноз коюшу керек. Депрессия же башка психикалык бузулуу гормондордон улам болот деп айтыш кыйын. Аны далилдөө да кыйын. Көбүнчө турмуш жагдайлардан улам болот. Мен айтат элем, ушу психикалык бузулуулардын көбү эгерде учурунда аныкталса, жыйынтыгы да жакшы болот. Азыр антидепрессанттар жетиштүү. Союз учурунда бизге качан келет деп эңсечү элек. Азыр анын ар кандай түрлөрү бар. Аларды өз ичип, режимди сактаса, анда депрессиядан чыгып кетиши мүмкүн. Көптөр жумуш деп жүрүп өз маалында уктаганды, эс алганды унутуп коюшат. Чындыгында жакшы эс алып, жакшы тамактанып, спорт менен машыгуу керек.
- Адам жакынын жоготуп, же иштен бошоп, же ажырашып айтор бир оор жагдайга кабылат да. Айрым учурда ал ичинен сызып, кайгысын билдирбегенге аракет кылат. Бирок ошол сыртка чыкпаган стресс кайсы бир ооруларды пайда кылышы мүмкүнбү?
- Мүмкүн, бирок ошол абал ооруга себеп болду деп айтуу кыйын. Баары адамдын мээсине байланыштуу. Мээ буйрук берип, баарын башкарып турат. Адам стресс абалында жашаганда психика бузула баштайт. Тынчсызданат, ачууланат, депрессия болот. Кээде паникалык абалга түшүп, өзүн аңдый баштайт. Ошол кайгы менин өпкө-жүрөгүмдү кысып атат, баса албай калдым деп коркуп улам бир догдурга чуркайт. Текшерилсе анализи таза чыгат, дени сак. Ошентип жатып биринчиден убактысын текке кетирет. Психиатрларга эрте кайрылбай, дарыланууга кедерги болот. Маанайы чөккөн адамга жакындары колдоо көрсөтүп жардам бериш керек, ага да болбосо бизге кайрылганы оң.
- Интернеттин келиши, технологиянын өнүгүшү менен адамдардын иш убактысы узарып, уйкусу кыскарганы айтылууда. Бул дагы стрессти күчөтүп, депрессияга себеп болобу?
- Сөзсүз себеп болот. Мен көп азыркы смартфондордун жакшы жактары да бар. Маалымат аласың. Бирок менин оюмча, жаман таасири да көбүрөөк. Жаш, өсүп келе жаткан мектеп жашындагы балдарга терс таасирин тийгизет. Бала эмнелерди көрүп жатат? Ал жагы белгисиз. Көп учурда өспүрүм балдар ар кандай оюндарды ойноп жатышат. Ага баш-оту менен кирип кетип, айлана-тегеректе, үй-бүлөдө эмне болуп жатканынан артта калат.
- Жогоруда невроз деп калдыңыз. Бул адамдын өзүнөн өзү кыжырланып, туталанып, ачуусу чукул болуп кеткен абалбы?
- Ошол нерви жукарып, эч нерсе жактырбай калат. Жакындарын кагып-силкип, орой мамиле кыла баштайт. Ишке көңүлү чаппай, тамакка табити жоголот. Андай учурда адистерге кайрылуу керек. Азыр жакшы дарылар бар. Неврозду дарыласа болот, көбү жакшы болуп кетет. Ушул жерден айта кетейин, айрым акыл-эс оорулары, психикадагы бузулуулар тукум кууйт. Кээде жашоо-шарты, чөйрөсү жакшы, турмуштан кыйналбаган адамдардын оорусу өмүр бою козголбойт. Катуу стресстин айынан айталы жакыны каза болсо же зомбулукка кабылса ж.б. бугуп жаткан психикалык оорусу капустадай болуп ачылып кетиши мүмкүн. Ошон үчүн адам өзүн сакташ керек да, уктоо, ойгонуу, иштөө, тамактануу, эс алуу режимдерин туура түзүп алып, ошого жараша иш кылыш керек.
- Кээ бир адамдар болот го. Үйдү кырып-жышып, баары ордунда турушу керек, баары идеалдуу болушу керек деп эсептейт. Бул дагы психикалык бузулууга киреби?
- Инсандын эпилептик кулк-мүнөзү деп коет. Бул эми оору эмес. Мүнөздүн, эмоциянын, жүрүм-турумдун өзгөчөлүгү десек болот. Адамдын өтө таза же илээнди болушу ушуларга байланыштуу. Бала чактан калыптанган адат да мүнөзгө таасир этет.
- Сиздер жазган дарыларды ичип, бирок токтотуп койсо эмне болот?
- Кээ бир адамдар менде баары жакшы деп же тескери ойлоп ичпей койгон учурлар болот. Андайда оору өнөкөткө айланып кетет. Узакка созулуп кеткенде дарылоо да кыйындайт. Дарыгер бейтаптын тилин таап, туура мамиле кылып дарыланууга көндүрүш керек. Адам дарыны ичпей, оорусу өтүшүп кетсе үй-бүлөсүнө да батпай калат. Биздин тажрыйбада андай учурлар болгон. Жакындарына тынчтык бербей, агрессия көрсөтө берсе, эптеп алып келип, оорукананын астына таштап качып кеткендер бар. Аны дарылап, айыктырасың, бирок ошол учурда эч ким издеп келбейт. Жакшы болуп калганда туугандарын милиция же айыл өкмөт аркылуу таап, чыгарган учурлар болууда.
- Бирөөлөр уйкусу качып, тынчы кетип дарыгерге кайрылса "шизофрения" деп диагноз койгонун айтып калышат...
- Шизофрения - бул психиатриянын эң орчундуу ооруларынын бири. Анын да түрлөрү бар. Жеңил түрү болсо, учурунда дарыланса, дары ичип турса оору ремиссия болуп, өтүшүп кетпейт. Беш, он, кээде 20 жылга чейин оорусу козголбой жүргөндөр бар. Алар биздей эле адамдар. Биздей эле болуп бардык жерде иштесе болот, бирок аларга машине айдаганга, курал сатып алганга болбойт. Өрт өчүрүү кызматына, милицияга, прокуратурага, аскердик кызматка иштөөгө уруксат берилбейт.
- Азыр жин тийди, кулагына үндөр угулду, көрүмчү көрүндү деп молдого дем салдырганы барып жатышат го...
- Аны так айтуу кыйын. Галлюцинация ошол шизофренияга байланыштуу болот. Көзүнө бирдеме көрүнүп кетет. Илимде анын себеби азырынча толук билине элек. Эгер билинсе бул ооруну айыктырууга мүмкүнчүлүк дагы болмок.
- Дүйнөдө психиатрияда дарылоо ыкмалары 20-кылымдын башында эле өзгөргөн экен. Азыр бизде абал кандай? Ток менен урдуруу ыкмасы дагы деле колдонулабы?
- Психиатриянын алгачкы тарыхында дарылоо ыкмалары абдан катаал болгон. Бейтапты сууга, музга салып, дөңгөлөккө да таңып көрүшкөн. Фармацевтика тармагы өнүккөндөн кийин дарылоо ыкмалары өзгөрдү. Азыр дары-дармектин түрлөрү бар. Психикалык оорулар жаз-күз кармайт эмеспи. Ошол оору козголчу аралыкты дарынын күчү менен узартса болот. Ал эми ток менен урдуруу ыкмасы союз учурунда бар эле, электрошок терапиясы деп койчу. Азыр андай ыкма колдонулбайт. Анткени терс таасирлери аныкталган.
- Батышта психиатрия тууралуу эмгектер жазылып, көп кинолор тартылган экен. Маньяктардын, агрессорлордун ой жүгүртүүсү, жүрүм-туруму кандай болорун ошол жерден көрүп калабыз. Ал эми кыргыз психиатриясынын учурдагы абалы кандай? Адистер жетиштүүбү?
- Ачыгын айтуу керек, бизде психиатрия унутта калган илим. Медицинага келген жаштар азыр педиатрия, хирургия, стоматологияны тандашат экен. Психиатрия кичине көмүскөдө калып, көп көңүл бурулбай калды. Биздин ооруканабыздын көп бөлүмдөрүнө ремонт жасаш керек. Аймактарда психиатрлар жетишпейт, дарыгерлердин саны азайып баратат. Айлыктын аздыгынан, иштин кооптуулугунан улам жаштар бул кесипти тандагысы келбейт. Окууну бүткөндөн кийин бизде практикадан өтүп, үйрөнүп алгандан кийин Казакстанга же Орусияга кеткендер көп болууда.
Подкастты толук аудиодон уксаңыз болот
Шерине