Америкалык аскер кызматкерлери Газа секторун “жашыл” жана “кызыл” аймакка бөлүү боюнча планды иштеп чыгышты. Бул тууралуу The Guardian басылмасы америкалык булактарына таянып жазышты.
Басылманын маектештеринин айтымында, “жашыл зона” Израилдин жана эл аралык күчтөрдүн көзөмөлүндө болуп, калыбына келтирүү аймагына айланат. Ал эми “кызыл зона”, тагыраагы, бардык палестиналыктар дээрлик көчүрүлүп келген аймак талкаланган абалда кала берет.
“Жашыл зонаны” калыбына келтирүү планы Газанын келечектеги биригүүсүнө байланышкан бүдөмүк концепциянын бир бөлүгү катары каралууда. Анын маңызы - убакыттын өтүшү менен палестиналыктарды Израил көзөмөлдөгөн аймактарга өз ыктыяры менен кайтууга түрткү берүү.
“Аларды күч менен көчүрүү үчүн аскердик операция жүргүзүү жөнүндө сөз жок”, - деп белгиледи АКШ администрациясындагы булак.
The Guardian басылмасынын маалыматына караганда, Израил коопсуздугун камсыздаган соң өз аскерлерин чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат, бирок так мөөнөтү азырынча белгисиз.
АКШнын Борбордук командачылыгы Газадагы эл аралык турукташтыруу күчтөрүнө европалык аскерлерди тартуу боюнча план даярдаганын The Guardian жазды.
Ага ылайык, 1500гө чейин британиялык жөө аскер, 1000ге чейин франциялык мина тазалоо адиси, ошондой эле Германиядан, Нидерланддан жана Түндүк Европанын башка өлкөлөрүнөн келген аскерлер логистика, чалгындоо жана талаа госпиталдарынын ишин камсыздоо менен алектенет.
Аты аталбаган америкалык чиновник АКШ Европа өлкөлөрүнүн күчтөрүн бул контингенттин “өзөгү” катары көрбөйт деп белгилеген.
Вашингтон бул турукташтыруучу күчтөрдүн Бириккен Улуттар Уюмунун мандатынын негизинде иштей турганын, бирок кадимки тынчтыкты камсыздоо миссиясы эмес, Гаитидеги эл аралык күчтөрдүн модели боюнча – уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүчү форматта болушун жактайт.
Мындай контингентти жайгаштыруу Газа маселесин жөнгө салуу боюнча Трамптын планындагы талаптардын бири болуп эсептелет.
Ошол эле учурда, сауд арабиялык Al-Hadath телеканалынын булактарынын маалыматына караганда, АКШ президенти Дональд Трамптын Газа боюнча планын ишке ашыруунун экинчи этабы болгон секторду куралсыздандыруу процесси убактылуу токтотулган.
Буга сектордо эл аралык күчтөрдүн болушу жана АКШ менен Европа Биримдиги террордук уюм деп тааныган ХАМАСты куралсыздандыруу маселесине байланышкан пикир келишпестиктер себеп болгону айтылат.
Телеканалдын маектештеринин айтымында, азыркыга чейин Рафах районуна жакын туннелдерде камалып калган айрым согушкерлердин келечеги боюнча пикир келишпестиктер бар. Ошондуктан Израил армиясы “ок атышууну токтотуу келишимин бузууга даярданып жатат” деген маалымат айтылууда.
Телеканалдын башка булактары билдиргендей, Израилдин коргонуу күчтөрү АКШ президенти Дональд Трамптын кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер менен биргеликте согуш аракеттери кайра жанданып кетсе, кандай чаралар көрүлөрүн камтыган планды даярдап жатат.
Маалыматка караганда, бул документ жакынкы убакта Израилдин өкмөтүнө сунушталат.
10-октябрда Израил менен ХАМАС арачылардын жардамы менен ок атышпоо тууралуу макулдашкан. Бирок ошондон бери бири-бирин анын шарттарын бузганы үчүн күнөөлөп, тилкеге бир нече жолу сокку урулганы кабарланган.
Шерине