Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:53

ТИМ кытайлык жарандар визанын талаптарын сактоого милдеттүү экенин билдирди


Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан. Январь, 2025
Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан. Январь, 2025

Тышкы иштер министрлиги Кытай жарандарына берилчү визанын талаптары тууралуу 16-ноябрда маалымат берди. Анда алардын Кыргызстандын аймагына кирүүсү жана бул жакта жүргөнү, чыгышы визанын негизинде жөнгө салынарын белгилеген.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанда жүрүүдө виза же башка документ менен белгиленген мөөнөтүн так сактоого милдеттүү.

Белгиленген тартипке жараша чет элдик жаран виза алышы үчүн Кыргызстанда катталган юридикалык жактын кайрылуусу болушу шарт.

“Кыргыз Республикасы визалык саясатты либералдаштырууда этап-этабы менен жана тең салмактуу ыкманы карманып, улуттук кызыкчылыктарды жана Кыргыз Республикасынын жарандарына башка мамлекеттерде визалык режимди колдонууда паритеттүүлүк принцибин эске алат”, - деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

15-ноябрда Чүйдүн Константиновка айылынын жанындагы карьерде жаңжал чыкканы кабарланган. Чыр жүк ташуучу унаа айдаган кытайлык жаран менен кыргыз жаранынын жол талашынан улам чыккан. Буга чейин милиция чырга байланыштуу 44 адам милицияга жеткирилип, анын он алтысы убактылуу кармоочу жайга камалганын кабарлаган.

Бул окуядан кийин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Кабар” улуттук агенттигине комментарий берип, Кыргызстанда соңку учурда иштеп жаткан кытайлыктар мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк экенин, алар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан сыяктуу ири долбоорлордо иштеп жатышканын маалымдаган.

Министр жарандарды жөн жерден антикытайлык маанайды күчөтүүгө жол берген провокациялык билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырып, соңку болгон окуяга укуктук баа берилерин билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG