Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:23

Украина Орусиянын 130дан ашуун дронун атып түшүргөнүн билдирди


Украинанын Сумы облусу Орусиянын дрон чабуулунан кийин. 16-ноябрь, 2025-жыл
Украинанын Сумы облусу Орусиянын дрон чабуулунан кийин. 16-ноябрь, 2025-жыл

Украинанын Куралдуу күчтөрү 16-ноябрга караган түнү Орусия "Искендер-М" ракетасы жана 176 дрон менен чабуул койгонун, учкучсуз аппараттардын 139у атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Сумы облусундагы кыштакта орус армиясынын соккусунда турак жайлар өрттөнүп, бир киши жараат алганы кабарланды.Орусиянын Волгоград облусунда 16-ноябрга караган түнү эки райондо төрт турак жайга украин дрондорунун соккусунан зыян келтирилгенин, үч киши жараат алганын аймактын администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын бири - 71 жаштагы пенсионер ийнинен жана айнек сыныктарынан жараат алып ооруканага жаткырылды. Калган экөө бейтапканага жатуудан баш тарткан.

Украина Орусиянын тынымсыз чабуулдарына жооп катара соккуларын улантып, негизинен орус мунай заводдорун, кампаларын бутага алып келет.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, түнү Волгоград облусунун аймагында 17 дрон атып түшүрүлдү. Самара, Саратов, Ростов, Курск, Воронеж жана Брянск облустарында жалпы 57 учкучсуз аппарат жок кылынган.

Бир күн мурда украин дрондору Орусиянын Рязандагы мунайды кайра иштетүүчү заводуна сокку уруп, өрт чыккан. 14-ноябрдын түнү украиналык дрондордон Орусиянын Новороссийск шаарына соккусунда төрт даана С-400 абадан коргонуу комплекси жана эки радар жок кылынганы кабарланган.

Орусия Украинанын аймагына толук кандуу бастырып кирген 2022-жылдын февралынан бери миңдеген украин жарандарынын өмүрү кыйылып, миңдеген турак жайлар талкаланды, жүздөгөн украиналыктар жер которууга аргасыз болушту.

Шерине

XS
SM
MD
LG