Кыргызстанда кант диабетине каршы күрөшүү, илдетти алдын алууга чакырган апталык 14-ноябрда “Диабет күнү -2025” аттуу иш-чара менен жыйынтыкталды.
Бишкектеги "Азия Молл" соода борборунда эндокринолог, кардиолог, геронтолог ж.б. адистер келген элди акысыз кабыл алышты. Кандагы канттын өлчөмүн текшерип, диабет жана гипертония тобокелдигин баалашты. Туура тамактануу, дене кыймылы, алдын алуу сунуштарын беришти.
Бишкектин тургуну, 58 жаштагы Авазбек кант диабети менен он жылдан бери алышып келет. Догдурга жылына бир көрүнүп, калган убакытта диета кармайт.
“Интернеттен эле билип калып, текшерилүү үчүн келдим. 2016-жылы шамалдап калып, догдурга көрүнгөндө кант диабети деген диагноз коюшкан. 2-типтеги диабет дешкен. Ошондон бери каттоодо турам. Бир туугандарымда бул дарт жок. Кайдан, эмне болуп пайда болгонун билбейм. Он жылдан бери диета кармап, жылына бир көрүнүп турам. Кант диабетине чалдыккандан бери жашоом өзгөрдү. Мурда 90 килограмм болсом, азыр 70 килограммын. Диета кармайм. Мурдагыдай жатарда тамак ичпейм, мөмө-чөмө, жашылча жейм көбүнчө. Инсутон деген дарыны күндө эртең менен ичем. Ал мурда 300 сом турчу, азыр 460 сомго алабыз”.
“Диабет күнү -2025” аттуу иш-чараны Эндокринологдордун жана диабетологдордун коомдук бирикмеси, Геронтологдор жана гериатрлар коомдук бирикмеси, Иса Ахунбаев атындагы Мамлекеттик медициналык академиясынын Ички оорулар пропедевтикасы менен эндокринология жана профпатология курстары кафедрасы, Ички медицина боюнча дарыгерлер ассоциациясы биргеликте уюштурган.
Текшерүүгө келгендер арасынан кант диабетине чалдыкканын биринчи жолу билгендер да болду. Алардын бири 56 жаштагы Айжамал.
"Орусияда кары кишилерди багуучу болуп иштедим. Эки жыл жүрдүм. Ал жактан ооруп келгем. Эмне болуп жатканымды түшүнө албай койдум. Интернеттен ушундай акция өтөрүн билип, көрүнүп алайын деп келгем. Кан тапшырсам эле кант 7,5 болуп чыгып калды. Азыр дарыгерден консультация алдым, текшерүүдөн өтүшүм керек экен", - деди ал.
Эндокринологдор кандагы канттын өлчөмүн билиш үчүн адам 8-14 саат аралыгында жеңил тамактанып, анализге эртең менен ачкарын барууну сунушташат. Эгер кандагы канттын өлчөмү 7.2-7.3 ммоль болсо, анда эндокринологго же үй-бүлөлүк дарыгерге көрүнүү кажет.
"Жүрөк-кан тамыр оорулары кант диабети менен байланышта"
Медицина илимдеринин доктору, профессор, эндокринолог Марина Молдобаева кан басымы көтөрүлгөн адам кант диабетине текшерилиши керектигин айтты.
“Кыргызстанда кант диабети менен 90 миңдей адам каттоодо турат. Бул оорусу барын билип, догдурга барып текшерилип жүргөн кишилер. Билбей жүргөндөр андан да көп болушу мүмкүн. Ошол себептүү ушул жерде диабетке байланыштуу статусун билип, дарыгерлерден кеп-кеңеш алсын деп атайын иш-чара өткөрдүк. Дароо эле диагноз коюп, дары жаза албайбыз. Анткени бул жер медициналык мекеме эмес. Бирок канды жана кан басымын текшерип, тобокелдик болсо дарыгерге багыттама беребиз. Кан басымдын көтөрүлүшү, семиздик, стресс баары диабетке алып келет. Адам өзү бул дартка чалдыкканын сезбейт. Үч же беш жылдан кийин кан басымы көтөрүлүп, буттары чымырап, суусай баштайт. Жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккандардын 25-30% кант диабети бар. Кант диабети жүрөк оорусун коштоп жүрчү оору. Кимде кан басым көтөрүлсө, буттары чымыраса текшерүүдөн өтүп турушу керек".
Адистердин айтымында, туура эмес тамактануу, кыймылдын аздыгы, стресс өңдүү факторлордон улам оорулар жылдан жылга жашарууда.
Кардиолог Уулкан Өмүрзакова соңку жылдары жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккан жаштар көбөйгөнүн айтты:
“Жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандарда кант диабети, ал эми кант диабети менен ооругандарда жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болушу мүмкүн. Тамеки тартуу, ичимдик ичүү, семиздик, кыймылдын аздыгы эки ооруну тең пайда кылган кооптуу факторлор. Кандагы канттын көлөмү көбөйгөндө кан айлануу начарлайт. Бул жүрөккө терс таасир этет. Кант диабетине чалдыккан адамдардын нерв системасы да жабыркайт. Ошол себептүү колу-буту чымырап турат. Катуу стресс дагы бул ооруну пайда кылган кооптуу фактор. Акыркы кезде бизге 20-25 жашында эле кан басымы көтөрүлгөн, инфаркт болгон, жүрөк ооруларына чалдыккан жаштар кайрылууда. Мурда бул карылардын оорусу катары эсептелчү. Ошол себептүү ар бир адам жылына бир жолу текшерилип турушу керек. Көбү отуруп иштейт, кыймыл аз. Анан стресс көп. Агрессивдүү адамдар көбөйүүдө. Ошол себептүү ар бир адам өз ден соолугуна кам көрүп, өзүнүн үстүнөн иштеши керек”.
"Кант диабети ашказанды да талкалайт"
Дарыгерлер кант диабети өтүшүп кеткенде бөйрөк соолуп, көз көрбөй, сөөк морт болуп же чирий баштарын белгилешет. Ага жеткирбеш үчүн мүнөздөп тамак ичип, көбүрөөк кыймылдап, догдурга көрүнүп туруу шарт экенин эскертишет.
Медицина илимдеринин доценти, гастроэнтеролог Рахат Аттокурова кант диабети ашказан, ичеги-карынга да таасир этерин айтты:
“Кант диабетке чалдыкканда ички органдын баары өзгөрөт. Бул оорунун бир себеби - туура эмес тамактануу. Диабетке чалдыккан адам сөзсүз диета кармашы керек. Углеводу көп, майлуу тамактар кантты көтөрөт. Андайда ичип жаткан дарылары да туура эмес таасир этиши мүмкүн. Экинчи жагы ашказан оорулары келип чыгышы мүмкүн. Анткени диабетке чалдыккан адамдар инсулин кабыл алат. Андан эрозия, жара пайда болушу мүмкүн. Кант диабетинде боор дагы жабыркайт. Боорду май басып гепатоз болгондо адам кант диабетине чалдыгат же кант диабетине чалдыкканда боорду май басат. Экөө тыгыз байланышта. Боорду май басуу дүйнөдөгү кооптуу дарттардын сап башында турат. Оору күчөп кеткенде акырындап гепатитке же циррозго өтүп кетет. Кан диабетине чалдыкканда автономдуу нейропатия деген да диагноз коюшат. Мында ичеги-карын жабыркайт. Же адамдын ичи өтөт, же ичи катып он күнгө чейин чоң дааратка барбай калат. Мындайда канттын көлөмүн калыбына келтирүү керек”.
Кант диабети - кандын курамындагы глюкоза нормадан ашып кеткенде пайда болуучу өнөкөт оорулардын бири. Буга уйку безинен инсулин бөлүнүп чыкпай калганы же аны сезе турган рецепторлордун жакшы иштебей калганы себеп болот. Кант диабети биринчи жана экинчи типтеги деп бөлүнөт.
"Карылар диабетке чалдыкканын сезбей калат"
Дүйнөдө айрым өлкөлөрдүн калкы картайып баратканы айтылып келет. Улуттар Уюмунун болжолунда, 2030-жылы Кыргызстанда 65 жаштан өткөн жарандардын жалпы үлүшү 7% чапчыйт.
Геронтологдор коомунун катчысы Олеся Олегова улгайган адамдар көп учурда кант диабетине чалдыкканын байкабай каларын белгилейт.
“Дүйнөдө семиздик жана кант диабетине байланыштуу глобалдык эпидемия жүрүп жатат. Андан тышкары калк картаюуда. 2030-жылы улгайгандардын саны дүйнө боюнча 15% жетиши мүмкүн. Адам улгайганда зат алмашуу бузулуп, кант диабети байкалбай өрчүшү мүмкүн. Андыктан дайыма кандагы кантты, кан басымды текшертип туруу маанилүү. Бул үчүн улгайган бейтаптардын когнитивдик жөндөмдөрүн жакшыртуу зарыл. Негизи туура жашоо образы дени сак карылыкка өбөлгө экенин эстен чыгарбоо керек. Тамекиден, ичимдиктен баш тартуу, уйкунун режимин жөнгө салуу, стресстин алдын алуу керек. Спорт менен машыгып, жөө басыш керек. Күнүнө 10 миңден ашуун кадам таштоо зарыл”.
Кант диабетине чалдыккандарга негизинен эндокринологдор көз салат. Бул адистер жетишсиз болгондуктан элеттегилер Бишкекке келүүгө аргасыз.
Медицина илимдеринин доктору, профессор, эндокринолог Марина Молдобаева дарыгер жетишсиздиги курч көйгөй экенин белгиледи.
“Бул бир чоң көйгөй. Кафедрада жылына 20-25 эндокринологдорду даярдап чыгарабыз. Көбү жарым ставка менен болсо да шаарда калгысы келет. Айылга барганда жашай турган жери жок, шарт жок, айлыгы аз. Чынында бул аябай керектүү кесип”.
Кыргызстанда кант диабети менен каттоодо турган бейтаптар үй-бүлөлүк дарыгердин рецепти менен метформин, сиафор деген дарыларды алса болот. Инсулиндин протофан, актрапид деген түрлөрү Эндокринологиялык борбордо каттоодо турган бейтаптарга акысыз, шприци менен чогуу берилет.
Шерине