Бишкекте 5-ноябрда Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тар чөйрөдөгү сүйлөшүүсү башталды.
Эрдогандын кортежин “Ынтымак ордо” президенттик администрациясына атчандар коштоп келди. Имарат алдына ардак кароол тизилип, эки өлкөнүн гимни ойнолду.
Тышкы карыз, соода алакасы
Жолугушууда Эрдоган Кыргызстан менен соода алаканын жылдык көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү боюнча сүйлөшүлгөнүн билдирди. Түркия Кыргызстанга инвестиция салуу жана экономикалык колдоо жагынан алдыңкы беш өлкөнүн бири экенин, 1992-жылдан бери Кыргызстанда TIKA уюму аркылуу көптөгөн долбоорлор ишке ашканын эске салды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын жылдык соода жүгүртүүсүн 5 миллиард долларга жеткирүү үчүн Анкарадан айрым жеңилдиктерди сурады.
Бул жолугушууда Түркия Кыргызстандын 62 миллион доллар карызын жашыл экономикалык долбоорлор үчүн кечкени маалым болду. Финансы министрлигинин 2023-жылдын соңундагы отчету боюнча Кыргызстандын Түркияга карызы 66,46 миллион доллар деп көрсөтүлгөн.
Мектептер, ФЕТО маселеси
Андан тышкары жолугушууда ФЕТО уюмуна байланыштуу маселе көтөрүлдү.
“Биздин коопсуздук мекемелерибиздин ортосундагы кызматташтык, техникалык колдоо долбоорлору ийгиликтүү уланып жатат. ФЕТО (түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт-ред.) баштаган террордун ар түрдүүсүнө каршы күрөштүн уланышына ишенем. Бүгүн кол коё турган коопсуздук келишими аркылуу кызматташтыгын дагы да бекемдейбиз деп ишенем”, - деди Эрдоган.
Мындан тышкары Кыргызстандын бардык аймактарында Түркиянын “Маариф” билим берүү фондунун мектептерин ачуу боюнча макулдашуу жанданганы кабарланды.
4-ноябрдын кечинде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик сапар менен Бишкекке келди. Аны Бишкектеги эл аралык “Манас” аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды.
Аба бекетке Ардак кароол тизилип, жогорку даражалуу конокторго кыргыз жана түрк музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин концерттик программасы тартууланды.
“Анадолу” агенттигинин жазганына караганда, түрк президенти Кыргызстанга жоон топ делегация менен келди. Анын катарында жубайы Эмине Эрдоган, тышкы иштер министри Хакан Фидан, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, Саламаттыкты сактоо министри Кемал Мемишоглу, Соода министри Өмер Болат, Улуттук Чалгын Уюмунун төрагасы Ибрахим Калын жана башка расмий өкүлдөр коштоп келди.
Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев буга чейин билдиргендей, Бишкекте бир катар документтерге кол коюлат.
“Алдыдагы сапардын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын мамлекет башчыларынын тар форматтагы сүйлөшүүлөрүн, ошондой эле эки мамлекет башчынын төрагалыгы алдында Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат. Сапардын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана мамлекеттер аралык мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда”.
Эл аралык мамилелер боюнча талдоочу, Түркияда жашаган кыргызстандык Нурлан Кангелди Эрдогандын визитине эки тарап чоң маани берип жатканына токтолду.
“Кыргызстанга чоң бизнес долбоор менен баратат. Инвестиция салуу, Кыргызстандагы чакан ишкерликти өркүндөтүү боюнча сөз жүрөт. Билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагы боюнча да суроолор болот. Эки жактын жарандарын эки өлкөдө пенсияга чыгаруу маселеси буга чейин чечилген, ошол боюнча да кошумча сөздөр болот”.
Кыргызстан менен Түркия ортосундагы карым-катнаш саясий кызматташтыкка, экономикалык өнөктөштүккө, тарыхый, маданий жана тилдик жакындыкка, билим берүү долбоорлоруна негизделген. Буга акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жаткан аскердик - коргонуу кызматташтыгы да кошулду.
Эрдоган алты жылдан кийин келди
Президент Эрдоган буга чейин Кыргызстанга алты жыл мурда - 2018-жылы Сооронбай Жээнбеков бийликте турган мезгилде келген. Ал кыргыз – түрк мамилеси "гүленчилер" маселеси, Кыргызстандагы “Сапат” (Себат) мектептериндеги жагдайга байланыштуу сыналып турган учур эле. Ага чейин Алмазбек Атамбаевдин президенттигинин соңку жылдары Анкара менен Бишкектин мамилеси сууп кеткен.
Андан бери алты жыл аралыгында Кыргызстандын өзүндө жана эки өлкөнүн мамилесинде бир катар өзгөрүүлөр болду.
Алсак, 2020-жылы Октябрь окуяларында Кыргызстанда бийлик алмашты.
Анкара доомат койгон “Сапат” билим берүү мекемелерине атаандаш катары Бишкекте түрк өкмөтүнүн “Маариф” мектеби ачылды.
Бишкекте жашап жүргөн, "Сапат" ("Себат") мектебинин мурдагы директору Инанды 2021-жылы 1-июнда Кыргызстанда жоголуп, кийин аны Түркиянын атайын кызматы Анкарага алып кеткени белгилүү болгон.
Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасында эки жолу ири куралдуу кагылыш болуп, көп өтпөй Түркиядан заманбап курал-жарак ала баштады. Нурлан Кангелди буларга токтолду:
“Атамбаев учурунда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаш, экономикалык жана инвестициялык абал төмөндөп кетти. Мамлекеттик деңгээлдеги мамилелер да ушундай болду. Түркиянын Кыргызстандагы элчиси да, TIKA да начар иштей баштады. Андан кийин бийликке Жээнбеков келди. Бирок ал да эки тараптуу мамилени түздөй албай койду. Анын эл аралык деңгээлде салмагы болгон жок. Түркия менен карым-катнашты оңдоого кийинки президент Садыр Жапаров мажбур болду. Себеби Түркия менен түздөбөсө, Түрк мамлекеттер уюмунда маселе жарала баштады. Анан бара-бара азыркы бийлик менен Түркиянын бийлигинин ортосунда жылуу мамиле жаралып, анын натыйжасында экономикага кичинеден болсо да түрк инвестициясы кайра тартыла баштады. Анткени түрк ишкерлерине Кыргызстандын бийлиги кепилдик берди. Бул – бир. Экинчиден, бул жерде Кыргызстандын коопсуздугу боюнча маселени да айтсак болот. Мурда эки тараптуу мамиледе Кыргызстандын коопсуздугу такыр эле көңүлгө алынган эмес да. Коопсуздукту коргоо үчүн Түркиядан курал-жарак алына баштады. Мамиле жакшырып отуруп, учкучсуз учактарды алган деңгээлге жеттик".
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркияга президент катары 2021-жылы 9-июнда расмий сапар менен барган. Анда эки өлкөнүн лидерлери көп тараптуу алаканы, Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы байланышты талкуулаган. Ал Жапаровдун президент катары постсоветтик алкактын тышындагы биринчи чет өлкөлүк сапары болгон.
2022-жылы Түркиянын президенти Эрдоган да Кыргызстанга сапар менен келери айтылып, бирок ал улам жылып келди.
Саясат талдоочу Эмил Жороев да учурда Анкара менен Бишкектин мамилеси жакшы нукта өнүгүп баратат деп эсептейт:
“Буга чейин Фетхулла Гүленге байланыштуу бир топ түшүнбөстүктөр, пикир келишпестиктер болуп келген. Эрдоган өзү бул жылдары Кыргызстанга келбесе да, анын өкмөтүнүн өкүлдөрү, мүчөлөрү келип, Кыргызстандын президенти Түркияга барып, тыгыз сүйлөшүүлөр жүрүп турду. Кыргызстанда өзгөчө кубануу жана сыймыктануу менен белгиленип келе жаткан нерсе, бул - Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы коопсуздук жаатындагы кызматташтык. Тажикстан менен болуп кеткен каргашалуу окуялардан кийин бул Кыргызстан үчүн абдан чоң мааниге ээ. Алсак, Түркиянын “Байрактарды” чыгарган компаниясы менен иштешүү чоң көрсөткүч болуп келет. Жалпысынан айтканда, 2018-2019-жылга салыштырмалуу эки тараптуу мамиле бир топ эле оң жагына өзгөрдү десек болот”.
Аскердик кызматташтык, "Байрактар"
“Байрактар” демекчи, түркиялык Baykar Technology компаниясы дүйнөгө таанымал дрон технологияларын өндүрөт. Кыргызстан буга чейин аталган компанияга таандык "Байрактар TB2", "Аксүнгүр" жана "Акынжы" сыяктуу адамсыз учактарды алганы айтылган. Бул дрондордун Кыргызстандын коргонуусу үчүн мааниси чоң болгону, чек ара коопсуздугун камсыздоодо жана аскердик потенциалды жогорулатууда натыйжалуулугун көрсөткөнү белгиленип келе жатат.
Быйыл 9-октябрда президент Жапаров Түркиянын Baykar Technology компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Селчук Байрактарды кабыл алып, Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана аскердик потенциалын чыңдоого кошкон салымы үчүн ага “Даңк” орденин ыйгарды.
Селчук Байрактар Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин айткан.
Дүйнөгө таанылган компанияны бир туугандары менен башкарып жаткан Селчук Байрактар - Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын күйөө баласы.
Атайын кызматтын генералы Артур Медетбеков коргонуу жаатындагы Түркия менен кызматташтыгына мындайча баа берет:
“Акыркы 10 жылдын ичинде Түркия мамлекети Кыргызстан мамлекетине аскердик адистерди даярдоодо чоң роль ойноду. Экинчиден, акыркы жылдары аскердик техника менен жабдууда, атап айтканда, алдыңкы технологиядагы учкучсуз учактарды берүүдө өзгөчө чоң роль ойноду. Аларга адистерди, операторлорду даярдап бергени бул да замандын талабына ылайык келген чоң жетишкендик болуп эсептелет. Түркияда даярдалган адистер жана ал жактан алынган учкучсуз учактар биздин мамлекеттин тышкы күчтөрдөн коргонуусуна, айрыкча чек ара окуяларында өзгөчө чоң роль ойноду. Түркия менен аскердик – коргонуу багытындагы мамилени жогору бааласак болот”.
Медетбеков учкучсуз учактарды түрк тарап Кыргызстанга башка мамлекеттерге саткан баадан арзан берди деген оюн да кошумчалады.
“Себат” мектептеринин маселеси
Мурдагы жогорку дегээлдеги сапарлар учурунда түрк тарап козгоп келе жаткан “Сапат” мектептери, “гүленчилер” маселеси бул ирет кандай болот?
“Бул саясий жактан оор маселе. Бул боюнча сүйлөшүүлөр кыйынырак болот. Башка өлкөлөр жаап салды да, мисалы, Азербайжан сыяктуу өлкөлөр толугу менен мамлекетке өткөрүп алды. “Себат” боюнча суроолор бизге дайыма оор болот”, - дейт талдоочу Нурлан Кангелди.
2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, буга байланыштуу үч жүздөн ашык адам набыт болгон. Анкара төңкөрүш аракети үчүн АКШда жашаган Фетхулла Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган жана анын "Хизмет" кыймылын ФЕТО ("Фетхуллачы террордук уюм") деп жарыялаган. Кыргызстандан да бул уюмга байланыштуу мектептерди жабууну талап кылган.
Анткен менен саясат талдоочу Эмил Жороев “Себат” мектептерине байланыштуу маселе азыркы учурда мурдагыдай актуалдуу эмес деп эсептейт:
"Кыргызстандагы ал мектептердин тагдыры бир канча жолу көтөрүлдү. Анын менчик формасы, жетекчилиги, керек болсо кайсы бир деңгээлде мазмуну да өзгөртүлүп келди. Албетте, ал мектептер биротоло жабылган жок, анткени Кыргызстанда алардын социалдык мааниси абдан жогору жана сапаттуу билим берет деген репутациясы бар. Ошондуктан Түркиянын талаптарын аткаруу Кыргызстан үчүн кыйын болду. Ошол эле кезде азыр ал маселенин Түркия үчүн курч турган мезгили бир топ эле өттү десек болот. Фетхулла Гүлен аксакалдын өзү дүйнө салды. Ал уюмбу, топпу же кыймылбы, мындан кийин тагдыры кандай болорун, Түркия өкмөтү менен мамилеси кандай болорун убакыт көрсөтөр. Менимче, азыр кырдаал мурдагыдан такыр башкача".
Фетхулла Гүлен 20-октябрда 83 жашында көз жумду. Ал бир кезде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жакын санаалашы болгон. Диниятчы 1999-жылдан бери Кошмо Штаттарда бозгунда жашаган жана 2017-жылы түрк жарандыгынан ажыратылган.
Экономикалык кызматташтык
Түркия Кыргызстандын эң ири соода-сатык өнөктөшү болуп саналат. Республикада түрк компанияларынын эсебине жүздөгөн ишканалар бар. Алар кен казуу өнөр жайы, курулуш, финансы жана соода тармактарында иштешет.
Түркиядан Кыргызстанга текстиль, курулуш материалдары, электр буюмдары импорттолсо, Кыргызстан кайра айыл чарба жана эт азыктарын экспорттойт.
Улуттук статистикалык маалыматка караганда, 2022-жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 629 млн АКШ долларын түзгөн. Бул сумманын ичинде Кыргызстандын Түркияга болгон экспорту 141 млн долларды түзсө, импорту 488 млн долларга жеткен.
2023-жылы соода жүгүртүү көлөмүндө айрым өзгөрүүлөр байкалган. Бул жылы экспорт 153 млн долларга чейин өсүп, импорт 454 млн долларды түзгөн. Жылдын жыйынтыгы менен жалпы соода жүгүртүү 607 млн долларга жетип, бир жыл мурдагыга салыштырмалуу бир аз төмөндөгөн.
2024-жылдын алгачкы сегиз айында болсо, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 320 млн долларды түздү.
Түркия Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет.
Түрк мамлекеттер уюмунун Бишкек саммити
6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 11-саммити да өтөт. Бул жыйынга Түркия президентинен тышкары, уюмга мүчө өлкөлөрдүн - Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандын лидерлери катышат. Ошондой эле саммитке байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү - Түркмөнстандын жана Венгриянын лидерлери да чакырылган.
Саясат талдоочу Марс Сариев Түрк мамлекеттер уюму эл аралык кызматташтыктын субъектиси катары салмагы артып баратат деп эсептейт:
"Геосаясатта түрк элдери субъект катары өнүгүп жатат. Азыр геосаясат абдан өзгөрүүдө. Түрк мамлекеттери биригип, чоң субъектке айлануу мүмкүнчүлүгү бар. Саясий, маданий жана аскердик жактан да жыйынтыктарга келишет. АКШ, Европа, Орусия сыяктуу глобалдык оюнчулар да карап, байкап жатышат. 2025-жылы Түрк мамлекеттер уюмун Кыргызстан башкарат. Бул жылы да чоң-чон жылыштар болот деп ойлойм. Түркиянын бул жерде "улуу ага" болуу амбициясы жок. Анкара "улуу ага" болом десе, анда түрк тилдүү мамлекеттерди өзүнөн алыстатып аларын түшүнүп жатат. Анткени бул мамлекеттер андай мамилени кабыл албайт. Бул уюмда теңата кызматташтык болот".
ТМУнун саммити региондук кызматташтыкты өнүктүрүүгө, түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы интеграцияны тереңдетүүгө жана жалпы түрк дүйнөсүнүн биримдигин бекемдөөгө багытталган. Мындай деңгээлдеги жолугушуулар түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык, маданий жана саясий байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Быйыл 9–11-сентябрда Азербайжандын борбору Бакуда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун "Түрк дүйнөсүнүн орток алфавит комиссиясы" деп аталган комиссиясынын 3- отурумунда түрк тилдүү өлкөлөр орток алфавит кабыл алуу чечимине келишти. Комиссия латын арибине негизделген 34 тамгадан турган жалпы арипти сунуштап, анын кабыл алынуусу тууралуу чечим чыгарды. Жаңы алфавит түрк тилдүү элдердин биримдигин бекемдеп, маданий жана тилдик интеграцияга өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө. Бирок уюмга мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан буга чейин азырынча латын арибине өтүү планы жоктугун билдирген.
Өткөн айда болсо Түркиянын Билим берүү министрлиги тарых сабактарында чөлкөмгө тиешелүү "Орто Азия" деген аталыштын ордуна "Түркстан" терминдерин колдонууну сунуштап, расмий чечим кабыл алды. Бул өзгөртүүнү колдогондор ал топоним түрк дүйнөсүнүн тарыхый маанисин айкын чагылдырат дешсе, каршы тараптар, тескерисинче, аны түрк тилинин чегинен ашкан аталыш катары эсептешет.