Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:15

Украина Орусиянын төрт даана С-400 комплексин жок кылганын билдирди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

14-ноябрдын түнү украиналык дрондордон Орусиянын Новороссийск шаарына урулган соккудан төрт даана С-400 абадан коргонуу комплекси жана эки радар жок кылынганы кабарланды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Украинанын Коопсуздук кызматындагы булактарына таянып жазышты.

Буга далил катары 11-ноябрда спутниктен тартылган кадр менен сокку урулгандан кийинки абалды көрсөтүшкөн. Орусиянын күчтөрү абадан коргонуу системасынын жок кылынганы боюнча маалыматка комментарий бере элек.

“Спутниктен алынган кадрлар коопсуздук кызматы төрт зениттик-ракеталык С-400 “Триумф” комплестерин ийгиликтүү жок кылганын далилдеп турат”, - деген “Украинская правда” басылмасына маалымат берген булак.

Мындан тышкары, 96Н6 эрте аныктоо радары жана бута көрсөтүүчү 92Н6 радары жок кылынганы да айтылууда.

Бул объектилердин баары Новороссийск шаарынын төмөн жагындагы аскердик бөлүктө жайгашкан жана Украинанын Коопсуздук кызматы билдиргендей, ал жерде жалпы 12 даана С-400 комплекси жайгашкан.

Буга чейин ASTRA басылмасы жүргүзгөн OSINT талдоосу көрсөткөндөй, сокку 26345-аскер бөлүгүнүн аймагына тийген. Ал жерде 51-аба коргонуу дивизиясына караштуу 1537-зениттик Кубан казак полку жайгашкан.

Украинанын Башкы штабы мурда С-400 абадан коргонуу системасынын бир учуруучу жабдуусу жана ракеталар сакталган кампасы талкаланып, анын натыйжасында жарылуу болуп, өрт чыкканын билдирген.

Новороссийск шаарына урулган аба чабуулунан аскердик объектиден тышкары порт жана мунай инфраструктурасы да жабыркаган. Анын ичинде мунай терминалы жана кеминде бир кеме зыян тарткан. Шаарда бир нече үйлөр жабыркап, бир тургун жана үч кеме кызматкери жараат алганы кабарланган.

Reuters агенттигинин булагынын маалыматына караганда, чабуулдан кийин "Транснефть" компаниясы Новороссийск портуна мунай жөнөтүүнү, порт өзү мунай экспортун убактылуу токтоткон.

Шерине

XS
SM
MD
LG