Камчыбек Ташиев уруучулук көрүнүшү тууралуу "Регион" телеканалына курган маегинде токтолгон. Анда уруу-урууга бөлүнүп курултай өткөрүп, жыйын курган учурларды сынга алган. Коомдогу туруктуулук үчүн курултайларды токтотууну талап кылган.
"Кыргыздардын арасында уруучулукка бөлүнүү жаман көбөйүп кетти. Уруучулукка бөлүнүүнү токтотушубуз керек. Ар кимибиз өзүбүздүн уруубузду кыйын болгон деп, көп болгон, ушундай адамдар чыккан деп, эн тамгаңарды, туу-байрактарыңарды белгилеп, республика боюнча курултайларды өткөргөнүңөрдү токтотушуңар керек. Бул туура эмес. Муну биз, жетекчилик тараптан, туура эмес экенин айтып коелу. Уруучулукка бөлүнүп жашоо, же уруучулукка бөлүнүп саясат жүргүзүү, уруучулукту мамлекеттик деңгээлге алып чыгуу бул калпыстык жана туура эмес. Туура, жети атабызды, уруубузду, ким тууган экенин билишибиз керек. Бирок ошол тууганчылыкты мамлекеттик деңгээлге көтөрүп чыкканды токтотушубуз керек. Мамлекеттик деңгээлде уруулардын курултайын өткөргөндү токтоткула. Бул туура эмес нерсе. Тууган бол, урук бол, аны өзүң бил, бала-чакаңа үйрөт, ошол менен мамиле түз. Бирок курултай өткөрүп, өзүнчө мамлекетке окшоп кетип жатканыңарды токтоткула. Андайга биз жол бербейбиз. Мен жогоруда айткан маселелердин баары элибиздин тынчтыгы, коомубуздун стабилдүүлүгү, жакшы жашоонун маселеси болуп айтылып жатат. Бул кимдир бирөөгө керек болуп, же кимдир бирөөдөн коркуп кетип же жагынайын деп айтып жаткан нерсе эмес", - деген Ташиев.
Камчыбек Ташиев сөзүндө кандайдыр бир так мисалдарды келтирип, кимдир бирөөлөрдүн атын атаган эмес. Бирок бул билдирүүнүн так алдында, 10-ноябрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда азык уруусунун 2-курултайы жана илимий конференциясы өткөн.
Иш-чаранын максаты тууралуу уюштуруучулардын бири, Кочкор районунун тургуну Бакыт Эгембердиев айтып берди:
"Илимий конференция болду, белдүү тарыхчыларды, санжырачыларды чакырдык. Максаты 15-кылымда Тагай бий оң канат, сол канат, ичкилик деп урууларды иретке салганга чейинки тарых айтылбай, жазылбай келатат деп кайсы бир убакта өчүп калган тарыхты каяктан, кантип изилдесе болот деп талкууладык. Алардын учу Орусиядан, Монголиядан архивдерден чыгып жатат. Унутта калып кеткен тарыхый инсандар тууралуу дагы сөз болду. Мисалы, Кашкелең баатыр калмактардын баатыры болуп калган, бирок ал ошол азык уруусунан чыккан кыргыздардын баатыры болгон. Ал казак менен кыргызды бирдей калмактардан коргогон баатыр болгон. Ошол баатыр тууралуу китептин бет ачары болду. Албетте, боз үй тигип алып, бир далай мал союп, оюн-зоок кылабыз деген пландар болгон, бирок андай нерселерди көп эле кылып жатышат, анын жыйынтыгын деле көргөн жокпуз. Иш-чараны маектешип, пикир алышсакпы деген максатты уюштурганбыз. Көптөрүнө жакты, кыргыз болгондон кийин жети атасын билиш керек экен, ата-тегин сүрүштүрөт экен".
Бакыт Эгембердиев курултайда саясат тууралуу сөз болбогонун белгиледи.
"Камчыбек Кыдыршаевичтин айткандарында деле жүйө бар. Ал айткандай учурлар кездешип калат. Абдан чоң той кылып, тарыхчыларды чакырбай эле өздөрүнчө уюшуп, өздөрүнүн уруусун өйдө коюп, "биз чечишибиз керек" дегендей жапайы чакырыктарды жасагандар деле жок эмес. Кыргызстанда 7-8-ноябрь тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү, биз ушул күндөргө ылайыкташтырып өткөрдүк. Башкалардан өйдөсүнөлү деген бул жерде эч кандай саясат жок. Тарыхты тактап, иликтеп, урпактарга татыктуу санжыра калтырсакпы деген гана ниет болгон. Анткени маңкуртчулук саясаты жүрүп кетип, жети атасын тааныбай калган учурлар болгон. Мен иш-чаранын алып баруучусу болдум. Жыйын башталып, гимн ойнолгондон кийин эле мен "кимдир бирөө ушул жерден тигини же муну шайлагыла деп үгүт жүргүзө турган болсоңор залдан чыгарыласыңар" деп жарыя кылдым. Жыйындын максаты башкача, саясатка аралаштырбагыла деп эскерттим. Эч ким саясатты сүйлөгөн жок. Анткени санжыра саясаттан дагы кызыктуу тема", - деди Эгембердиев.
Кыргызстанда аймакка, урууга карап бөлүнүү көрүнүштөрү жана алардын кесепети тууралуу буга чейин деле маселе көтөрүлүп келген. Айрыкча шайлоо өңдүү саясий процесстерге буга ачык дагы, тымызын дагы басым жасагандар болгон.
Филология илимдеринин доктору, адабиятчы Садык Алахан дагы муңгуш уруусунун айрым иш-чараларына катышып жүрөт. Ал түпкүлүгүндө мындай көрүнүштү колдобой турганын билдирди:
"Кырк уруу кыргыз" деген бир коом бар экен го. Ошолордун иш-чарасына барганбыз. Биз катышып коюп эле баса бергенбиз. Биз улут болушубуз керек. Эми, албетте, кыргыз уруудан куралган дечи, бирок биз улут болушубуз керек. Качанга чейин уруулук сезим менен жүрөбүз, мен ошондо да айткам. Биринчи орунда улуттук аң-сезим болушу керек. Улут болуп, белгилүү бир деңгээлге жеткенде гана ата мекенди коргоо дегендей улуттук идеялар, улуттук көз караштар пайда болот. Мен уруулук аң-сезимди колдобойм".
Кыргызстанда уруулардын курултайлары жана жыйындары, тойлору өлкө эгемен алган жылдардан тартып эле башталган. Ага аттуу-баштуу адамдар катышканы кадимки көрүнүшкө айланган.
Төбөсү көрүнгөн өкүлдөрүнө эстеликтер, айкелдер тургузулуп, кайсы бир уруунун гимни, желеги кабыл алынган, алтургай бий көтөргөн учурлар дагы болгон. Бардык уруулардын башын кошкон иш-чаралар дагы өткөн. Бирок чоң саясий өнөктүктөрдө, айталы, шайлоого аларды тартуу аракеттери болгон эмес.
Шерине