Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:13

Борбор азиялык активисттерди Түркияда тооруган коркунуч


Назимжон Шарипов, Дурсолтан Таганова, Орхан Инанды, Сухроб Зафар
Назимжон Шарипов, Дурсолтан Таганова, Орхан Инанды, Сухроб Зафар

Стамбулда жашаган тажикстандык эки оппозициячыл активисттин табышмактуу жагдайда жоголушу Түркия мурдагыдай борбор азиялык активисттер үчүн коопсуз болбой калганынан кабар берет. Он жыл мурда Түркияда экстрадициялоо коркунучу аз, борбор азиялыктарга ээн-эркин кирип-чыгууга мүмкүнчүлүктөр бар болчу.

Тажикстандык активисттердин жоголушу

Соңку эки айда Түркияда баш калкалап жүргөн эки тажикстандык оппозициячыл активист табышмактуу жагдайда дайынсыз жоголду. Бул аларды күч менен мекенине алып чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонууну жаратты. Тажикстанда бийликтин сынчыларын узак жылдарга абакка кесүү жана түрмөдө катаал мамиле жасоо же кыйноого алуу кадыресе көрүнүш.

Борбор Азиядагы адам укуктарына көз салган эксперт Стив Свердлоунун айтымында, тажикстандык оппозициячыл “Группа 24” уюмунун мүчөсү Сухроб Зафар соңку эки жумада Стамбулда бозгунда жүргөн санаалашы Насимжон Шариповду издеп, таба албай койгон. Аны менен байланыш 23-февралда үзүлгөн.

Ал эми 10-мартта Зафардын өзү дайынсыз кеткен. Бул көрүнүш тажикстандык активисттер арасында тынчсыздануу жаратты.

“Группа 24” тобунун мүчөлөрү билдиргендей, соңку он жылдан бери Түркияда жашаган Зафарды белгисиз бирөөлөр дайыма кат аркылуу "уурдап кетебиз же өлтүрөбүз" деп коркутуп-үркүтүп келген. Тажик өкмөтүнүн өтүнүчү менен Зафарды бир нече ирет түрк бийлиги кармап, кое берген.

"Группа 24" тобунун активисти, Стамбулда дайынсыз жоголгон Сухроб Зафар. 21-март, 2018-жыл.
"Группа 24" тобунун активисти, Стамбулда дайынсыз жоголгон Сухроб Зафар. 21-март, 2018-жыл.

Тажикстанда “Группа 24” экстремисттик уюм болуп саналат. Тиешелүү чечимди Жогорку Сот 2014-жылдын октябрь айында чыгарган. Андан мурда аталган топ авторитардык президент Эмомали Рахмонго каршы митингге чыгууга элди үндөгөн эле.

Көп өтпөй Жогорку сот "Ислам кайра жаралуу партиясын" дагы экстремисттик деп тапкан. Ага чейин бул партия 2015-жылдын мартындагы талаштуу шайлоого чейин парламентке өтүп келген.

"Ислам кайра жаралуу партиясынын" бир катар лидерлери түрмөгө камалган. Сот аларды "төңкөрүш уюштурууга күнөөлүү" деп тапкан.

2015-жылы “Группа 24” уюмунун негиздөөчүсү, ишкер Умарали Кувватовду Стамбулда атып кетишкен.

Тажикстандык активист, Стамбулда жашап келген Назимжон Шарипов 23-февралдан бери дайынсыз.
Тажикстандык активист, Стамбулда жашап келген Назимжон Шарипов 23-февралдан бери дайынсыз.

2016-жылы Түркия өзгөрдү

Cоңку жылдары түрк бийлиги Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташып, баш калка издеген диссиденттерди өткөрүп берүүдө. Эксперттердин эсебинде, Анкара борбор азиялык өнөктөштөрүнөн ошондой эле жооп күтөт.

Freedom House уюмунун өткөн айда жарыяланган баяндамасында Түркияны, Тажикстанды жана Орусияны трансулуттук куугунтуктун беш активдүү катышуучусу деп тапкан. Ал эми Кытай, Египет жана Орусия сап башына чыккан.

Түркияда президент Режеп Тайып Эрдоганга жана анын өкмөтүнө каршы ишке ашпай калган 2016-жылдагы кутумдан кийин саясат башка нукка бурулду. Ал окуяда 250дөй кишинин өмүрү кыйылган. Бул бийликти төңкөрүү аракетин расмий Анкара АКШда жашаган Фетхуллах Гүленден көрүп, ага каршы согуш жарыялаган. Гүлен төңкөрүш аракетине тиешеси жок экенин кайталап келет.

Бийликти төңкөрүү аракетинен кийин Түркияда он миңдеген адам иштен алынып, жүздөгөн кишилер камалган.

Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринде Гүленге байланышы бар окуу жайлардын баарына чектөө киргизилген.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. 5-апрель, 2017-жыл. Анкара.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. 5-апрель, 2017-жыл. Анкара.

Режеп Тайип Эрдоган 2018-жылкы Бишкекке жасаган сапарында Гүлендин ФЕТО уюму тууралуу айтып, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековду “гүленчилер” төңкөрүшү күтүп жатканын эскерткен.

Андан кийин келген бийликтин тушунда, 2021-жылдын июнь айында Сапат мектептеринин негиздөөчүсү, Түркияда туулуп-өскөн Орхан Инанды уурдалган. Президент Садыр Жапаров 2021-жылы октябрда өткөн жылдык басма сөз жыйында Инандыга сак жүрүү эскертилгенин айткан.

"Биз бийликке келгенге чейин Ош тарапка алып барып салып бергенге аракет болгон экен. Октябрь окуяларынан кийин да аңдуулар болуптур. Өзү да билет экен. Камчыбек Ташиев жаныңа сакчы алып жүр деп айткан экен. Эми ошондой болуп калды. Бирок бизде эле эмес коңшу мамлекеттерде деле ФЕТО уюмуна тиешеси бар деген кишилерди алып кеткен экен", - деген Жапаров.

Инанды былтыр Анкарада “куралдуу терроррдук топ түзгөн” деген кине менен 21 жылга эркинен ажыратылган.

Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү, Түркияга уурдалып кеткен Орхан Инанды.
Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү, Түркияга уурдалып кеткен Орхан Инанды.

Түркмөндөрдүн депортациясы

Борбор Азия мамлекеттери көз карандысыз болгон алгачкы жылдары Түркия Өзбекстанга оппозиция лидерлери Мухаммад Салих менен Абдурахмон Полатты өткөрүп берүүдөн баш тарткан.

Буга жооп иретинде Ташкент эки өлкөнүн ортосундагы визасыз режимди убактылуу токтоткон. Сууй түшкөн мамиле Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримов 2016-жылы көз жуумп, анын ордуна Шавкат Мирзиёев келгенде гана калыбына келди. Буга чейин Түркмөнстандын жарандары дагы Түркияга визасыз каттачу. Анткен менен 2022-жылы Ашхабаддын суранычы менен түрк бийлиги визасыз режимди жокко чыгарды.

Мындан кийин Түркиядан миңдеген түркмөн жарандары депторация болгонун "Азатлык" радиосу("Эркин Европа/Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы) кабарлады. Алардын арасында саясий активисттер Фархат Мейманкулиев, Ровшен Клычев, Умит Кузыбаев, Довран Имамов, Максат Баймурадов жана Сердар Дурдулиев да бар экени маалым болду.

Дурсолтан Таганова – Стамбулда жашаган түркмөн активисти. Аны 2020-2021-жылы эле кармап кетүүгө аракет кылышкан. 2020-жылы Таганова депортациялык борборго түшүп калган. 11 укук коргоо уюму түрк бийлигинен аны мекенине кайтарбоого чакырганда гана бошотулган.

Түркиядагы түркмөнстандык активист Дурсолтан Таганова.
Түркиядагы түркмөнстандык активист Дурсолтан Таганова.

2021-жылы Таганова журналисттерге билдиргендей, аны Түркиянын миграциялык кызматына чакырышып, саясий ишмердик менен алектенүүнү токтотууга чакырышкан.

Түркиядагы түркмөн активисттеринин маселеси Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча кеңешинде да көтөрүлдү. Атайын баяндаманы Түштүк Калифорния университетинин Адам укуктарын коргоо тобу жана Венадагы “Евразия үчүн Эркиндик” укук коргоо тобу даярдашкан.

Баяндаманын авторлору түркмөн активисттери жана укук коргоочулары үчүн Түркия кооптуу мамлекетке айланып баратканын белгилешкен. Документте белгиленгендей, түрк полициясы Түркмөн консулдугунун көрсөтмөсү менен депортациялай турган 25 түркмөн мигрантынын тизмесин түзгөн.

Түркмөнстандык Эзиз Мамедов Стамбулда жашайт. Ал саясий жактан активдеше баштаган 2021-жылдан бери коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып келгенин айтууда. Ал консулдук алдындагы акцияда белгисиз адам бычак шилтегенин да кошумчалады. Быйыл январда Мамедов активистик ишмердигин токтотконун жар салган.

“Отко-сууга секирүүнүн эмне кереги бар деп ойлодум. Түркмөн элинин атынан өзүбүздү курмандыкка чалып, жасаган иштерибиз акталган дел жок”, - деди Мамедов.

XS
SM
MD
LG