Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков 15-ноябрда кытай жарандары аралашкан мушташ боюнча түшүндүрмө берип, коомчулукту чагымчылдыкка алдырбоого чакырды. Бул окуя боюнча укук коргоо органдары иш алып барып жатканын жана окуяга мыйзам чегинде баа берилерин белгиледи.
Ал коомчулукта “кытай жарандары көбөйүп кетти” деген пикирге да жооп берип, аны өлкөдөгү курулуш иштеринин көбөйүп, Кытайдан жумушчу катары келгендер бар экенин айтты.
“Дагы бир негизгиси, бизде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу башталган. Ал багытта дагы кытай жумушчулары иштеп жүрүшөт. Себеби, кытай технологиясы менен жүргүзүлгөн курулуштарга кытай адистери тартылууда. Кытай жарандары үчүн виза режими бар, визасы бүткөндө чыгып кетишет. Ал эми окуяны ашыра жазып, чагымчыл кылып жаткандар өлкөгө өнүгүү жана тынчтык каалабагандар”, - деди Орунбеков.
15-ноябрда “Чайна-Роуд” жана “Чжунзцы” компанияларынын айдоочулары Чүй облусунун Константиновка айылынын четиндеги карьерден кум-шагыл ташуу маалында жол талашып, жаңжал чыкканы аныкталган. Бул боюнча Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козголуп, бир нече адам милицияга жеткирилгенин облустук ички иштер башкармалыгы 15-ноябрда билдирди.
Жаракат алгандардын бири - 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну ооруканага кайрылган. Бейтапка "баш сөөгүнүн жана мээсинин травмасы, мээнин чайкалышы" деген баштапкы диагноз коюлган.
Милиция тараткан билдирүүгө кармалды делген 30дан ашык адамдын сүрөтү тиркелген. Күч органдары бул окуя боюнча жарандарды текшерилген жана ишенимдүү маалыматтарды гана таратууга чакырды.
Шерине