Кытай жарандары катышкан жаңжал боюнча тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев комментарий берди. Ал мамлекеттик “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде Кыргызстанда соңку учурда иштеп жаткан кытайлыктар мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк экенин, алар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан сыяктуу ири долбоорлордо иштеп жатышканын маалымдаган. Министр жарандарды жөн жерден антикытайлык маанайды күчөтүүгө жол берген провокациялык билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырып, соңку болгон окуяга укуктук баа берилерин билдирген:
“Кытайлык жарандар эмгек визасынын негизинде иштеп жатышат. Көзөмөлсүз эле каптап кирип жаткан жери жок. Бизде визалык режим бар. Визасынын мөөнөтү бүтөрү менен чыгып кетишет. Виза мөөнөтү бүтүп чыкпагандары болсо рейддерде аныкталып, депортация болот. Аларга мыйзам жактан көйгөй керек эмес”,- деген Кулубаев.
Министр учурда Кыргызстанда канча кытай жараны иштеп жатканын так айткан эмес. Ал маегинде жергиликтүү компаниялар бүтүрө албай койгон Балыкчы-Барскоон жолун мисал келтирип, кытайлык ишканалар дал ушундай долбоорлорду ишке ашырып жатканын кошумчалаган.
15-ноябрда Чүйдүн Константиновка айылынын жанындагы карьерде жаңжал чыкканы кабарланган. Министр Кулубаев бул чыр жүк ташуучу унаа айдаган кытайлык жаран менен кыргыз жаранынын жол талашынан улам чыкканын ырастады. Буга чейин милиция чырга байланыштуу 44 адам милицияга жеткирилип, анын он алтысы убактылуу кармоочу жайга камалганын кабарлаган.
Министр Кулубаев кытай жарандары катышкан жаңжал боюнча маалымат берди
Шерине