Элдик толкундоо башаламандык менен коштолгон. Алгач 2008-жылдан тартып бул күн Элдик революция күнү катары расмий белгиленип жүрүп, 2012-жылы аны расмий белгилөө токтотулган. Өлкөдө андан кийин дагы эки жолу саясий бийлик күч менен алмаштырылды.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл туңгуч президент Аскар Акаевдин бийлигин 2005-жылы 24-мартта кулаткан. Бул окуя демократияга жол салган чоң саясий күрөш деп сыпатталганы менен ыңкылаптын максат-мүдөөлөрү ишке ашпай калган деген да баа берилип жүрөт. Ошондон улам 24-март ыңкылаппы же төңкөрүшпү деген талаш-тартышка азыр да чекит коюла элек.
24-мартта Бишкекте “Элдик революциялардын максаттары жана сабактары” деген аталыштагы илимий жыйын өттү.
Тарыхчы жана журналист Кыяс Молдокасымов революция чоң өзгөрүү экенин айтып, эки жолку ыңкылап "бийлик алмашуу менен чектелип, түп тамыранан реформа жасалган жок" деп эсептейт.
"Албетте, революция кыргыз элинин тарыхта кандай эл экенин гана көргөзө алды. Себеби кыргыз эли үй-бүлөлүк коррупцияга, адилетсиздикке чыдабай баш көтөрүп, жарылып, керек болсо бийликти алмаштырып коё ала турганын, кайталангыс эл экенин көргөзө алды. Эң кызык нерсе, бийлик элдин үнүн баскысы келди, ой-эркиндигине катуу чабуул жасады, эркин маалымат каражаттарын басууга аракет кылды, бул кийинки бийликтин тушунда деле уланган учурлар болду. Кийинки келген бийлик сабак алып отуруп ошондон жыйынтык чыгара турган учур болот. Азыр деле системаны өзгөртүүгө жасалган аракеттер, коррупцияга каршы, мамлекеттин мүлкүн тартып, тоноп алгандарды кайтарууга аракет болуп жатат. Бирок түп тамырынан бери системаны реформалоо оор болуп жатат. Ошондуктан мен "таш менен реформа жасоо оңой, баш менен реформа жасоо кыйын" деп айтып жүрөм. Азыркы бийлик деле кыргыздын эркиндигин өтө чектей бербеш керек. Тескерисинче, эркин аракет кылуусун пайдаланып, ошол энергияны өлкөнүн келечегине жумшоого көбүрөөк аракет кылыш керек".
24-март 2008-жылдан тартып Элдик революция күнү катары расмий белгиленип келген. 2010-жылы кайрадан бийлик алмашып, 2012-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен бул датаны расмий белгилөө токтотулган.
Жалал-Абаддын борбордук аянтында 24-марттын урматына орнотулган "Эркиндик" монументи четке жылдырылган. 2016-жылы президенттин жарлыгы менен бул дата "Эскерүү күнү" деп бекитилген.
Апрель окуясында жарадар болуп, кийин "Кыргыз эл баатыры" наамын алган Алиясбек Алымкулов өлкөдө улам ыңкылаптардын кайталанышынын себебин айтып, бийлик эл менен эсептешкен учурда гана мындай окуялар болбосун айтууда:
"Эгерде 2005-жылдагы окуядан биз туура сабак алганда 2010-жылдагы окуя болбойт эле. Эгер 2010-жылдан туура сабак алганда 2020-жылдагы окуя болбойт эле. Туура сабак алып, туура багыт алып, жыйынтык чыгарбаган үчүн бул нерсе кайра-кайра кайталанып жатпайбы. Ошондуктан биз качан эл менен эсептешип, элдин тамырын тартып, эл бийлик үчүн эмес, бийлик эл үчүн кызмат кылганды үйрөнгөндө гана мындай нерселер кайталанбашы мүмкүн", - деди Алымкулов.
Президент Садыр Жапаров 24-марттын 20 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасаган жок.
Бишкектеги илимий конференцияга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.
"2005-жылы 24-мартта чала бышкан, бат эле болуп кеткен, жыйынтыгы "ак сарай төңкөрүшүнө" окшогон окуя болуп калды. Ошондо дагы мен бир канча жума аянтта туруп, тарыхыбызды, жашоодогу бардык тармактарды талкуулап, бири-бирибизге убадаларды берип, андан кийин өзгөрүүлөргө барабыз дегенбиз. Бирок андай болбоду, бир эле күндө алмашып калды. Азыр ар кандай баа беришибиз керек. Мурунку президенттерге эле жеке же алардын үй-бүлөсүнө такап койбошубуз керек. Алар дагы тарыхый адамдар. Алардын жасаган иштерин толук жокко чыгарганга каршыбыз, мен дагы каршымын. Президенттердин өз орду, ролу бар, тарыхта дагы калышат. Чжоу Эньлайдын (Кытайдын саясий ишмери - ред.) "Француз революциясынан бери 300 жыл өтсө дагы ага баа бериш эрте" деп айткан. Ошондой болсо дагы бул процесс, эркиндикти, акыйкаттыкты сүйгөн элибиз көтөрүлгөн, алардын күнөөсү жок. Андан ары убадалар, күткөн, издеген акыйкаттык орнодубу, жокпу, кимдин пайдасына аткарылды, бул элдин колунда болгон жок. Ошондой болсо дагы бул процесс уланып, биздин саясий жашообузда, ошого чейинки, андан кийинки окуялар, сабактар эсибизде. Мамлекетти кура турган жумуш уланууда. Азыркы мамлекетибиздин жүзү жарык".
Жыйынды алып барган академик, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Абдыганы Эркебаев ошондогу кырдаалга өзүнүн дагы жоопкерчилиги болгонун белгиледи:
"Менин дагы кемчилигим болгон, менин дагы жоопкерчилигим бар. Өзгөчө үчүнчү мөөнөткө баратканда (Акаев - ред.) токтотуп калган жокпуз, тим эле койсоңуз болот эле деп жеке айтканбыз, бирок Конституциялык сотко жеткирбей койсок туура болот эле. Убагында эч кимге кошомат кылган эмесмин, Садыр Жапаров болгондо дагы "кошоматчылардан алыс болуңуз" деп чоң макала жазгам. Негизинен иштер жакшы жүрүп жатат, бирок эркин басма сөздү, эркин ойду колдогон кишимин. Кыргыздын биринчи гезиттери "Республика", "Асаба", "Аалам" гезиттерин колдоп, "Учкун" басмаканасынан чыгарбай жатканда мен машина менен барып, койгула деп чыгарганбыз өкмөттө иштеп турганда. Адамзат ар кайсы жагынан өнүгүшү керек, бардыгынан дагы акыл-эс, сүйлөө, сөз эркиндиги менен. Ушуну колдойбуз. Аша чапкандарды, албетте, тыйыш керек, мыйзамды, Конституцияны сыйлаш керек. Чекиликтерди тыйып коюш керек, бирок чек койбош керек, тыюу салбаш керек".
Өлкөдөн чыгып кетип, 20 жылдан бери Орусияда жашап жүргөн Аскар Акаев бир канча жолу басылмаларга маек куруп, өзүнө тагылган айыптоолорду четке кагып келет. Ал бийликтен негизсиз кулатылгамын деп эсептейт.
Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр маселесине байланыштуу сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген. 2024-жылы сентябрда ал экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча Жогорку Кеңешке кат жазып, парламент аны четке каккан.
Калктын авторитардык бийликке каршы күрөшү 2002-жылдагы Аксы окуясынан башталып, 2005-жылы 24-марттагы Элдик революция, 2010-жылдагы 7-апрель окуялары менен уланып, акыры 2020-жылдагы Октябрь окуясына алып келген.
Шерине