Чек араны талкуулаган жыйындагы кайым айтыш
19-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу келишимдер ратификациядан өтүп, добуш берүүгө катышкан 85 депутаттын ичинен жалгыз Султанбай Айжигитов каршы добуш берди.
Ал буга чейин парламентте "Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе Ворух анклавына коридор ачылат" деген мазмунда баяндама жасап, өз позициясынан кайтпай турганын айткан.
Айжигитов 6-мартта президент Садыр Жапаровдун, 19-мартта Камчыбек Ташиевдин сынына кабылды.
УКМКнын башчысы 19-мартта парламенттеги жыйында Султанбай Айжигитов Баткенге канча жолу барганын, УКМКда чоң кызматта деле иштебегенин айтып, акырында депутаттын мандаты боюнча маселе көтөрдү:
"Сиз 2017-жылы бир баланы уруп коюп, бир туугандарыңыз жалаң сот системасында иштейт экен, алар "бейбаштык" деген беренени өзгөртүп, "мөөнөтү өттү" деп, сизди кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон турбайбы. Бирок сиз өзүңүздүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганыңыз тууралуу маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына бербепсиз. Мен муну карап чыктым. Эртең Султанбай Абдирашитовичтин мандатын алып койсо таң калбаңыздар. Мен аларга өтүнүч жөнөтүп, ушундай аныктама барбы десем, аларда жок экен", - деди Ташиев.
Ал БШК Айжигитовдун мандаты боюнча маселени буга чейин карамак болгондо аны өзү токтотуп калганын, себеби "мындай чечимди коомчулук кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин ратификацияланышына байланыштырат" деп эсептегенин айтты.
Камчыбек Ташиев демаркациялоо процесси толук аяктаган соң БШКга кайра кайрыларын билдирди.
Айжигитов "Камчыбек Кыдыршаевич, азыр күч дагы, акча дагы, ЖМК дагы силердин колуңарда. Эмне десеңер жараша берет" деп жооп кайтарып, УКМКнын төрагасы айтып жаткан кылмыш иши боюнча мындай деди:
"Баланы сабап койгонум боюнча чын болсо кана ошол видео далилдер? Аны көгөртүп, муунтуп, тепкилеп салгандай айтып жатасыңар. Ошол экспертизанын далилдери каякта? Бул жөн эле сөз. Мугалимдер да "өзүбүз көргөн жокпуз" деп айтышты. 5-6-класстагы балдардын да көрсөтмөлөрү туура эмес. Мунун баары уюштурулган чагым. Тергөөчүлөр менин мойнума эч нерсе коё албай, бир жылга жакын созуп жүрүштү. Аягында "мөөнөтү өтүп кетиптир" деп соттон бул ишти жапкан. Тагыраагы, менин эч кандай соттуулугум жок. Каттоодо да бул тууралуу маалымат жок. Айтпайын десем айттырасыңар да. Мисалы, өзүңүзгө мамлекеттик деңгээлдеги кылмыш иши ачылган. Президенттин үстүнөн да ачылган. Бирок силер соттуулугуңарды жаптыңар го. Меники деле ошол эле замат болгон”.
Айжигитов өзү айыпталган иш 2018-жылы, ал эми Ташиевдердин тиешеси бар ишке 2020-жылы чекит коюлганын айтып өттү.
Эмнеси болсо да Айжигитовдун 2017-жылдагы иши Ташиевдин колундагы көзүргө айлангандай. Бул кайым айтышуунун соңунда депутат өлкөнүн башкы чекистин дебатка чакырды. Ташиев “Сиз менен теледебатка БШК чыгат" деп жооп берди.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев депутат Айжигитовго "кысым болуп жатат" деген пикирде:
"Бул депутатка түзмө-түз басым. Өткөндө мен суроо берсем аны да чукулап, “Салык кызматында иштеген мезгилде планды аткарган жоксуз” деп чыккан. Ушундай адатка айланды. Айжигитов жеке бирөөгө тийишпей, жалпы маселе боюнча пикирин айтты да. Болгону ушул”.
13-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек ара келишими кабыл алынган.
"Ынтымак ордодо" өткөн жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон чек араны тактоо жөнүндөгү келишимге кол коюшкан.
31-мартта кошуна жайгашкан үч өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев Тажикстандын Кожент шаарында жолугуп, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чеги кесилишкен чекитти жарыялай турганы кабарланган. Ошентип, март айынын соңунда чек ара маселесине биротоло чекит коюлганы турат.
БШК эмне дейт?
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кайсы бир жаранды депутаттыкка талапкер кылып каттоодон мурун анын жарандыгын, жогорку билими бар же жогун, сот жообуна тартылган же тартылбаганын кылдат тактап чыгат. Керектүү маалыматты тиешелүү мамлекеттик органдардан алат. Эгерде документтеринде кандайдыр бир маселе жарала турган болсо, анда ал жаранды талапкер кылып каттабайт.
БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев буга чейин УКМКдан Айжигитов боюнча кайрылуу келгенин тастыктады:
"БШКнын аппаратына УКМКдан "Айжигитов талапкер болуп катталуу маалында ага карата сот чечими болгон. Ушул боюнча маалымат берди беле?” деген мазмундагы кат келген экен. Ал киши мындай маалыматты берген эмес экен. Биз талапкердин соттуулугу боюнча Ички иштер министрлигинен тактап алабыз. ИИМ толук маалымат бериши керек болот. Азыр бизде Айжигитовдун мандатына байланыштуу процесс боюнча маалымат жок. Эгер соттун өкүмү чыккан болсо анда маселе жаралып калат”.
Саясат талдоочулар Камчыбек Ташиевдин айткандарынан улам чек ара маселеси толук чечилгенден кийин Айжигитовдун мандаты алына турганын боолголоп жатышат. Алар буга чейин да Ташиевге каршы сүйлөгөн депутаттар мандатынан ажыраганын, Өмүрбек Бакиров, Адахан Мадумаров сыяктуу мурунку эл өкүлдөрүн мисал келтиришет.
Келишимге каршы добуш берген депутат
19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору үч окууда бир каралды. Добуш берүүгө катышкан 85 депутаттан Айжигитов гана каршы болуп, калганы колдошту.
65 жаштагы Султанбай Айжигитов кесиби боюнча инженер-механик, ал Ригадагы авиациялык институтту аяктаган. Кийин Киевде КГБнын жогорку курсун аяктап, 1987-1993-жылдары коопсуздук тармагында иштеген. 2000-жылдан тарта бир нече жыл Баткен облусунда ар кандай кызматтарда иштеп, эки жолу облустун губернатору болгон. 2021-жылы Жогорку Кеңешке “Ыйман Нуру” партиясы менен шайланып келген.
Быйыл 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында ал “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирген. Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы өз өкүлүнүн мындай билдирүүсүнөн кийин аны фракциядан чыгарган. Айжигитов эркин депутат катары ишин уланта берет.
Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек берип, чек ара түбөлүккө чечилип жатканын жана эки тараптын кызыкчылыгы тең эске алынганын айткан жана Султанбай Айжигитовдун сөзүн четке каккан.
Достук – район борбору Баткенден 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган. Кыргыз бийлиги азыркы тапта бул айылды толук көчүрүү ишин баштады.
Шерине