Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:48

Мамыркулованын иши: Журналист сурактан баш тартты, ондогон жаран бийликке кайрылды


коллаж сүрөт
коллаж сүрөт

21-мартта Кыргызстандагы укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошту. 60тан ашуун кишинин аты-жөнү жазылган кайрылууда Канышай Мамыркулованы бошотуу чакырыгы айтылган.

Эркин журналист, жарандык активист Канышай Мамыркулованы үйүнөн милиция кармап кетип, 48 саатка камаганы 20-мартта белгилүү болгон. Бишкек шаардык милициясы журналист "массалык башамаландыкка чакырык" жана "улут аралык кастыкка" шектелип кармалганын билдирди.

21-мартта адвокат Нурбек Сыдыков Мамыркулованы Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан суракка алып чыгышканы менен ал андан баш тартканын "Азаттыкка" айтып берди:

"Канышай Мамыркулованын бүгүн абалы салыштырмалуу жакшы, кечээ моралдык-психологиялык абалы өтө начар эле. Бүгүн суракка алып келгенде андан баш тартып, бул анын Баш мыйзамда жазылган укугу экенин билдирди. Эртең, 22-мартта баш коргоо чарасы каралат, бирок ишти кайсы сот карары белгисиз азырынча. Мамыркулова өзү эч кандай күнөөсү жок экенин, башаламандыктарга чакырбаганын, кылмышка тете иш кылбаганын айтып жатат".

Адвокат экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Мамыркуловага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин ("Улуттар аралык кастыкты козутуу") негизинде да айып тагылары сурак алдында айтылганын "Азаттыкка" билдирди.

Бишкек милициясы Мамыркулованын тергөө иши боюнча комментарий бере элек.

Аманбол Бабакулов Фейсбукка Мамыркулова камалгандан кийин жазып, адвокатынан берип жиберди делген катты жарыялады:

"Урматтуу кыргыз эли! Чек ара меники же башканыкы эмес, жалпыбыздыкы. Мен кылмыш кылганым жок. Мен ПРИНЦИП деген сапатты, элди, элдүүлүктү, жерди сактайлы деп пикиримди билдирдим. Кудай алдында, бабам Токсаба Төрөнүн алдында, элдин алдында айыптуу эмесмин. Сый-урматым менен Канышай Мамыркулова".

21-мартта өлкөдөгү укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековгоачык кайрылуужолдошту. Кайрылууда журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган. Анын үстүнө анын саламаттыгы абдан кооптуу абалда экени да белгиленген.

Кыргыз бийлигине кайрылуу
Кыргыз бийлигине кайрылуу

Кайрылууда "Мамыркулова айрым учурда ачуу сындайт. Бирок анын мамлекетке зыян келтире турган, башаламандык уюштуруу боюнча кыянат ою болбогондугун эл көрүп, билип турат. "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" демекчи, өз оюн ачык айтканы үчүн айыптап, "бөрк ал десе, баш алган" жорукка сиздерди жол бербейт деген ишеничтебиз жана сиздерден калыс, акыйкат, адилет мамиле күтөбүз!" деп жазылган.

Кайрылууга кошулгандардын бири Семетей Талас уулу буларга токтолду:

"Биз Канышай эжеге тилектештик билдирип жатабыз, бошотуп койсо деген үмүтүбүз бар. Менин оюмча Канышей эженин жазгандарында мамлекетти басып алууга чакырган нерселер жок. "Чындык ачуу болот" дешет, балким ошого теригип кетишти. Эже өзү оорулуу, ал анчалык масштабды, башаламандыкты каалабайт, дайыма мыйзам иштесин деп келген. Мамыркулова Конституцияда жазылган укугун гана колдоду, ар бир адам өз оюн билдиргенге укуктуу. Эже өз оюн, пикирин ачык жазып жүргөнү баарыбызга маалым".

Кайрылууда "эгер мыйзам алкагында кандайдыр бир чекилик кеткен болсо жалгыз бой энени үй камагына чыгарып, териштирүү иштерин жүргүзсө болот" деп белгилешкен.

Мамыркулованы үйүнөн милиция кармап кеткени 20-мартта белгилүү болгон. Жакындары милиция кызматкерлери кардар катары анын үйүнө барып, күч менен алып кетишкенин айтышкан.

Бишкек шаардык милициясы журналист Канышай Мамыркулова "массалык башамаландыкка чакырыкка" жана "улут аралык кастыкка" шектелип кармалганын билдирди.

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта “соцтармактарда мониторинг жүргүзүү учурунда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен өлкө аймагында массалык башаламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, коңшу өлкөлөрдүн жана кыргыз жарандарынын ортосунда улуттар аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган «Канышай Мамыркулова» аттуу колдонуучу аныкталган” деп айтылат.

ИИМ соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыкканын кошумчалаган. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине ылайык ("Массалык баш аламандыктар") иш козголуп, Мамыркулова Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына камалганын кабарлаган.

Милиция Мамыркулова буга чейин кыргыз-өзбек чек арасын тактоо маалында "коомдук-саясий абалды курчутканы үчүн" жоопкерчилиги каралганын белгилеген.

"Канышайга боштондук"

Буга чейин бир катар маалымат каражаттарында иштеген Мамыркулова соңку жылдары эркин журналист катары соцтармактарда активдүү болуп, коомдук-саясий окуяларга пикирин билдирип, бийликтин айрым иштерин кескин сындап турган.

Ал кармалгандан кийин журналисттер, жарандык активисттер, айрым саясатчылар тынчсыздануусун билдирип, соцтармактарга жазып жатышат. Алар журналисттин ден соолугун начар экенин жазышып, үй камагына чыгарууну бийликтен талап кылууда:

49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” укуктук гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган.

Бийлик жана күч органдарынын жетекчилери кайрылууларга комментарий бере элек.

Мамыркулова аны белгисиз бирөөлөр кармап кетерден бир сааттай мурун Фейсбуктагы баракчасына парламент депутаттарынын Министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө жасаган мамилеси тууралуу пост жазган.

Мурунку президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин тушунда Мамыркулова куугунтукка кабылып, аткаминерлер менен соттошуп, белгисиз бирөөлөрдөн зомбулук көргөн учурлары да болгон.

Мамыркулова тууралуу азыркы бийликти жактагандар менен фейк-фабрикалар социалдык тармактарда ар кандай каралаган постторду жазып келишет. Ошол эле маалда, коомдогу ар кандай көрүнүштөргө калыс пикир айтканын жактагандардын катары да калың.

Шерине

XS
SM
MD
LG