Мэриянын талабы, тургундардын жүйөсү
Президенттин администрациясы жайгашкан "Ынтымак ордонун" жанындагы Киргизия деп аталган конуштун тургундары мэриянын аракетин мыйзамсыз деп атап, жеке менчик укугу бузулуп жатканын билдирүүдө.
Фундаменттен баштап 10 метрдей жылууну талап кылып жатышканын айткан жергиликтүү тургун Өмүрбек Дубашев андай болсо үйүнүн тең жарымы кетиши мүмкүн экенин билдирди. Ал аталган конушта жашаганына 30 жылдай болгонун, үйү президенттин администрациясы жайгашкан "Ынтымак ордонун" жанында турарын айтып берди. Дубашев шаар бийлиги жолду кеңейтебиз деп келип, дубалына кызыл түстөгү белги коюп, короосунун тосмосун жылдырууну талап кылып жатканын айтты:
"Биз эч жакка көчпөйбүз. Бул кичинекей боз үй эмес да алып, тигип койгудай. Муну куруш керек. Буга 3-4 жыл керек. Акча керек. Билбейм эми... Тигине, жол кенен, татынакай жол. Эгер жол керек болсо, тоонун четинен, Сокулуктан берки чек арадан аэропортту көздөй түшүп кетпейби, же Аламүдүн районунан түшүп кетпейби? Дал ушул тилке керекпи магистралга чейин?
Киргизиянын тургундары менен күн мурун мэр Айбек Жунушалиев жолугуп, үйлөр бузулуп кетпеши үчүн кошумча жол салынбай турганын айтты. Анын билдиришинче, тротуар жана велосипед жолун салуу үчүн алардын короосунан кошумча жер кесилет:
"Кызыл сызыкка" чейин 4-5 метр силердин тилкеге баары бир кирүүгө туура келет. Бүгүн биз бак-дарак отургузабыз, алар Европадан сатылып алынды. Резиденциядан баштап Ахунбаев көчөсүнө чейинки иштерди президенттик иш башкармалык жүргүзөт. Бул жерде "Ынтымак ордо" жайгашкан, өкмөттүк шаарча курулат. Ооба, биз буга чейин жолду кеңейтүү болбойт деп айтканбыз. Бирок унаанын саны күн сайын эмес, саат сайын өсүүдө. Башкача айтканда, азыркы жол инфраструктурасы ошол унаа кыймылын тейлөөгө жөндөмдүү болбой калууда. Ошондуктан мындай чечим кабыл алууга биз аргасыз болуп жатабыз. Тыгын болуп, машиналар токтоп туруп калууда. Бул шаар тургундарынын коопсуздугу жана комфорту үчүн керек.".
Нааразылыгын билдирип жаткан тургундар менен 24-мартта Бишкектин башкы архитектуралык мекемесинин жетекчиси Урмат Карыбаев жолукту.
Ал "кызыл сызык" чийилген кагаз жабык документ деп эсептелерин айтып, сүрөткө, видеого тартууга тыюу салды жана телефондорун чогултуп алды. Өз сөзүндө "Бишкекбашкыархитектура” мекемесинин жетекчиси 1975-жылы бекитилген "кызыл сызык" боюнча иштеп жатышканын билдирди.
"Шаар кандай өнүгүп, кандай тапшырмалар берилип жатканын өзүңөр көрүп жатасыңар. "Кызыл китепти" биз бербейбиз. Аны ким берсе, тиешелүү мекеме жооп берсин. Биз шаар куруу тууралуу айтып жатабыз, ал жерде 1975-жылдан бери "кызыл сызык" бар. "Кызыл китептер" мыйзамдуу берилгенби, аны юристтер тактасын".
Киргизиянын дагы бир тургуну Алымбай Окунов бул конушта 1997-жылдан бери жашайт. Ал тилкелер шаардын башкы планына туура келбегенде үй курууга уруксат берилмек эмес деп эсептейт:
"Адегенде долбоордон башталат да, үй курула турган жерге отургузуу деген документ бар да. Ошондон башталат. Башкы пландын көчүрмөсүн алып, ошол жерге отургузуп, анан аны бардык кызматтар менен макулдашып чыгышат. Ошол жерде колу турат. Ал кезде башкы архитектор Султанов деген киши болгон. Ошол киши өзү колу менен ушул жерге отургузганга болот деп кол коюп берип, мөөр басылып турат. Эгерде "кызыл сызык" өткөн жер болсо, анда эч кандай архитектордун ал жерге курууга акысы болбойт эле. Эч кандай "кызыл сызык" жок болчу, кийин эле сыза коюшту".
Анастасия Полетаева да бул конуштун жашоочусу. "Кызыл китептер" убагында мыйзамдуу берилгенин айткан тургун эгер мамлекет ал тилкелерди коомдук максатта колдонгусу келип жатса анда Жер кодексине ылайык базар баасында сатып алышы керек деп эсептейт:
"Мыйзамда базар баасы менен сатып алуу керек деген түшүнүк бар. Бул маселени жөнгө салыш үчүн мамлекет, мэрия бардык аракетин мыйзам чегинде, укуктук негизде жүргүзүшү керек".
Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жолду кеңейтүү жүйөсү менен шаар бийлиги 50дөн ашык түтүндүн жерин кыркканы жатканы айтылды. Ал эми Бишкектин башкы архитектура мекемеси жана мэрия короосу кесиле турган үйлөрдүн так санын айта элек.
Кеп Айтматов проспектинин Абсамат Масалиев проспектинен Семетей көчөсүнө чейинки тилкеси жөнүндө болууда. Шаар бийлиги ал жердеги автомобилдик жолду кеңейтип, алты тилкелүү трасса курууну, четине велосипед айдоочулары үчүн өзүнчө жол жана тротуар курууну пландап жатканын маалымдаган.
Ошол тилкедеги жол боюна салынган үйлөрдүн ээлери муниципалдык жерге кирип, "кызыл сызыктан" өтүп кеткенин айткан мэрия алгач 12 метрди бошотууну талап кылганы, азыр 4-5 метр тууралуу сөз болуп жатканы, эгер жери алынса мамлекеттен кенемте төлөнбөй турганы кабарланууда.
Суроо жараткан башкы план
Борбор калаанын башкы планы коомчулук үчүн ачык болушу керектигин айткан активисттер бир нече жыл мурда бул маселени көтөрүп чыгышкан. Ошондон кийин аталган пландын сүрөтү мэриянын расмий сайтына жайгаштырылган. Анда бул башкы план 2025-жылга чейин экени, аны өкмөт токтому менен 2006-жылдын 21-ноябрында бекиткени жазылган.
Былтыр июнь айында ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаров Бишкек жана башка шаарлардын башкы планы үч жыл ичинде бекитиле турганын билдирген. 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында административдик-аймактык реформа боюнча маселелер каралып жатканда депутат Дастан Бекешев бир топ шаарлардын башкы планы жок экенин, Бишкектин аймагы кыйла кеңейгенин белгилеген.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.
Реформанын негизинде Бишкек шаары 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейген. Чүй облусунун 8 айыл аймагы жана 4 айыл аймагынын айрым айылдары борборго кошулган.
Бишкектин 2006-жылы кабыл алынган башкы планын архитекторлор бир кыйла сабаттуу жасалганы менен, болгону 15-20% гана ишке ашты деп эсептешет. Башкы планда Аламүдүн, Ала-Арча дарыялары менен Чоң Чүй каналынын өрөөндөрү тоодон шаарга кирүүчү муздак аба агымынын нугу катары кызмат кылгандыктан анын аймагында курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган.
Соңку жылдары Бишкекте көп кабаттуу үйлөр көп курулууда. Алардын айрымдарынын мыйзамдуулугу да суроо жараткан.
Шерине