Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Аксы окуясы: Тарых тактайт, чындык өчпөйт


Аксы. 2025-жыл
Аксы. 2025-жыл

Аксы окуясына байланыштуу эскерүү иш-чаралары Боспиек айылында жана Бишкек шаарында өттү. Аксы окуясы өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолунда адилетсиздикке каршы жалпы элдик көтөрүлүштүн башаты катары бааланып келет. Кыргызстандыктар эркиндиктин кадырын сезип, ошол окуялардын сабагын алдыбы?

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон. Боспиек айылындагы бийлик элге ок аткан окуядан бери өлкөдө эмне өзгөрдү?

Аксы окуясы Бишкекте оппозиция өкүлдөрү жана ошол окуяга катышкан бир ууч кишинин катышуусунда эскерилди.

Алар "Ала-Тоо" аянтында Аксы жана Апрель окуяларынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке гүл коюп, куран окушту.

Аксы окуясында жарадар болгон Анаралы Назарбеков бүгүн Боспиек айылында эскерүү митинги өткөнүн билдирди. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир катар сунуштар берилгенине токтолду.

“Мен азыр эле Боспиекте сүйлөдүм. Адам атылгандан кийин жүрөктө так калат экен. Ок тийди, жарадар болдуң, кароосуз калдың дегендей. Ошол окуяда төшүмө ок жегем, эң оор жаракат меники эле. Он жыл дегенде араң өзүмө келип, адам болдум. Өлгөндөрдүн жакындары сыздаса, биздин жараат алган жерибиз сыздайт. Жылда бир жолу медициналык текшерүүдөн акысыз өтүп турсак жакшы болмок. Бүгүн ушундай сунуш бердик. Келечек муун мындай окуяларды билиши керек, мамлекет аны эске салып, сабак катары айтып турушу керек. Биз убагында жердин бүтүндүгү, демократия үчүн чыкканбыз. Жерди сатып, элди атып, басынтуу кыргыздын менталитетине туура келбейт”.

Аксы окуясында баш-аягы 79 киши жарадар алганы айтылып жүрөт.

Окуяда токмок жегендердин бири Гүлбара Ашимова Аксы окуясы жылдан жылга унутулуп баратат деп кейиди.

“Аксы окуясына баа берилген жок. Кимдин күнөөсү бар экени аныкталган жок, жооп беришкен жок. Өлгөндөр өлүп кетти. Тарых тактайт, чындык өчпөйт дешти эле ага деле көз жетпей калды. Кыйналып ооруканага барсаң, жеңилдик болбосо, ачууң келет экен. Биз эми жер берилбесин деп чыккан элек да, келечек муун үчүн күрөшөбүз дегенбиз да. Карап туруп саясатчыларга нааразы болом. Баштаган иштерин аягына чыгышкан жок. Акыркы жылдары 2002-жылы болгон окуя оозго көп алынбай унутулуп баратат”.

Үзөңгү-Кууш Кытайга берилгенин парламентте айтып чыккан Азимбек Бекназаров 2001-жылы январь айында камакка алынган. Аны бошотуу талабы менен ачкачылык жарыялаган Шералы Назаркулов февралда жашоо менен кош айтышкан. Дагы бир ай өткөндөн кийин, 17-18-мартта Аксыда кан төгүлгөн.

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Азимбек Бекназаров ошол кезди минтип эскерди:

“Үзөңгү-Куушка ошол кезде алты депутат барып келгенбиз. Азыр ушу турган Баткенге да барбай жатышпайбы. Биз жердин жашыруун өтүп кеткенин далилдеп чыктык. Мен парламентте 2001-жылы бул тууралуу айткам, жашыруун өткөнү президентке импичмент алып келет дегем. Ошондон кийин ал (Аскар Акаев-ред.) мага душман болду. Изилдеп отуруп, жети жыл мурда тергөөчү болгон кездеги ишти тапты да 2002-жылы, 1-январда камакка алды. Импичмент деген сөзгө катуу териккен да. Илимпоз адам да, импичмент жарыяланса, тарыхта кандай ат менен каларын билген”.

Аксы окуясынын тушунда мурдагы президент Курманбек Бакиев премьер-министр болуп турган. Азимбек Бекназаров анын 2002-жылдын 17-18-мартындагы кан төгүүгө тикелей тиешеси бар экенин бул жолу да айтып өттү.

Аксы окуясында элге ок атууга себепчи болгондор тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова буларды айтты:

"Мен убагында бул иш боюнча жети жыл сотко каттагам. Ал жерде “Тайфун” операциясы болгон, тыюу салынган октор колдонулган. Аны биз сотко эксперттерди чакырып сураганда билгенбиз. Эмне себептен аларды колдонушканы белгисиз бойдон калды. Аны ошол кезде ачык айта алган эмесмин. Анткени маалыматты ачыкка чыгарбоо тилкатына кол коюп берген элек. Он жылдан ашуун убакыт өттү да, эми айта берсем болот. Эл Кербенге баратканда ок негизинен эркектерге тийген. Болбосо ал жерде аялдар да болгон да. Мындан улам мага снайперлер эркектерди терип атканбы деген ой келет. Генерал Калмурат Садиев окуя маалында комендант болгон, документтерден “Тайфунду” ишке ашырууга ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев кол койгонун көргөм”.

Бирок Кыргызстандын мурдагы президенти, 2010-жылы бийликтен куулган Курманбек Бакиев “Тайфун” операциясын киргизүүгө эч кандай тиешеси жоктугун, күч органдарынын баары мамлекет башчы Аскар Акаевдин карамагында болгонун айтып келет.

"Аксы окуясы сабак болбоду"

Азиза Абдирасулова Үзөңгү-Кууш маселесине убагында туура баа берилгенде кийинки кандуу окуялар болмок эмес деп эсептейт.

“Аксы окуясы баасын албай калды да. Болбосо элдин мамлекетке болгон нааразылыгынын эң күчтүүсү болгон. Улам-улам бийлик алмашуу ушул Аксы окуясынан башталган. Кыргыздарга жер канчалык маанилүү экенин ушул Аксы окуясынан көрсөк болот. Үзөңгү-Кууштан кийин Каркыра берилгенде да далай жаштар сабалып, камалган. Ал дагы ачык айтылбай калды. Бирок ошол камалган балдардын сотуна катышып тургам. Дооронбек Садырбаев баштаган саясатчылар Түпкө барганда жумуртка чабуулуна кабылган. Ошонун эле уландысы Кемпир-Абад окуясы болду. Анда да далай киши өз пикирин билдиргени үчүн, "келишим шарты ачык айтылсын" дегени үчүн камалышты. Эгер Үзөңгү-Кууш маселеси жетишерлик баасын алганда, коомчулуктун нааразылыгы аз болгондо, балким Каркыра да, Кемпир-Абад да маселеси да болмок эмес".

Саясатчы Мамбетжунус Абылов Аксы окуясын бийликти узурпациялап алуунун натыйжасы катары сыпаттады.

Мамбетжунус Абылов
Мамбетжунус Абылов

“Аскар Акаев демократияны коммунисттерге каршы колдонгон, андан кийин авторитардык системаны орноткусу келген. 1995-жылдан баштап эле ал үчүнчү мөөнөткө барабы же барбайбы деген кептер чыга баштаган. 2000-жылы шайлоодо өзү утуп чыкты, бирок анда шайлоо деле болгон эмес, БШК эле чечип койгон. 2002-жылдагы Аксы окуясынын башталышына ушул шайлоо жыйынтыгы себеп болду деп ойлойм. Ошондон кийин оппозиция баш көтөрө баштады. Мен ал кезде депутат элем, авторитардык бийлик ушунтип түптөлөрүн баарыбыз сезип калганбыз. Мамлекеттин өнүгүү жолу, суверендүүлүк демократияда экенин туура түшүнгөн экенбиз жана аны орнотуу үчүн күрөшкөнбүз. Бийлик ошол саясатчылардын оозун басуу үчүн депутатты камап, Аксы окуясы чыккан".

Мамбетжунус Абылов авторитардык системалар эртеби-кечпи куларын, кайсы бийлик болбосун өткөндөн сабак алышы керектигин кошумчалады.

Коомчулукта Аксы окуясы андан кийинки элдик толкундоолордун генератору болгону айтылып келет.

Анткен менен жарандык активист Мавлян Аскарбеков кан төгүү менен коштолгон толкундоолор Аксы окуясынан сабак албагандан улам чыккан деген пикирде.

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

“Кыргыз эли тилекке каршы, Аксы окуясынан сабак алган жок. Муну андан кийинки 2005-2010-жылдагы кандуу окуялар далилдеп турат. Коронавирус пандемиясындагы өлүмдөрдүн баары Аксы окуясынан жыйынтык чыгарбаганыбыздын көрсөткүчү. Элибиздин демократия, сөз эркиндигине умтулуусу жокко эсе экенин айтсак болот. Мунун баары билим берүү, маалымат жагындагы реформа жүрбөгөнүнөн, улут катары, коом катары артта калганыбыздан кабар берет. 34 жыл ичинде маалымат саясаты, билим деңгээлин жакшыртуу иштери дээрлик жүргөн жок. Ошол билимсиз катмардан чыккан жана туура эмес баалуулуктарды карманган адамдардын улам-улам бийликке келишинин айынан бүгүнкү абалга жеттик”.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон. Тарыхчылар жана саясат таануучулар Аксы окуясы өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолунда адилетсиздикке каршы жалпы элдик көтөрүлүштүн башаты катары мүнөздөп келет. Аксы окуяларынын арты менен 2005-жылы андан кийин 2010-жылы бийлик алмашып, президенттер өлкөдөн куулган.

Шерине

XS
SM
MD
LG