Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:46

Депутатка берилбеген убакыт, парламенттин абалы


Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламенттин борбордук трибунасынан сөз сүйлөөгө эки ирет уруксат сурап, ал өтүнүч эки жолу тең четке кагылды.

Айжигитов буга нааразылык билдирип жатып, “парламент эл өкүлдөрүнүн үнүн угузган жай эмес, өкмөттүн чечимдерин бекитип берген нотариус” болуп калганын айтты.

Парламенттин жетекчилиги мындай дооматты четке какса, президент Айжигитовдун аракетин кыйыр түрдө сынга алды. Буга чейин Жогорку Кеңеште оппозициялык күчтөр азайганы жана парламенттин башкаруудагы ролу төмөндөгөнү жөнүндө кептер чыккан.

Айжигитовдун нааразылыгы

Депутат Султанбай Айжигитовдун аты аталган маселе кыргыз-тажик чек ара келишимин кароодон башталган. 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитети чогулуп, делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоорун караган маалда ал жалпысынан соңку чечимдерди колдой турганын, бирок айрым тактоочу жагдайлар бар экенин айткан.

Бир аптадан кийин, 5-мартта Айжигитов жалпы палатанын жыйынында 10-15 мүнөт убакыт алып, чек ара келишиминин долбоору менен толук таанышып чыкканын айтып, анын шарттарын кескин сынга алган. Депутат анын ичинде Төрт-Көчөнүн нейтралдуу аймак катары калтырылганын, Достук айылынын тажик тарапка берилгенин жана башкаларды айыптаган.

Ошол эле күнү Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы депутат Султанбай Айжигитовду өзүнүн атынан гана сүйлөгөнүн, анын пикири фракциянын позициясын билдирбей турганын айтып, аны өз катарынан чыгарган.

Эркин депутат катары ишин уланткан Айжигитов 12-мартта жалпы жыйынында парламенттин борбордук трибунасынан “Ыйман Нуру” фракциясынан чыгарылышы тууралуу 10 мүнөт сөз сүйлөөгө уруксат сурады. Ага 20 эл өкүлү “макул”, 14 депутат “каршы” добуш берип, жыйынтыгында ага убакыт берилген жок.

Султанбай Айжигитов бул Конституцияга, Жогорку Кеңештин регламентине, депутаттын статусу жөнүндөгү мыйзамдарга каршы келерин айтып, сунушту дагы бир жолу добушка коюуну суранды. Парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сунушту экинчи ирет колго салган жок.

Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов.

“Эми мага сөз да бербейсиңерби? Мыйзам деген барбы? Бул парламентпи же нотариалдык органбы? Уялбайсыңарбы. Мен фракциядан чыгып кеткеним жөнүндө билдирүү кылып коёюн деп атам. Андан башка эч нерсени айтпайм. Чек араны да, башкасын да айтпайм. Эми сөз сүйлөгөнгө да уруксат бербейсиңерби?”, - деди Султанбай Айжигитов.

Депутат 13-мартта кайрадан сөз сүйлөөгө жолу уруксат сурап, ал экинчи жолу четке кагылды. Парламенттин жыйынында катталган 73 депутаттын 24ү добуш берүүгө катышып, алардын 19у “макул”, беш депутат “каршы” добуш берди.

Айжигитов добуш берүүдө эл өкүлдөрү аны колдогонун айтып, ага карабай сөз берилбей жатканын сынга алды:

“Мыйзам чыгаруу бийлик бутагы толугу менен узурпация болуп калыптыр. Бул өтө жаман көрүнүш. Эч кандай жакшылыкка алып келбейт. Анан бизде иш жүзүндө парламент жок экенин көрсөтүп турат. Азыр 73 депутат катталды, бирок 24ү эле добуш берди. Ошонун 19у “мага сөз бергиле” деп добуш берди. Беш эле киши каршы”, - деди ал.

Парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев, Султанбай Айжигитов сунушту экинчи жолу добушка коюу керектигин айтышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу маселе добуш берүү менен чечилгенин билдирип, парламентке айтылган сынга жооп берди.

Нурланбек Шакиев
Нурланбек Шакиев

“Парламент бар үчүн сиз бул жерде отурасыз. Кечээ болсо “уятыңар, бетиңер жок экен” деп айтып атасыз. Парламентте отурган депутаттардын уяты, бети, акылы да бар. Сөз деп эле сүйлөй бербеш керек да”, - деди ал.

Президент Садыр Жапаров бул маселе боюнча “Кабар” улуттук маалымат агенттигине интервью берип, чек ара түбөлүккө чечилип жатканын жана эки тараптын кызыкчылыгы тең эске алынганын айткан жана Султанбай Айжигитовдун сөзүн четке каккан.

13-март күнү Бишкекте Президенттин администрациянын имараты – “Ынтымак ордодо” Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койду. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашты.

Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаров чек ара келишимине кол койгондон кийин. Бишкек, Кыргызстан. 13-март, 2025-жыл.
Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаров чек ара келишимине кол койгондон кийин. Бишкек, Кыргызстан. 13-март, 2025-жыл.

Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасында билдирүү жазып, анда эки тарап кол койгон келишим 19-мартта ратификациядан өтүү үчүн Жогорку Кеңеште караларын кабарлады. Мамлекет башчы эл өкүлдөрү ошол жерде талаш жараткан бардык суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

"Парламенттин үнү басылды, оппозиция калган жок"

Кыргыз ССРнин Жогорку советинин 12-чакырылышы, кийин “Легендарлуу парламент” деген ат менен тарыхта калган чакырылыш 1994-жылы таратылып, 1995-жылы Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышы шайланган. Депутаттар алгач аралаш системада тандалып, ортодо партиялык да, бир мандаттуу да шайлоолор өттү.

Айрыкча бир мандаттуу шайлоо системасы менен келген чакырылыштарда, мисалы экинчи-үчүнчү-төртүнчү чакырылыштарда парламентте талаш-тартыш талкуулар жүрчү. Бийликчил депутаттар үстөмдүк кылганына карабай бирин-серин депутатар ошол кездеги бийликке кескин сындарды айтып, министрлерди алмаштырууга, зарыл болсо өкмөттү алмаштырууда да чоң роль ойношчу.

2010-жылы өлкө шарттуу түрдө парламенттик деп аталып, бешинчи чакырылыштын өкмөттү башкаруудагы ролу кеңейтилген. Негизгиси өкмөттү Жогорку Кеңеш беките турган болгон.

2015-жылы алтынчы чакырылышта бийликчил жана оппозициялык партиялар балансталып шайлангандай болду. 2020-жылы көбүнчө бийликчил деген партиялар утуп кетип, шайлоо жыйынтыгы жокко чыккан.

Октябрь окуясындагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум аркылуу президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу, ыйгарым укуктары кыйла азайган. Анын ичинде депутаттардын саны 120дан 90го кыскартылып, жетинчи чакырылыш аралаш системада шайланды.

Парламенттин мамлекетти башкаруудагы ролу төмөндөгөнү тууралуу талаштар так ошондон башталды. Бул системаны сынга алгандар азыраак депутаттарды көзөмөлдөп алуу тобокелдиги бар экенин эскертишкен.

Кийинчерээк депутаттар чекеден мандатын тапшыра баштаганда да ушундай талкуу чыкты. Кээ бири дипломуна, башкалары бажы, коррупция же башка ушул боюнча иштердин алкагында өз эрки менен кетишти. Үч жарым жыл ичинде кеминде 21 депутат ар кандай жагдайда мандатын тапшырды. Бул жалпы парламенттин 24-25% деген сөз.

Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы.
Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы.

Кызыгы бир нече депутаттар сын-пикир айткандан кийин, же өкмөт өкүлдөрү менен кайым айтышкандан соң мандатын тапшырышкан. Анын ичинде эки фракциянын лидерлери – “Бүтүн Кыргызстандын” жетекчиси Адахан Мадумаров менен “Ыйман Нуру” фракциясынын төрагасы Нуржигит Кадырбеков ар кайсы маселелерден улам бийликти сындап чыккан соң мандатынан ажырады. Муну менен иш жүзүндө парламентте ачык оппозиция калбай калды.

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында депутат болгон саясатчы Жылдызкан Жолдошева бийлик бутактарынын балансы сакталбай калганын белгиледи:

Жылдызкан Жолдошева
Жылдызкан Жолдошева

“Мен биринчи курултайда “бизге президенттик башкаруу болбойт экен, президенттик жана парламенттик башкарууга кайталы” деп айткам. Анткени, мурдагы Конституция бийликтин үч бутагынын тең салмактуулугун кармап турчу экен. Албетте, анын деле кемчиликтери бар, ал Баш мыйзамдар да шашылыш кабыл алынган, бирок артыкчылыгы ошол болгон экен. Ошонун натыйжасында бешинчи чакырылыш күчтүү болгон экен. Ал кандай тең салмактуулук болчу? Биринчиден, президент каалаганын кыла албайт эле, кайсы бир маселелерде парламент бөгөт коюп коюуга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Сот бийлиги, аткаруу бийлигинин кээ бир туура эмес иштерине да бөгөт койчу рычагдар бар болчу. Азыр болсо президентте абсолюттук бийлик болуп калды. Ал кызматта Жапаров отурабы, же башкасы келеби, ал баары бир эбегейсиз бийликке ээ болуп калды. Ал эми абсолюттук бийлик дайыма кандайдыр бир ката кетирүүгө алып келет. Так ошондой каталарды кетирип албоо үчүн бийлик бутактары бири-бирин баланстап турушу керек. Мисалы, ошол эле чек ара маселесинде макулдашуулар балким туурадыр, биз протоколдорду толук көргөн жокпуз. Бирок эгер таптакыр туура эмес болуп калсачы? Аны сындаган же ага альтернативдүү пикирлер да айтылышы керекпи? Айжигитов деле өтө катуу каршы чыгып жаткан жок, ал жөн гана “жаңылып калбайлы” деп айтып чыкты, бирок анын да үнүн басышты. Бул жерде бийлигин эч ким менен бөлүшүүнүн кереги жок, стратегиялык маселелерде болгону парламент менен кеңешип койсо деген гана тилек болуп калды. Айтор, мына ушундай маселелерде эми парламенттин үнү жок болуп калды. Буга парламент өзү да күнөөлүү. Алар өздөрүн-өздөрү тебелеп алган соң аларды бир-бирден камап, мандатын ала берет. Азыр ошондой эле болуп калды. Коркутуп-үрктүү бизде норма болуп калды. Оппозиция жок, альтернатива да жок. Тилекке каршы, бул жолдун келечеги жок”.

Учурда парламентте 90 депутаттын 36сы бир мандаттуу округдардан, 54ү партиялык тизме менен шайланган. Мыйзам чыгаруу бийлигинде азыр сегиз комитет, алты фракция, эки депутаттык топ бар.

Айрым депутаттарда келерки шайлоодо партиялык система менен тандоону калтырып, бир мандаттуу системаны жоюуну сунуштады. Андан көп өтпөй эле башка бир депутаттар тобу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарышты.

Ага ылайык, Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарынан шайланып келет. Өлкө боюнча көп мандаттуу 30 аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат. Тиешелүү аймактык шайлоо округунан эң көп сандагы добуш алган үч талапкер жеңүүчү катары таанылат.

Соңку сунуш чыгары менен коомчулукта кайрадан “бир мандаттуу округдан шайланып келген парламенттин ролу кандай болот?” деген талкуу жаралды.

Мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу тармагы боюнча эксперт Мелис Төлөгөнов “Азаттыкка” буларды айтты:

Мелис Төлөгөнов
Мелис Төлөгөнов

“Азыркы парламент мурдагы парламенттерге окшобой калганын баарыбыз эле көрүп отурабыз. Беш-алты киши эле кайсы бир маселеде сүйлөп чыкпаса, эч ким сүйлөй албай калды. Анткени баарынын оозун жаап салышты. Сүйлөйм дегендерди болсо микрофонун өчүрүп коюп жатышат. Чала-була талаш-тартыштар болгонсуп көрүнүп жатат, бирок керектүү чечимдер өтпөй калып атпайбы? Менимче мунун баарына депутаттардын алсыздыгы себеп болууда. Анткени, көпчүлүгү ишкерлер, же артында кандайдыр маселеси бар адамдар. Демек, аларды ошо мурдагы иштерин кармап туруп эле коркутуп алышууда. Мында сен бийликчил партиясыңбы, оппозициясыңбы, же бир мандаттуу округдан келдиңби, айырмасы жок. Бардыгынын жүрөгүнүн үшүн алып, коркутуп алды. Натыйжада жалпы парламент алсыз болуп калды. Келерки чакырылыш деле кандай жол менен шайланып келеринен айырма жок. Азыркы бийлик аларды да “унчукпас парламентке” айлантып алат”.

Кыргызстанда акыркы жылдары Жогорку Кеңештин эле эмес, жергиликтүү кеңештердин ролу төмөндөгөнсүдү. Себеби, район башчыларын, айыл аймак башчыларын президент менен Министрлер кабинети дайындаганы, жергиликтүү бюджеттерди чечүүдө депутаттардын ролу азайганы себеп катары көрсөтүлүп келет.

Ушундан улам да акыркы жылдары жергиликтүү кеңештерди шайлоого добуш бергендердин катышуусу кыскарып жатканы айтылууда. Бийлик өкүлдөрү калкты добуш берүүгө чакырып, чоң өнөктүк жүргүзгөнүнө карабай былтыр октябрда 33 шаардык кеңеш жана 231 айылдык кеңеш үчүн өткөн шайлоодо шайлоочулардын 27% добуш берип, катышуу аз болду.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG