Чек араны тактаган үч документ
Мунун алдында Жогорку Кеңештеги комитеттердин биргелешкен жыйыны өтүп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо комиссиясынын кыргыз тараптан жетекчиси Камчыбек Ташиев баяндама жасап, суроо-жооп болду.
Мындан улам төрага Нурланбек Тургунбек уулу жалпы жыйында баяндамасыз жана талкуусуз эле дароо добуш берүүгө өтүүнү сунуштап, колдоо тапты.
Добуш берүүдөн кийин төрага Тургунбек уулу бул чечим "тарыхый мүнөздө" экенин белгиледи.
"Бул кылымдардан бери келаткан эки элдин достугун мындан да чыңдайт, ортодогу пикир келишпестиктеди, кагылышууларды токтотуп, чекит коёт деген үмүттөбүз. Эки элдин тилеги ушундай", - деди Тургунбек уулу.
Аягында Ташиев да сөз алып, бул окуяны чоң жеңиш катары баалап, мыйзам долбоорлорун колдоп берген депутаттарга ыраазычылык билдирди.
"Бул чечимге келүү өтө кыйын болду. Конфликттер, уруш-талаштар болду, өтө чоң кайгыларды башыбыздан өткөрдүк. Ошолордун баарын жеңип өтүп, кайрадан өзүңдүн душманың менен бир столдо отуруп, ошол маселелерди чечип, болгондо да тынчтык жол менен чечишүүгө жетишүү өтө оор болду. Биз ушуга сиздер менен кошо жетиштик", - деди Ташиев.
Сөз кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу үч мыйзам долбоору жөнүндө болуп жатат:
- Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо;
- Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы автомобил жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобил жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо;
- Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүү камсыз кылуу боюнча макулдашуунун ратификациялоо.
"Лейлектеги 190 гектар, Достук жана "Головной"
Баядама жасап жатып Ташиев Тажикстандын парламенти да 18-мартта кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууну ратификациялаганын билдирди. Бир катар жергиликтүү басылмалар документти Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасы колдогонун жазышты.
УКМК төрагасы кыргыз-тажик чек арасын тактоодогу айрым жагдайларга кеңири токтолуп, коомчулукта талкуу жараткан алмашылган жерлерге байланыштуу маалымат берди.
Мисалы, Лейлек району боюнча 190 гектар жер Тажикстандан алынганын, буга байланыштуу коңшу өлкөнүн Кайрагач өткөрмө пункту 1,6 чакырымга жыла турганын түшүндүрдү. Ташиевдин айтымында, сөз 35 гектарлык Кайрагач анклавы жана анын ылдый жагындагы 155 гектарлык тилке жөнүндө болуп жатат.
Ал эми Баткен районундагы Достук айылынын Тажикстанга берилиши тууралуу маалымат берип жатып Ташиев бул айыл сууну толугу менен Тажикстандан алып, туруктуу 30-40 үй-бүлө жашап келгенин белгиледи. Айыл жакынкы Кызыл-Белге чейин 20, Баткенге чейин 30 чакырым болгондуктан жергиликтүү тургундарга кыйындык жараларын кошумчалады.
"Ал жерде жашаган адамдарга келечекте оор болуп калмак. Анткени суу дагы Тажикстандан алынат. Азыр Баткендин четиндеги Чет-Булак деген жерден жер бердик. Ал жердегилердин тилкеси ар кандай экен, кээ бирөөнүкү 5, 7, 8, 10 сотыхтан дагы бар экен. Биз 71 үйгө, жашабаган, бирок кожолугу барлардын бардыгына Чет-Булактан 10 сотыхтан үй курууга жер бердик. Мамлекет зыңкыйтып үй салып беребиз. Кошумча келечекте үй салганга деп дагы 10 сотых, Кызыл-Белден айыл чарбага үлүш 9 сотых жер берилди. Дээрлик 30 сотых ар бирине берилип жатат. Азыркы жашап жаткандарга бул экономикалык жактан эмес, бир аз психологиялык жактан кыйын болушу мүмкүн. Анткени ошол жерде туулуп-өстү, киндик кан тамган, ата-энелери көмүлдү, өз айылын таштап чыгып кетип жатат. Бирок кийинки муунга эң жакшы нерсе болот. Келечекте аларга окууга, жашоого шарт болот. Качан жаңжал болсо ошол айылы өрттөлүп, талкаланып, адамдар, жоокерлер өлөт. Ушуга чекит коюшубуз керек, ушул максатта кабыл алынды ", - деди Ташиев.
УКМК башчысы Достук айылындагы чек ара тозотун дагы өткөрүп бергенин, анын ордуна Кайрагачтан бир, Лаккондон бир чек ара тозоту алынганын кошумчалады.
Ал эми чек арадагы “Головной” жайындагы суу бөлүштүрүү, Ташиевдин айтымында, мурдагыдай эреже менен уланат. Суунун 50 пайызга жетпегени, ал билдиргендей, Тажикстанга, 20 пайызы Өзбекстанга жана 30 пайызы Кыргызстанга агат.
“Головнойдогу үч шлюздун 1,5 шлюзу бизде калып, калган 1,5 шлюзу тигилерге кетти. Биз төрт метр жерди бериш үчүн 750 гектар жерди алдык. Ал Чоң-Алай районунан Караганды-Сай участогунан 500 гектар, Лейлек районундагы Кароол-Дөбөдөн 100 гектар жана Катта-Туз участогунан 150 гектар жер алдык. Бирок сууну бөлүштүрүү мурдагы бойдон калат, өкмөт аралык келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Демаркация кылган маалда сүйлөшүп, сууну бөлүштүрүүнү электрондук ыкма менен жүргүзүүнү ойлонуп жатабыз. Ал жерде чогуу оңдоо иштерин жүргүзүп, андан соң электрондук эсептегичтерди коюп, кимге канча суу кетип жатканын компьютерден эле карап турабыз”, - деп билдирди Ташиев.
Баткен районундагы Ак-Суу дарыясы Түркстан тоо кыркаларынан башталып, Тажикстандын Ворух анклавын аралап агып, "Головной" деген аталыш менен белгилүү суу бөлүштүргүч жайга түшөт.
60 куймасы бар бул дарыя ошол жерден Кыргызстан менен Тажикстанга бөлүнөт. Кыргызстандын каналы келип Төрт-Гүл суу сактагычына куюп, андан ары бир нече айыл аймактагы 10 миң гектардай жерди сугарат.
"Головнойдун" жогору жагынан бөлүнгөн, Ак-Суу дарыясынын батыш тарабынан кеткен дагы бир канал аркылуу суу Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына барат. Мындан сырткары чектеш тилкелерде жайгашкан айрым айылдарга Ак-Суудан кичине арыктар аркылуу агып кирет. Дарыя андан ары агып, Өзбекстанга чейин жетет.
Жалпысынан, Ташиев билдиргендей, чек араны тактоодо тажик тарап менен алмашылган айылдардан Баткен облусу боюнча жалпы 253 үй-бүлө көчүрүлөт.Лейлек районундагы айылдардан көчө турган тургундар үчүн кыргыз тарапка өткөн Кайрагач аймагында турак жай салынат.
Буга чейин 14-мартта Баткен району боюнча 179 үй жайгашкан жер алмашылып жатканы маалым болгон. Бул тууралуу район акими Данир Иманалиев билдирип, Достук айылынан 70, Таш-Тумшуктан 59, Көк-Теректен 17, Масейитте 17 үй жайгашкан жер алмашыларын тактаган.
Жыйын учурундагы кайым айтыш
Жыйында Ташиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов кайым айтыша кетти. Ташиев Айжигитовду "кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына бербепсиз" деп айыптады. Айжигитов чек ара маселеси боюнча буга чейин айткан позициясынан кайтпай турганын белгилеп, Ташиевдин ага койгон дооматын толугу менен четке какты. Депутат Айжигитов Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирген.
Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу мындай билдирүүсүнөн кийин аны фракциядан чыгарган.
Президент Садыр Жапаров бул маселе боюнча “Кабар” улуттук маалымат агенттигине интервью берип, чек ара түбөлүккө чечилип жатканын жана эки тараптын кызыкчылыгы тең эске алынганын айтып, Айжигитовдун сөзүн четке каккан.
Кыргыз-тажик чек арасынын чечилиши
13-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек ара келишими кабыл алынган. "Ынтымак ордодо" өткөн жолугушууда эки өлкөнүн башчылары Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон эки өлкөнүн чек арасын тактоо жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. Жапаров Рахмондун Бишкектеги мамлекеттик сапарын тарыхый деп атап, кол коюлган документтер эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрөрүн белгилеген.
"Кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссияларынын натыйжалуу ишин өзгөчө баса белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы тууралуу келишимге кол коюу - эки өлкөнүн эли тарабынан да, дүйнөлүк коомчулук тарабынан да кубануу менен кабыл алынуучу тагдыр чечээр, тарыхый окуя болуп каларына ишенем. Бул кадам эки өлкөнүн гана эмес, жалпы Борбор Азия аймагынын коопсузугу, туруктуулугу жана өнүгүүсү үчүн эбегейсиз салым болот", - деген Садыр Жапаров.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз, тажик элдери эзелтен коңшулаш, ынтымакта жашап келе жатканын кошумчалаган. Документтерди кол коюу менен эки өлкөнүн жаңы мамилелеринин чек арасы ачыларына ишеничин айткан. Бул келишимдер эки өлкөнүн достук-ынтымагына өбөлгө болорун белгилеген.
Кол коюу иш-чарасы аяктагандан кийин ортодогу "Кызыл-Бел" жана "Кайрагач" чек ара бекеттеринин ачылыш салтанаты өткөн.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда “Кулунду” (“Овчи-Калъача”), “Кызыл-Бел” (“Гулистон”), “Кайрагач” (“Маданият”), “Карамык” жана “Бор-Дөбө” (“Кызыл-Арт”) аттуу беш өткөрмө бекети бар.
Ачылган эки бекеттен башкалары этап-этап менен ачыларын Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Абдыкарим Алимбаев "Азаттыкка" билдирген.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, аны өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.
Шерине