Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Бакиевдер маселеси кайра көтөрүлдү, Беларус шартын айтты


Курманбек Бакиев, архив.
Курманбек Бакиев, архив.

Президент Садыр Жапаров Беларустан Курманбек Бакиевди алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр болуп жатканын ачыкка чыгарды. "Кабар" маалымат агенттигиндеги соңку маегинде расмий Минск 15 жылдан бери бул өлкөдө баш калкалап жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти камакка алынбаса өткөрүп берүүгө даяр болуп турганын айтты.

Бул Бакиевдер тууралуу талаш-талкууну кайра козгоду. Мунун алдында соцтармактарда Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бишкекке келгени тууралуу сөздөр чыккан, бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны жокко чыгарган.

Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган учкай маегинде Курманбек Бакиевдин уулу Максим менен иниси Жаныш Кыргызстанга келсе камаларын билдирген. Мурдагы президент тууралуу Беларус бийлиги менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, Минск эгер камакка алынбаса өткөрүп берүү шартын койгонун белгилеген. Ошол эле маалда Кыргызстандын Бишкек ЖЭБди оңдоо иши боюнча камалып, кийин өлкөдөн чыгып кеткен мурдагы премьер-министри Сапар Исаков тууралуу дагы ушундай эле сүйлөшүү жүрүп жатканын айтып берген.

"Максим менен Жаныш Бакиевдер өмүр бою соттолгон. Келсе түз эле түрмөгө түшүшөт. Соттун күчүнө кирген өкүмү турат. Ал өкүмдү эч ким өзгөртө албайт. Өзгөртүлбөйт дагы. Ошондуктан аларды берүүдөн таптакыр баш тартышты. Себеби биз ал экөөнү камабай коё албайбыз да. Ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. "Эгер камабасаңар өткөрүп берели" деп жатышат. Сапар Исаков боюнча дагы ушундай эле маселе."Камабасаңар бүгүн өткөрүп берүүгө даярбыз" дешти. Биз ойлонуп жатабыз. Бир чети макул деп алып келип Бишкек Жылуулук электр борбору, музей боюнча сурабайлыбы? Кимдер канча акча алганын айтып берсе болду. Акчаларды бюджетке кайтарып алыш күч органдарынын иши. Уурдалган миллиарддаган акчаларды ушундай жолдор менен эле кайтардык го. Ал эми Курманбек Бакиев боюнча деле ушундай маселе. Ячейкаларда канча акча болгон? Максимдин офисинен уурдалып кеткен алтын концентраты жөнүндө сөз болуп жатат. Канча тонна болгон? Апрель, Июнь окуялары жана башка иштер боюнча ал кишиден да экинчи тарап катары угуп, иштерди жыйынтыктап койбойлубу. "Кантип эле ушул турган Москва менен Минсктен алып келе албай жатасыңар?" деп 15 жылдан бери жалпы эл талап кылып келе жатпайбы. Жалган маалымат тараткандар ушул сүйлөшүүлөрдүн чет-бучкагын укса керек. Ошол үчүн Максим Бакиев деп болжолдоп урдуруп жатышса керек. Кана эми, Максим Бакиев келип калган болсо. Камап коюп миллиарддаган акчаларды бюджетке кайтарат элек",-деген Жапаров.

Садыр Жапаров 2023-жылы февралда Дубайда Кыргызстандын мурдагы президенттери менен жолуккан.

Ал Фейсбуктагы баракчасына бул кадам эл-жердин ынтымагы үчүн жасалганын жана бул демилгени өлкөнүн мурдагы башчылары да колдогонун жазган. Ал жолугушууга Курманбек Бакиевдин дагы катышканы сынга кабылган. Апрель окуяларынан кийин түзүлгөн "Мекен шейиттери" уюму оор кылмыштарга айыпталып, соттолгон адам жазасын алышы керектигин айтып, бийликке кайрылуу жолдогон.

Апрель окуясында жараат алып, кийин Кыргыз эл баатыры наамын алган Алиясбек Алымкулов Курманбек Бакиев сыртынан соттолгонун, жаза чегерилгенин, ошол аткарылышы керектигин белгиледи. Аны Кыргызстанга алып келүүгө далалат кылган күчтөр мамлекет башчыны көндүрүүгө аракет кылып жаткан болушу мүмкүндүгүн айтты:

Алиясбек Алымкулов.
Алиясбек Алымкулов.

"Ал кишиге (Курманбек Бакиев - ред.) соттун чечими бар да. Күн баарына бирдей тиет, мыйзам баарына бирдей колдонулат. Эгер ал келсе камалып, түрмөгө отурушу керек. Аны алып келүү тууралуу мамлекет башчыны көндүрүүгө аракет кылып жаткан адамдардын максаты мамлекет башчыга же кыргыз элине жардам берүү эмес. Мени таң калтырып жатканы, ошону бийлик башчылары аңдабай жатканы. Ал кишинин келип-келбегенинен эч кимге пайдасы жок. Бирок ошол учурду пайдаланып, өз максатына жеткиси келген кандайдыр бир күчтөр бар да. Мен президенттин билдирүүсүн окудум, Сапар Исаковду дагы алып келели, эки жакты тең карайлы дегендей айтыптыр. Бирок Сапар президент болгон эмес да. Эки жакты тең канааттандырган жатабыз дегендей болуптур. Бирок, кечирип койгула, ал 7-апрелдегидей окуяларга себепкер болгон эмес да, экөөнү бирдей кароого болобу? Ошол окуялардан улам көзү өткөндөрдүн саны 200гө чукулдап калды, жалпы 600дөй адам оор жараат алды. Ошонун бийлигинин тушунда азап чеккендер канча. Ошондуктан аны алып келүүнүн түбү жакшылыкка алып барбайт. Азыр эми камалбаса өткөрүп берет экен деп айтып жатат. Башкаларды алып келип эле камап жатышпайбы. Кандай эле бир адамга ушундай өзгөчө мамиле жасалашы керек? Мына, 15 жыл өттү, ошондогу ымыркай балдар эрезеге жетти. Адам баласы өзүн акылдуу сезгенде жаңылат деп айтылат го китептерде. Баары эле биз ойлогондой боло берет дегендин өзү чоң жаңылыштык. Соттун өкүмү чыккандан кийин ал аткарылышы керек, бирөөгө келгенде аткарылбай калбайт деген болбошу керек".

Курманбек Бакиев бийлик башына 2005-жылы Март ыңкылабынан кийин келген жана 2010-жылы 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган Апрель окуяларынын шары менен президенттиктен кулатылган. Ошондон бери үй-бүлөсү менен Беларуста жашап келет.

Апрель окуяларына байланыштуу сотто Бакиев баштаган 28 адамга айып тагылган. Мурдагы президент менен анын тун уулу Марат 30 жылга, анын кенже уулу Максим жана бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүрүнүн акырына чейин сыртынан соттолгон. Бакиевдин тушундагы өкмөт башчы Данияр Үсөновго 15 жылга эркинен ажыратуу тууралуу сырттан өкүм чыккан.

Бакиев ошондон берки бардык маектеринде дооматтарды четке кагып, күнөөсүн мойнуна албай келет.

Ал үй-бүлөсү менен Беларустун башында турган Александр Лукашенконун жеке калкалоосунда экени айтылып келет. Расмий Минск Бакиевди экстрадициялоо тууралуу кыргыз бийликтеринин кайрылуусун такай четке кагып келген.

Апрель окуялары маалында Бишкектин коменданты болгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков Бакиевге делген суроолор Кыргызстанга алып келбей деле берилсе болоруна токтолду. Ал Кыргызстанга "камакка алынбаса өткөрүп берүү тууралуу" шартты сынга алды.

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

"Бакиевди бул жакка алып келип сурайбы же ошол жактан сурайбы, айырмасы жок. Бизде келишим бар, КМШ өлкөлөрү арасында юридикалык жактан бири-бирине жардам берүү боюнча келишимдер бар. 15 жылдан бери ким качан барып сурады? Ошол эле Сапар Исаков боюнча деле ошондой. Ким каякта качып жүргөнү такталса барып сурап, тергөө иштерин, амалдарын жүргүзө берсе болот. Анан жанагыдай "камабасаңар" деген шарт койгону туура эмес".

Апрель окуяларындагы талап-тоноочулукка байланыштуу 2012-жылы парламентте "Республика" фракциясынын сунушу менен депутаттык комиссия түзүлгөн. Буга мародерчулукка айыпталып, ошол маалда абакта отурган Абдулла Юсупов аттуу жарандын "атамекенчи" депутаттарды айыптаган көрсөтмөсү негиз болгон. Юсупов “Ата Мекен” партиясынын жетекчилигин "2010-жылы 7-апрелдеги ыңкылап учурунда Бакиевдердин үй-мүлкүн талап-тоноого буйрук берип, аларды атайын даярдалган кампаларга ташытып турган" деп абактан көрсөтмө берген. Бишкектин чок ортосундагы Максим Бакиевге таандык алтын чайкаган лабораториядан бир тоннадан ашуун алтын кошулмасы чыгарылып кеткендигин да айтып чыккан.

Депутаттык комиссия корутундусун 2013-жылдын башында жарыялаган жана аны комиссиянын беш мүчөсү колдоп кол койгон, ал эми калган бешөө кол коюудан баш тарткан. Ошол комиссиянын төрагасы, “Ата-Журт” фракциясынын мурдагы депутаты Курманбек Осмонов талоончулукка “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн тиешеси аныкталганын маалымдаган.

Ушул көрсөтмөнүн негизинде Райкан Төлөгөнов 2017-жылы камалган жана ал күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Туратбек Мадылбеков ал иштердин саясий өңүтү болгон деп эсептейт:

"Атамбаев муну убагында катуу текшерттирген. Канчалаган укук коргоо органдары текшерди, Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ баштаган бардык укук коргоо органдары баары төрт-беш жолудан текшерип чыккан. Андан сырткары мекеме аралык комиссия деп кошумча кесипкөй тергөөчү, ыкчам кызматкерлерди кошуп булардын баарын тергеген. 2011-жылы саясий оюн болуп кеткенде Өмүрбек Текебаев дагы президенттикке коем дегенде, Атамбаевге саясий атаандаш болуп калганда Абдулла Юсупов деген мурда Бакиевдердин жандоочу болгон, ошол адвокаттарынын жардамынын негизинде ошондой туура эмес маалыматтарды берген. Анын негизинде саясий оюн жүргүзүшкөн".

2023-жылы жазында Максим Бакиевге байланыштуу сөздөр жанданган. Ошол маалда Кыргызстанда энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталып келген Алексей Ширшов камалып, көп өтпөй эле бошоп кеткен. Бул коомчулукта сын-дооматка кабылганда Садыр Жапаров түшүндүрмө берген. Анда Ширшов менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө албаганын айткан. Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан.

Ширшов кайтарууга көмөктөшөт деген Максим Бакиевдин миллиондогон долларлары тууралуу андан кийин маалымат берилген эмес.

Саясатчы, мурдагы депутат Равшан Жээнбековдун пикиринде, соңку риторикадан улам Бакиевдер келиши мүмкүн:

Равшан Жеенбеков.
Равшан Жеенбеков.

"Бул жерде "камабасаңар өткөрүп берели" деген сөз, Бакиевдерди Кыргызстанга алып келүү боюнча иш жүрүп жатат, укук коргоо органдары же кайсы бир мамлекеттик кызматкерлер бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат дегенди президент өзү деле айтып жатпайбы. Ушуга караганда жакынкы убакта Бакиев дагы, Сапар Исаков дагы келет окшойт деп болжолдосок болот. Анткени сүйлөшүү жүрүп жатканын ачыктан ачык айтып жатпайбы. Бакиев ошол убактагы оор саясий-экономикалык абал, коррупциянын деңгээли, үй-бүлөлүк башкаруу, ага каршы чыккан, режимге каршы чыккан ондогон адамдын аянтта атылышы чоң кылмыш болуп эсептелет. Сапар Исаков менен Курманбек Бакиевди таразага бирдей койгон, албетте, адилетсиз жана мыйзамсыз болуп калат".

Журналист, талдоочу Адил Турдукуловдун баамында, Бакиевдерди актоо аракети жүрүп жатат дегенге азырынча ынанымдуу негиз жок.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

"Чынында президенттин сөзүнө таянып божомол кылуу кыйын. Чынында эле ячейка боюнча, дагы башка иштер боюнча сөздөргө жооп бериши керек. Кыргызстанга келип бул маселе тууралуу айтып берсе туура эле болмок деген ойдомун. Бирок, экинчи жагы, бир эле укуктук жактан болбой,саясий өңүттө да баа берилиши керек. Эгерде буга чейин чындап актаганга аракет кылышса, анда аны буга чейин деле алып келмек да, мына, бийликке келгендерине үч жыл болду. Эгерде ага кандайдыр бир карыздар болсо, анда аны аткарышмак да".

Былтыр жайында Садыр Жапаров Апрель окуяларында жабыр тарткан адамдар ага Курманбек Бакиевден кун төлөтүп алууга жардам берүүсүн суранып кайрылганын айткан. Бакиев аларга "200 киши иштечү тигүү фабрикасын куруп берүүгө убада кылган" деп билдиришкенин, буга байланыштуу бир гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бергенин билдирген.

Көп өтпөй 2010-жылы бийлик алмашуу менен аяктаган окуялардан кийин түзүлгөн "Айкөл Ала-Тоо","Мекен шейиттери", "Апрель элим Кыргызстан", “Апрель байрагы” жана “Эр теги” коомдук бирикмелеринин жетекчилери Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Бакиевдин Кыргызстанга келишине каршы экенин айтышкан. Андан тышкары мурдагы президент "апрелчилерге тигүү фабрикасын куруп берет"деген сөздөргө түшүндүрмө берип, фабриканын курулушуна, Бакиевдин акталышына каршы экенин билдиришкен. Учурда бул фабриканы куруу иштери аяктай элек.

Былтыр жыл аягында Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Конституциялык сотко кайрылып, мурдагы президентти сыртынан соттоо үчүн колдонулган беренелерди "Баш мыйзамга каршы келет" деп таануу тууралуу арыз жолдогон. Эгер сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырса, анда мурдагы мамлекет башчынын соттук ишин кайра кароого жол ачылышы мүмкүн. Адвокат айыпталуучу жок болсо тергөө иштери анын жүргөн жери аныкталганга чейин токтотулуп турарын, Бакиев жок болсо дагы иш сотко өтүп, айыптоо өкүмү чыгып калганын мыйзамсыз деп эсептеген.

Конституциялык соттун басма сөз кызматы иш кароого даярдалып жатканын билдирди. Мындан улам процесс качан башталары азырынча белгисиз.

Быйыл Апрель окуяларына туура 15 жыл толот.

Шерине

XS
SM
MD
LG