Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:42

Путин менен Трамп эмнени макулдашты?


Владимир Путин жана Дональд Трамп. Коллаж сүрөт.
Владимир Путин жана Дональд Трамп. Коллаж сүрөт.

АКШ президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү.

Орусиянын президенти Владимир Путин 18-мартта Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө ок атышууну толук токтотууга жетишүү кадамы катары Украинанын энергетикалык секторуна жана инфраструктурасына сокку урууну 30 күнгө токтотууга макул болду.

Бирок Орусиянын үч жыл мурда Украинага толук масштабдуу согуш ачкандан берки алгачкы жолку мындай "кепке келүүсүн" Трамптын атышууну тез арада жана толук токтотуу максатына жетүү деп атоого азырынча болбойт.

Трамп менен сүйлөшүүдө Путин аткылоосун толук токтотуу үчүн зарыл деп эсептеген баштапкы шарттарын атады. Коюлган шарттар арасында Украинага аскердик жардам жана чалгын маалымат берүүнү токтотуу бар. Киев мындай шартка макул болбосу анык. Украина өткөн аптада Трамптын атышууну дароо токтотуу тууралуу айткандарына макул болгон жана орус тарап да ошого макул болорун күтүп жаткан.

Украин президенти Владимир Зеленский АКШнын жана Орусиянын президенттеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин өкүнүчүн билдирип, Путиндин тынчтык орнотуу ниети жоктугун, ал "согушту узартууга кызыкдар" экенин айтты. Ал Орусия бул сүйлөшүүдөн кийин Украинанын инфратүзүмүнө чабуулун ого бетер күчөткөнүн кошумчалады.

Ак үй Трамптын Путин менен сүйлөшүүсүнөн кийин алар "тынчтыкка карай жол энергетикага жана инфратүзүмгө чабуулдарды токтотуудан башталат деп макулдашканын" билдирди.

Орусия 2022-жылдын февралында Украинага кол салгандан бери анын энергетикалык инфратүзүмүн талкалап, жарандарын кыш чилдесинде жылуулуксуз жана жарыксыз калтыруу менен моралдык жактан сындыруу үчүн соккуларын улантты.

Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө Путин менен сүйлөшүү "абдан жакшы жана үзүрлүү" болгонун жазды:

"Биз бардык энергетика жана инфраструктура боюнча ок атышууну дароо токтотууга келиштик, атышууну толук басып, Орусия менен Украина ортосундагы бул өтө оор согушту акыры токтотуу үчүн ыкчам иштешибиз керек".

Трамп менен Путин орус жана америкалык дипломаттар атышууну толук токтотуу жаатында иштеп жатышканын билдиришти. Бирок, соңку маалымат боюнча, Орусия Украинанын аймактарын аткылоосун дале улантууда.

Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Fox News телеканалына билдиргендей, АКШнын жана Орусиянын өкүлдөрүнүн кезектеги сүйлөшүүсү Сауд Арабиясынын Жидда шаарында 23-мартта өтөрү пландалып жатканын кабарлады. Бирок анда кайсы маселелер талкууланарын ал тактап айткан жок.

Трамп эки ай мурда кызматка жаңыдан киришкенден тартып Украинадагы согушту токтотуу маселесин өз ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин айтууда. Бирок Москва менен Киев аймактарды көзөмөлдөө, коопсуздук кепилдиги сыяктуу негизги суроолор боюнча көз карашында бири-биринен ушунчалык алыс болуп турат.

Кремль Путин менен Трамптын соңку телефон чалуусу тууралуу маалыматында эки президент 90 мүнөттөн ашуун убакыт сүйлөшкөнүн, Путин кармаш жүрүп жаткан тилкенин бардыгында атышууну ыктымал токтотууга натыйжалуу мониторинг жүргүзүү, Украинадагы мобилизацияны жана Батыштын Киевге аскердин жардамын токтотуу сыяктуу бир катар маселени көтөргөнүн кабарлады.

"Мындан аркы эскалацияга жол бербөөнүн, конфликтти саясий-дипломатиялык каражаттар менен жөнгө салуунун негизги шарты Киевге чет жактан аскердик жардам жана чалгын маалымат берүүнү толук токтотуу болушу зарыл экени белгиленди", — деп айтылды Кремлдин билдирүүсүндө.

Кийинчерээк Fox News каналына комментарийинде Трамп Путин менен бул сүйлөшкөнүндө Украинага жардам маселеси талкууланбаганын айтты.

Кремль ошондой эле тынчтык сүйлөшүүлөрү "кризистин чыныгы себептерин жоюу боюнча абсолюттук зарылчылыкты жана Орусиянын коопсуздук жаатындагы мыйзамдуу кызыкчылыктарын эске алышы зарыл" экенин белгиледи. Адатта Москва мындай кызыкчылыктары катары НАТОнун кеңейишине жол бербөөнү жана башка маселелерди атайт жана дал ушул шылтоону Украинага каршы ачкан согушунда актануу үчүн колдонуп келет.

Украин президенти Зеленский 18-мартта Финляндияда иш сапарда болду. Ал жакта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып украин президенти Путиндин талаптары ал согушту токтотууга кызыкдар эместигин көрсөтүп, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн ишин бөгөттөгүсү келип жатканынын далили экенин айтты.

"Путин биздеги мобилизацияны токтотуш керек дегенде аны гуманитардык ниетте айтып жаткан жери жок, ал биздин армиянын кыскарышын, алсыз абалда калышын көздөйт. Бизге аскердик жана чалгын маалымат жактан жардамды токтотуу талыбынын деле максаты ошо", — деди Зеленский.

Ошол эле күнү Зеленский Орусия Украинаны аткылоосун улантып жатканын, 18-мартта эле учкучсуз учак менен 40 жолу сокку урганын кошумчалады.

"Бүгүн Путин атышууну толук токтотуу тууралуу сунушту четке каккандай эле болду. Путиндин согушту кандай болгондо да улантуу боюнча аракетин дүйнө жооп катары четке какса туура болот эле", — деди Зеленский Telegram аркылуу.

Украин президентинин администрациясынын башчысы Андрей Ермак Telegram каналына "Орусия Украинанын жарандык инфратүзүмүнө чабуулун мына азыр да улантып жатат" деп, Сумы аймагында оорукана зыян тартканын кошумчалады.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украина менен Орусия ортосундагы тынчтык келишими “көп эмгекти талап кыларын” 16-мартта белгилеген жана "алар бири-бирине ок атышып жаткан шартта" мындай сүйлөшүүлөрдү баштоо да кыйын экенин белгилеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG