Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:21

"Телекомдун" ордуна унаа токтоочу жай куруу сунушу, кыргыз "Биг-Бенинин" тагдыры


"Кыргызтелекомдун" башкы кеңсеси.
"Кыргызтелекомдун" башкы кеңсеси.

"Бишкекбашкыархитектура" шаардын чок ортосундагы "Кыргызтелекомдун" башкы имараты бузулуп, анын ордунда көп кабаттуу машина токтоочу жай курулат деген маалыматты четке какты.

Мунун алдында айрым жергиликтүү басылмалар борбор калаадагы эң таанымал, көрүнүктүү, саат орнотулган имарат бузулушу мүмкүн экенин жазып чыгышкан.

"Архитекторлор сунуштаган"

Ушул жылдын башында "Кыргызтелеком" бул имаратты сатыкка чыгарган жана "Айылбанк" алганы жатканы айтылган.

Бир катар басылмалар "Кыргызтелекомдун" башкы имараты бузулушу мүмкүн экенин "Бишкекбашкыархитектура" мекемесинин жетекчисинин орун басары Назгүл Койбагаровага шилтеме кылып жазышкан. Анда шаардык кеңештин тармактык комиссияларынын жыйынында мэриянын сунушу менен ал жерге көп кабаттуу машина токтоочу жай куруу каралып жатканын билдирди деп белгилешкен.

"Азаттык" Койбагарова менен байланышканда, бул маалыматты жокко чыгарды. Шаар куруу боюнча комиссиянын жыйынында сунуш иретинде гана айтылганын, ошол бойдон калганын билдирди.

"Мэрия андай сунушту берген эмес. Ал жерде баары башкача жазып салышыптыр. Шаар куруу боюнча кеңеште тыгын көп, машина токтотуучу жайлар аз деген маселе талкууланып жатканда архитекторлор гана сунуш кылган, ошону менен болду. Андан башка сөз болгон эмес. Ошол жер каралып жатканда мурун совет убагында ушундай болмок, ошону карабайлыбы деп калышты. Ошондой гана сөз болду. Курантты бузабыз, имаратты бузабыз деген бир дагы ооз сөз болгон эмес. Мен ал сөздөрдү дагы айткан эмесмин. Бул сунуш гана. Азыр долбоор жок, арыз-кайрылуу жок. Мен ушундай сунуш гана болгонун айтып койсом, бузулат экен, ал-бул деген сөздөр болуп кетти. Менин деңгээлимде мындай маселелер чечилбейт".

Сатыкка коюлган имарат

"Кыргызтелекомдун" айтылуу имараты бузулушу ыктымал деген маалыматтар чыкканда коомдо талкуу жаралган. Шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов дагы мындай сөздөр аны таң калтырганын, ал имараттын шаардын тарыхында маани-маңызы чоң экенин билдирди.

Рысбай Аматов.
Рысбай Аматов.

"Ал тарыхый имарат. Илгертен белгилүү, көрүнүктүү жерлердин бири. Шаардын символикалык белгилеринин бири десе болот. Анын буздурууга албетте мен каршымын. Тийбей ошол бойдон сактап калышыбыз керек. Коомдук талкууга чыгарса деле шаардыктардын дээрлик баары каршы болсо керек".

"Кыргызтелекомдун" башкы имаратын куруу 1972-жылы башталган жана 1980-жылга жакын аяктаган. Алгач үч кабаттуу имарат курулуп, кийинчерээк төрт жана беш кабаттуу имараттар салынып, бириктирилген. Алдындагы фонтан дагы кийин орнотулган.

Мунарага саат 1984-жылы орнотулган жана ал Армениянын борбору Еревандагы "Кристалл" өндүрүштүк бирикмесинде жасалган жана Ереван ССРинин белек катары берилген. Советтер Союзунун тушунда, өлкө эгемендик алгандан кийин дагы борбор шаардагы эң көрүнүктүү, таанымал жерлердин бири болгон. Саат колодон жасалган, мунара менен имараттардын сырты мармар таш менен капталган. Имараттын ичинде чакан музей дагы бар.

Имараттын жалпы аянты 16 миң чарчы метрден ашат. Азыр "Кыргызтелеком" анын 36,6% аянтын колдонот жана 300гө чукул киши иштейт. Калган бөлмөлөрү, жайлары ижарага берилген, айрымдары бош турат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, архитектор Ишенбай Кадырбеков шаардын планы сакталбай калганын белигледи.

Ишембай Кадырбеков.
Ишембай Кадырбеков.


"Бул Кыргызтелекомдун" имараты өзүнчө архитектуралык эстелик болуп калган. Аны Маданият министрлиги бекиткен. Ал деген кыргыздын тунгуч, алгачкы архитектору Аскар Исаевдин эмгеги. Бишкек жөнүндө кандай көрнөк-жарнак, көргөзмө болгондо ошону көрсөтүшөт. Мүмкүн короо жагына көп кабаттуу машина токтоочу жай куруу пландары бардыр. Бирок аны деле байкап көрүш керек. Азыр ЦУМдун маңдайына дагы бир чоң дүкөн куруп коюшпадыбы. Ал жер негизи сейил бак болмок. Жукеев-Пудовкиндин эстелиги коюлмак. Долбоор боюнча ошондой. Аны Москвадагы Архитектуралык институт даярдаган. Соода жайын куруп салышты, ал жерге машине батпай калды. Долбоорлорго, планга көңүл бурулбай курулгандын негизинде мэрияда тыгын ушундай "баш оору" болуп калды".

Ушул жылдын башында "Кыргызтелеком" ишканасы башкы имаратын сатыкка койгон. Анын жетекчиси Бектан Жандаев имаратты оңдоп-түзөөгө, жылытууга, электр жарыгы өңдүү чыгымдарга эпсиз каражат кетип жатканын, бюджеттен жетиштүү каражат дагы бөлүнбөсүн айткан. Жандаев көз карандысыз All Star компаниясы имараттын баасын 1,5 миллиард сом деп баалаганын, имаратты "Айыл банк" сатып алганы жатканын билдирген.

"Биз жыл сайын ушул имараттын өзүнө эле 40 миллиондон сом жумшайбыз. Бул имаратты Байланыш министрлиги өздөрү үчүн курган. Ошол маалда бул имаратта борбордук аппаратта болжол менен жети миңдей киши иштечү. Имараттын аянты ошонча адамга ылайыкташкан. Анан калса ошол маалда аналогдук телефон станциялары болгон жана алар чоң аянтты ээлеген. Аналогдук байланыш кийин санарипке өткөн, жабдуулардын көлөмү кичирейген. Учурда технология өнүккөн сайын коюлуучу жабдуулардын көлөмү дагы кичирейип баратат. Сатып алат деген кардар деп РСК банк, азыркы "Элдик банк" каралып жаткан. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин учурда "Айыл банк" сатып алат деп болжолдонуп жатат".

Буга чейин Президенттин иш башкармалыгы шаардын чок ортосундагы өкмөт үйү, Жогорку сот жана башка мекемелер жайгашкан 15 имаратты аталган тизмеден чыгарууну сунуштаганы белгилүү болгон жана бул талаш-талкуу жараткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG