- Эдил мырза, 2024-жылды Министрлер кабинети кандай жыйынтыктады, сиздин бааңыз кандай?
- Менин жана элдин пикири боюнча да акыркы үч жылда үмүт жаралды. 2022, 2023-жылдардын жыйынтыктары абдан жакшы болуп жатты эле айрым сынчылар чыгып, “бул ковидден кийинки эффект” деп жатышты. Акыркы үч жылдагы 9% экономикалык өсүү башка өлкөдө азырынча жок деп жоопкерчиликтүү айта алам. Кыргызстандыктар 30 жылда мындай өнүгүү болгон эмес деп тамашасы жок эле айтсак болот.
- Жыл аягына жакын Министрлер кабинетинин дарегине салык саясатына байланыштуу кескин сын айтылды. Анын аягы өкмөт башчынын алмашуусу, салык кызматынын төрагасынын кармалышы менен коштолду. Жаңы дайындалган жетекчилер электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын (ЭТТН) киришин айыптаган риториканы колдонуп жатат. Ошондо Министрлер кабинети салык саясатын туура эмес жүргүзгөнүн мойнуна алабы?
- Жок, андай эмес. Башынан эле биздин принцип ошондой. Мекендин бүтүндүгү, элдин биримдиги жана биз баарыбыз мамлекетке салык төлөшүбүз керек. Бул талкууга жатпайт. Бизде салык саясаты өтө эле жеңилдетилген шартта түзүлгөн. Бул салык саясаты баары бир кайра каралып чыкмак. ЭТТН жоюлбайт, эрежелери, ыкмалары кайра каралат. Үч жыл мурун бул схема кирип атканда элдин колунда азыркыдай электрондук төлөм мүмкүнчүлүктөрү жок эле, көбүнчөсү кагаз түрүндө болчу. Азыр санариптештирүү саясатынын арты менен жеңилдетилген шарттар каралат.
Салык төлөө кимдир бирөөнүн жоругу же мүнөзүнө жараша иш эмес, мамлекеттин кирешеси үч эсе көбөйгөнүн көрүп жатабыз. Аны мурдагыдай шылуундар же кылмышкерлер уурдап алган жери жок. Мурда чоң завод иштеткен ишкерден баштап базарда отурган соодагерге чейин уюшкан кылмыштуу топторго акча берип турчу. Мамлекет мындай топторду жоюп, эми маңдай тер менен тапкан кирешеңдин бир бөлүгүн мамлекетке төлө жана коопсуз, тынч жаша жана байы деген шартты сунуштап жатат. Салык саясаты туруктуу жана баарыбыздан этияттыкты талап кылат.
Быйыл салыкта дагы, бажы тармагында да пландар толугу менен аткарылды. Келерки жылы алдыбызда мындан да жооптуу тапшырма турат. Тартипти жеңилдетпестен, тескерисинче, элге түшүндүрүп берсек. Эл дагы муну кунт коюп билип алса, жеңил эле иш алып бара бермек.
- Атайын кызмат салык тармагындагы чуулуу ишке байланыштуу 3 миллиард, кийинки маалыматында 30 миллиард жөнүндө сөз кылып жатат. Күнөөнүн бары-жогу тергөөнүн жыйынтыгында билинсе керек. Бул иште өкмөттө моралдык жоопкерчилик барбы?
- ЭТТН боюнча баары такталып бүттү. Менин билишимче, бул системага ар бир фирманын кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Андагы кызматкер системадагы формаларга адашып деле миллиарддаган суммаларды жазып коюшу мүмкүн. Кийин ал системадан кайра жоюлат. Ошондуктан ЭТТНдеги бул нерсе жөн эле арифметикалык мүчүлүштүк же адамдык фактор болуп калат.
Ал эми акциз маселеси боюнча укук коргоо органдары тергөө жүргүзүп жатышат. Мурункудай кайсы бир уюшулган топ кааласа дагы уурдаганга мүмкүнчүлүгү жок. Көзөмөл катуу. Мурда биз жарды мамлекетпиз деп келсек, көрсө, бизде башка өлкөлөргө караганда жакшыраак жана ток жашаганга мүмкүнчүлүк бар экен. Өзүм уурдабайм, силерди да уурдатпайм деген саясаттын арты менен киреше эки-үч эсе өсүп жатат.
- Салык кызматынын жаңы жетекчиси менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары парламент жыйынында ушул салык маселеси боюнча эки ача пикирде болуп, кайым айтышканына да күбө болдук. Эки башка принципке таянылган мындай эки башка көз караш аткаруу бийлигинин бирдиктүү саясатына доо кетирген жокпу?
- Ошол комитетке барганда алар команда деле боло элек болчу. Бири-бири менен мурда тааныш болгону менен жаңы кызматка дайындалгандан кийин пикир алышкан деле эмес. Бул окуядан кийин экөө тең президентибизден катуу тил угушту, мындан кийин кайталанбайт. Президент салык саясаты боюнча буга чейин да эл менен жолугуп, улам тапшырмаларды берип турган. Эми жаңы шарт технологиянын мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыктап, жеңилдетүү болуп жатат. Биз аны аткарабыз.
- Сөз эркиндиги боюнча жагдайга келсек. Узап бараткан жылда кыргыз бийлигинин дарегине жергиликтүү жана эл аралык уюмдардан, институттардан кайрылуулар түшүп, өлкөнүн сөз эркиндигине коркунуч жаралганын эскертип жатышат. Мында журналисттердин, пикирин социалдык тармактарда ачык айткан активисттердин, адвокаттын камакка алынышы негиз келтирилип жатат. Ошондой эле өткөн аптада укук коргоочу коопсуздугуна байланыштуу өлкө сыртына чыгууга аргасыз болгонун айтып чыкты. Кыргыз бийлиги, анын ичинде Министрлер кабинети бул дооматтардын баарын четке кагып, өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталап келет. Кыргызстанда сөз эркиндиги корголорун, бул баалуулукка эч кандай коркунуч жок экенин кантип негиздеп бересиз?
- Президентибиз баш болуп, өзүбүз эркиндикти сүйгөн, ошону менен өзгөчөлөнгөн жана каныбызга сиңген элбиз. Бул баалуулуктар бизге Батыштан же Бириккен Улуттар Уюмунан келген жери жок. Ошондуктан: “Баш кесмек бар, тил кесмек жок”, - деп айтылат. Президент, тескерисинче, улам кайрылып, “журналисттер, коомдук активисттер, мага жардамчы болгула, менин колумда иштегендер уурдап жатса же жолду сапатсыз салып койсо, айткыла” деп мындайга өзү кызыкдар. Баарын өзү уурдап, жаап-жашырып, “баарын жыргатып салдым” деп баарынын колун толгоп, камап жаткан жери жок да. Өзү баш болуп таза, ачык иштеп атат. Элдин 90% ишенип жатат. Ошондуктан кимдир бирөөнү же журналисттерди камай турган жагдай деле жок. Башка өлкөлөрдөгүдөй өзү начар иштеп, “иштей албай жатасың” дегендерди четинен камагандай маанай жок.
Дагы бир жагдай, азыр дүйнө жүзүндө ушундай процесс болуп атат. Байкап көрсөңүздөр, АКШда бийликке Дональд Трамптын келиши чоң феномен. Бул демократиялык түшүнүктө азыркы заманбап коом, мамлекет, саясий партия, сөз эркиндиги боюнча талкуу бардык жерде бирдей жүрүп жатат. Бул ашынган либералдарга тескери реакция берип жатат. Биздин мамлекет да бул дүйнөлүк процесстин ажырагыс бөлүгү. Дүйнөдөгү мындай көрүнүштөрдү карап, биз анча-мынча сөздөргө терикпесек.
Мисалы, сырттан каржы алган бейөкмөт уюмдарга байланыштуу мыйзам кабыл алынганда “эми уюмдар жабылат экен” деген сөздөр айтылган. Ошондо да президент мен аркылуу айттырбады беле. Азыр бейөкмөт уюмдар ишин улантып атат.
Элдик курултайда айтылган сөздөр кээ бирөөгө катуу тийгендир. Менин оюмча, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын ысымы мисал катары келтирилбеши керек эле. Эч кимге белгисиз болгон миллионер бейөкмөт уюмдар бар. Алардын катарында миллиондоп алып, отчетун жөнөтүп койгон көп кабаттуу үйлөрдүн кожоюндары бар. Ошолордун атын айтпай, элдин арасынан суурулуп чыккан, учурунда президент Садыр Жапаровго болушкан Азиза Абдирасулова айтылып калганы туура эмес болду.
Мен курултайдан кийин ага дароо чалып, өзүмдүн жана өкмөттүн атынан кечирим сурап: “Эжеке, туура эмес иш болуп калды. Мындай сөз айтылса дагы сиздин дарегиңизге айтылбашы керек эле. Таарынбаңыз, терикпеңиз. Мамлекет башчысына кээ бир учурда маалымат берилип, берилбей, ал деле өзүнүн сөзү оор болуп каларын сезбей калса керек. Садыр Жапаровдун сизге эч кандай кастык же жамандык сезими жок. Тескерисинче, ал бизге "элдин шагын сындырып албагыла, касташпагыла, элибиздин баары өз мекенинде болушу керек" деп айтат. Ал маалыматта айтылып жатпайбы, каражатты 2018-жылы алган экен. Андан бери Абдирасулова пенсияга чыкканын баарыбыз билебиз. Андыктан бул туура эмес иш болуп калды. Ага өлкөсүндө эч кандай коркунуч жок. Тескерисинче, ушул жерде үй-бүлөсү менен бакубат жашоосун улантышы керек. Биз дагы тиешелүү органдар аркылуу аны сооротуп, Кыргызстанга алып келүүгө аракет кылабыз.
Азиза Абдирасулова баарыбыз сыймыктанган чынчыл, акыйкаттыкты издеген жана күрөшкөн, оор учурларда калыс сөзүн айтып жүргөн эжекелердин бири.
- Сөз эркиндиги боюнча тактап коёюн. Бул багытта эл аралык уюмдардын жарыялап келген рейтингдери бар. Ошол төмөн көрсөткүчтөр жана журналисттердин камакка алынышы сыяктуу көрүнүштөр өкмөттүн сөз эркиндигинин абалы боюнча пикирин өзгөртүүгө негиз боло албайбы?
- "Көч бара-бара түзөлөт" деп айтып атабыз. Жаш журналисттер камалганда да мен келип “тарбия” деп айттым эле. Чоң тарыхый процесстер жүрүп жатканда ушундай болуп калат экен. Ошолордун мисалында башкалардан сабак кылат экенбиз. Анткени бизде ондогон эмес, жүздөгөн жаштар “атың чыкпаса жер өрттө” болуп эле, айрымдары “бийликти сындасам атагым чыгат” деп айрымдары бирөөнүн, кээ бири өзүнүн каражаты менен чыгып жатышат.
Өздөрү диплому жок, жумушка кире албаганы үчүн бир мүмкүнчүлүк катары ушул ишти жасашат, атагы да чыгат, акча да келет. Ошол социалдык көрүнүштү жоюу жана баарыбызга жалпы тартип орнотуу үчүн болуп жатат. Мисалы, бир жол салынып, ага элдин баары кубанат. Бирөө камерасын чыгарып, бир кирпичи түшүп калганын тартат дагы “бул сапатсыз, уурдашты” деп тартып чыгарат. Социалдык алгоритм ушундай иштейт, жаман айтса, көп тарайт. Сөздүн ачыгы, биз ушундайды азайталы деп жатабыз.
- Бирок жарандардын өз пикирин эркин билдирүү укугу бар эмеспи...
- Бул сөз эркиндиги жөнүндө эмес, алгоритм жана маалымат коопсуздугу. Эртең бирөө хан сарайда жашап, ток болгон чакта деле ошол “кирпичти тарткандарды” көрсө жашоосуна ыраазы болобу? Кыргызстанга ыраазы болобу? Бийлик келет, кетет. Бул, керек болсо, кийинки бийликтин деле проблемасы болуп калат. Бул жерде жаап-жашыруу максаты жок, ал көйгөйдү өзүбүз да билебиз жана түзөтүп коёбуз. Аны видеого тартып, бизди жамандагандарга терикпейбиз. Бирок элдин маанайын коргошубуз керек. Биз кандайдыр бир аракет көрбөсөк, социалдык тармактар жаманды көбүрөөк көбүртөт. Бул атайын эмес, психологиянын абалы экен. Мисалы, жакшы ишке он адам реакция кылса, жаманга миңдеген адам лайк басат. Ал деле унутулат, бирок маанайды өзгөртүп жатпайбы. Биз буга эмнеге аракет кылбашыбыз керек.
Эл аралык рейтингдер тууралуу айтсам, биз ал үчүн кубанып кеткен жокпуз. Кээ биринде 40 позицияга түшүп кеттик. Бирок өкмөттүн негизги максаты - элдин жашоосунун сапаты, деңгээли. Буюрса, үч жылдын ичинде ички дүң өнүм жан башына алганда эки эсе көбөйдү. Алдыда 3-5 жылдын ичинде дагы эки эсе болот. Азыр экономикага көңүл буралы.
Тилекке каршы, дүйнөлүк чөйрөдө азыркы технологияларга жем болуп жатабыз. Буюрса, алдыда азыркы абалыбыздан он эсе да жакшы жашайбыз. Президенттин тапшырмасы боюнча алдыдагы 25 жылда 200 миллиард долларлык экономика болушубуз керек. Бирок ошондой болгон күндө дагы азыркыдай абал менен он эсе бактысыз эл болуп калышыбыз мүмкүн. Бул кадимкидей маанайыбызды, пейилибизди оңдош үчүн эл аралык корпорациялардын алгоритмдерине жем болбошубуз керек.
- Кыргыз бийлиги сөз эркиндигин коргойбуз деп жатпайбы. Сөз эркиндиги дегенде бийлик эмнени назарга тутуп атат? Мамлекеттин милдети элге бакубат жашоо тартуулоо экени турган иш. Сиздин сөзүңүзгө таянсак, жарандар он эсе бакубат жашап, бирок сын-пикирди азайтышы керекпи?
- “Кирпич түшүп калды” дегендей билдирүүлөрдү чыгарып, лайк топтоп, өзүн бактылуу кылгандык – бейбаштык. Ал кемчилик оңдолот, бирок элибиздин маанайы бузулуп атат да. Мурда жакшы-жаман сөздөр тар чөйрөдө айтылса, азыр ар биринде микрофон, камера бар. Андай сөздөрдү жети миллион эмес, жети миллиард адамга тарагыдай кыла турганга шарт бар. Ошого жаңы эрежелерди киргизишибиз керек. Жаңы технологиялардан улам сөз эркиндиги деген түшүнүк да өзгөрөт.
АКШда ТикТок жабылып жатат, Британияда социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн 3 миң киши камалды. Канча деген эл аралык уюмдар ошол мамлекеттерди сынга алып жатат. Ошондуктан азыркы заманда бийлик башка мамлекеттердей эле жаңы жагдайда башкача эрежелерди иштеп чыгат. Кээ бир жерде аша чаап, жаңылышсак дагы бул аракеттерден баш тартпайбыз. Элибиздин тынч жашоосун, биримдигин коргоп алганга эркибиз жетет.
- Соңку жылдары Кыргызстанда курулуштар көбөйүп, бир топ мамлекеттик, социалдык мекемелер курулуп жатат. Бирок оорукана жана мектептердин жетишсиздиги дале бар. Мамлекет бул жактагы муктаждыкты толук чечүүнүн кандай вариантын карап жатат?
- Биз буга чейин өтө эле жакыр болуп калганбыз. ГЭС эмес, жакшы бир оорукана, мектеп салынбаса биз эмнени айтабыз? Урбанизация, ички миграция көп болот. Ошол себептүү саламаттык сактоо, билим берүү тармагына талап, жүк аябай көп болуп жатат. Жылына 300 мектеп курулса дагы ал жетишпейт. Көп балалуу үй-бүлө кыйналгандай эле абал болуп жатат. Бирок бул жагымдуу көйгөй.
Бизде келерки 2-3 жылдын ичинде 25 чоң аймактык оорукана курулат. Мектептер мурдагыдай эмес, сапаттуу кылып салынып, спорт залын, бассейнин камтыган болсун деген талаптар болуп жатат.
Азыр балдарды карасак, 1970-жылдын окуу программасы менен окуп жатат. Алар келечекке эмес, азыркы күндүн талаптарына жооп бербейт. Ошондуктан толук трансформация керек болуп турат. Бул багыттагы “Алтын казык” долбоорунун негизги максаты башкы инвестиция билим берүүгө жумшоого багытталган. Анткени 2050-жылы кандай мамлекет болорубуз азыркы мектептерден көз каранды. Бул көйгөй чоң, эртең эле чечилбейт. Мамлекетте социалдык көйгөйлөр эч качан жоюлбайт, болгону планка өзгөрүп, көтөрүлүп турат.
- Мугалимдерге ноутбук берүү маселеси эмне болду? Бул боюнча президент Жапаров ошол кездеги Минкабдын төрагасы баш болгон бир топ жетекчилерге сөгүш берди эле...
- Президенттин койгон талабы ноутбуктар өтө жогорку сапатта болсун деп жатат. Анткени бергенге жараша жакшысын берели, жогору сапат, бирок баасы да ыңгайлуу болсун деп жатат. Биз бул тапшырманы аткарышыбыз керек. Мындагы дагы бир шарт бул каражаттар өзүбүздүн өндүрүштөн болушу керек. Бул боюнча эки заводубуз бар, бири “Кыргызиндустрия” ишканасында, экинчиси Кыргыз техникалык университетиндеги “Технопарк”. Экөөнүн ортосунда сынак жарыяланган. Бир даана ноутбукту “Кыргызиндустрия” 341 доллар деп бааласа, “Технопарк” 291 доллар деп сунуштаган. Азыр “Технопаркка” 27 миң даана буйрутма берилди. Мунун баары контейнерлер менен келип калды. Буюрса, январдын орто ченине чейин жасалып, биринчи ноутбуктар мектептерге барат. Биринчи кезекте так илимден берген мугалимдерге “Алтын казык” деген сапаттуу ноутбуктар тапшырылат.
- Улуттук коопсуздук комитети айрым объектилер, жер участогу жана имарат сыяктуу мүлктү мамлекетке өткөрүү жараяны уланып жатканын билдирүүдө. Муну учурунда мыйзамсыз менчиктештирилген деген жүйө менен “мамлекетке кайтаруу” деп мүнөздөйт. Бул өнөктүктө жеке менчик укуктун кол тийбестигине коркунуч жокпу?
- Мен дагы өткөндө биздин бир канча адистерге тапшырма бердим. Ошондой маалыматты берип жатканда толук кабар камтылбай калып жатат. Өткөндө Оштогу мейманкананы мамлекетке кайтарганда да “мунун кожоюну мурдагы депутат, ал уюшкан кылмыштуулукка толук тиешеси бар, бул ошондой топтордун арам мүлкүн мамлекетке кайтаруунун бир көрүнүшү” деп айтышы керек эле. Ысык-Көлдөгү бир канча мейманкана, эс алуу жайлары мамлекетке кайтарылып жатат. Эл көбүнчө ишкерлердин колун кайрып, мүлкүн тартып алып жатат деп ойлоп калат. Алардын көбү уюшкан кылмыштуулукка байланыштуу болгон. Ошол кезде биздин жүздөгөн ишкерлерди тоноп, ушул мүлктү алышкан да. Биз ошолорду жөн коюшубуз керек беле? Аны алып, элдик менчикке салып атабыз.
Айрым учурларда мыйзам бузуулар көп болуптур. Мен дагы приватташтыруунун баарын кайра карап чыгуу туура эмес болуп калат деп ойлойм. Ошондой эле жакында жарыяланган мунапыс берүү жараяны бар. Бизнес климатын бузуп албашыбыз үчүн жеке менчиктин кол тийбестигин бекем сакташыбыз керек. Ишеним болбосо жеке ишкерлер дагы, бизнестер дагы чоң заводдорду салууда этият болуп калышат. Азыр андай маанай жок. Кээ бир учурларда прессага чыккан маалыматтар тактоосуз чыгып кетип жатат. Ошонун кожоюну ким экенин жазса, биз баарын туура түшүнмөкпүз.
Шерине