Буга чейин көлдө жана Бишкекте айрым жергиликтүү тургундар, активисттер Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы чыгып, бир катар нааразылык акцияларды өткөргөн эле. Мурдагы бийликтин тушунда бул кенди казганы жаткан компаниянын лицензиясы жокко чыгарылып, уран казууга мораторий киргизилген болчу.
Кызыл-Омпол кенин өздөштүрүү расмий башталды деген иш-чарага Акылбек Жапаров баштаган жоон топ аткаминер катышты. Өкмөт башчы анда титаномагнетитти бөлүп алууда уран, торий өңдүү кошумча пайдалуу кендерди коопсуз казып алууну камсыз кылуучу технологиялар колдонуларын белгиледи. Бул элементтер эл аралык коопсуздук стандарттарын катуу сактап ташыларын убада кылды. Ал ошондой эле титаномагнетиттин үлгүсүн көрсөттү.
"Мына, магнетит деген ушу. Өзүбүздүн кыргыздын титаномагнетити. Муну тазалайбыз, тазалап туруп титанын өзүнчө, темирин өзүнчө чыгарабыз. Анан момундай "губчатый титан" чыгарабыз. Муну биз Кытайдан барып алып келгенбиз. Ушунун тоннасынын баасы сегиз миң доллар. Эгер биз мындан тийиштүү буюмдарды жасап чыгарсак, анда тоннасы 20 миң доллар болот. Титан - медицинада, авиацияда жана астронавтикада ар кандай тармактарда колдонулуучу баалуу металл. Бул тармакты өнүктүрүү экспорттун көлөмүн гана көбөйтпөстөн, жаңы жумуш орундарды түзүүгө, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө түрткү берет", - деди Жапаров.
Өкмөттүн басма сөз кызматы Акылбек Жапаров "бул баалуу ресурсту өздөштүрүүнү мамлекет колго алып, долбоорду каржылоо булактары аныкталарын белгилегенин" билдирди.
Өкмөт башчы быйыл жыл башында Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 миллиард долларга чейин жеткен кен байлык жатканын билдирген. Июнь айында президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзамга кол койгон, ошону менен мурдагы бийликтин тушунда киргизилген мораторий алып салынган. Бул документти ошол айдын башында Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен кабыл алган.
Расмий маалыматка ылайык, Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Анда болжол менен 14 миллион тоннадан ашык кен бар экени, анын 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% торий жана 0,17% уран экени айтылган.
Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков "Азатыкка" комментарий берип жатып кендин кору, инвестиция жана киреше-чыгашага байланыштуу жагдайларга токтолду:
"Ал кенде титаномагнетит, уран, торий, цирконий жана фосфор бар. Кызыл-Омпол кени беш тилкеден турат. Бешөөнү тең ачык жол менен иштетсе болот. Бирок ошонун ичинен бирөөнө гана "Юразия" деген компания лицензия алып, чалгындоо иштерин жүгүзгөн. Бул кечээ капсула салынган Таш-Булак деген участок. Ошол жердеги титаномагнетиттин такталган, баланска коюлган кору 1,6 миллион тонна. Ал жерде 13 миллион тонна запасы бар деген маалымат чындыкка дал келбейт. Уран менен торийдин запасы ар бириники 3,6 миң тоннадан. Цирконийдики 10 миң тонна, фосфордуку 50 миң тоннага жакын. Муну комплекстүү руда деп коёт. Беш зат тең ошол жерде аралашма түрүндө жайгашкан. Титаномагнетитти бөлүп алып, өзүбүз иштетип, өздөрү көрсөткөн "губковый титаномагнетит" деген үлгүдөй чыгара турган болсок, ага Акылбек Жапаров айткандай 200 миң мегаваттык кубаттуулукта электр энергиясы, 1 миллиард долларлык акча керек экен. Бирок ошол жердеги титаномагнетиттин 1,6 миллион тонна кору бар кенге 1 миллиард доллар сала турган инвестордун келиши суроо жаратат. Ага керектүү ошончо көлөмдөгү электр энергиясы каяктан алынары дагы суроо жаратат. Анткени электр энергиясы өзүбүздө таңкыс болуп жатпайбы. Андай көлөмдөгү электр энергияны жакынкы үч жылда табуу кыйыныраак болот. Акылбек Жапаровдун өзүнүн сөзүнө караганда, титаномагнетитти концентрат түрүндө Кытайга кетип жаткан жүк ташыган беш миңдей машинага жүктөп жөнөтөбүз, бир тоннасынан сегиз миң доллардан пайда табабыз деген маалымат дагы туура эмес болуп калып жатат. Эгер бир миллиард долларга комбинат салып, ал жактан титаномагнетитти бөлүп ала турган болсок, ошондо анын бир тоннасынын баасы сегиз миң доллардан болмок. Бирок концентраттын бир тоннасынын баасы бүгүнкү күндө 500 эле доллардын тегерегинде. Эгер биз келечекте чоң комбинат курабыз десек, анда титаномагнеттин корунун көлөмү өто чоң болушу керек. Мисалы, Кытай бир жылда 230 миң тонна, ал эми Орусия 42 миң тонна титаномагнетит өндүрөт. Ал жактагы комбинаттардын өндүрүштүк кубаттуулугу 1 миллион тоннадан кем эмес руданы иштетет. Ал эми бизде азыр аныкталып, баланска коюлган 16 миллион тонна титаномагнетит үчүн ушундай комбинатты салуу экономикалык жактан туура эмес саясат болуп калат. Экинчиден, инвесторлор дагы көлөмү аз жерге акча салбайт болуш керек. Таш-Булакта 1,6 миллион тоннадан ашык титаномагнетит болбойт, мен муну мен адис катары айта алам. Ал жакта 13 миллиондон тонна бар деген чындыкка дал келбеген маалымат. Ошол жердеги беш участоктун баарын кошкондо гана ушунча болушу мүмкүн деп эсептелген. Калган төрт тилкеде чалгындоо иштери толук жүргүзүлгөн эмес. Болжолдуу гана кору аныкталган".
Дүйшөнбек Камчыбеков уран алуу процессинде экологиялык талаптар так сакталышы керектигин белгиледи.
"Кара-Балтадагы уу калдыктар көмүлгөн жайды калыбына келтирдик, ачык эле калган экен, май жайылып жүргөн экен деп жатышат. Уранды ошол Кара-Балтада иштетип, калдыктарын ошол жерге жайгаштырабыз деп жатышат. Биз эми уранды Орусияга түздөн-түз сата албайбыз. Бирок саткан күндө деле анын кору чектелүү, болгону 3,6 миң тонна. Ошонун 50% эле бөлүп алсак, ал жерде 100 миллион доллардан кем эмес акча тапсак болот. Эми бүгүнкү күндө чечим кабыл алып, иштетүүнү чечкенден кийин экологиялык шарттарды карашыбыз керек, талаптарды кынтыксыз аткарышыбыз керек. Экологияга байланыштуу мыйзамдарды так аткарып иш алып барышыбыз керек. Себеби андай кылбай койсок, келечекте экологиялык чоң маселе туулушу мүмкүн".
Садыр Жапаров болсо “Кабар” маалымат агенттигине курган маектеринин биринде Кызыл-Омполдон алынганын руданын курамындагы ар бир элемент өзүнчө бөлүп алынарын, торийден башка баары сатыларын билдирген.
Ал ушул жылдын башында Балыкчы шаарынын, Тоң жана Кочкор райондорунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан:
"Кызыл-Омполдон эмне пайда деп сурашыңар мүмкүн. Бул жерде миңден ашык жумуш оруну пайда болот. Экинчи Кумтөр пайда болот. Жергиликтүү бюджет дотациядан чыгат. Пайдасы 100% Кыргызстанга калат, бул жерден эл дагы байыйт. Силер убагында кенди иштетпей, митинг, жөө жүрүш кылганыңардын бир пайдасы болгон. Мен силерди анда туура эмес кылгансыңар деп сындай албайм. Беш-алты жыл мурун менчик компания каза баштаган. Ошондо 100% киреше ошол компанияда калмак. Биз былтыр лицензиясын жокко чыгарып туруп, 100% мамлекетке алып койдук. Кумтөрдү кандай иштетип жаткан болсок, Кызыл-Омполду дагы ошондой иштетебиз. Бир дагы проценти чет элдик компанияга же жеке чөнтөктөргө кетпейт".
Ошол жолугушууга уран казууга каршы чыгып жүргөн активист Марат Акатов дагы катышкан. Анда Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар дагы кирген комиссия түзүүнү убада кылган. Акатов мындай комиссия түзүлбөгөнүн, уранга байланыштуу кооптонуу бар экенин, жоопсуз суроолор калганын айтууда:
"Садыр Жапаров бизге келгенде комиссия түзүлөт деген. Ошондо мен өзүм сурангам, Жогорку Кеңеш мораторийди алууну карардан мурда комиссия түзүлүп, ага көз карандысыз эксперттер, жергиликтүү тургундардан кирсе деп өтүнгөм. Ошол жерден "Кыргызалтындын" жетекчисине тапшырма берген, комиссия түзүлсүн, активисттер кирсин деген. Бирок эч кандай комиссия түзүлгөн жок. Комиссия урандын зыяндуу-зыянсыздыгын текшерип, парламент караарда ошол пикир-сунуштар, элдин пикири эске алынса деп сурангам. Андай комиссия түзүлгөн жок, Жогорку Кеңеш өзү эле карап, мораторийди алып салбадыбы".
Мурдагы бийликтин тушунда, 2019-жылдын аягында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Анын алдында Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы бир катар нааразылык акциялары өткөн.
Мындан улам өкмөт бул кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон. Аталган компания ага чейинки жумуштарына 270 млн сомдон ашык коротконун, алар уранды коопсуз жол менен казып аларын билдирген.
Кыргыз өкмөтү 2021-жылы сентябрда өлкөдө уран казууга жол ачкан мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Энергетика жана өнөр жай министрлиги даярдаган долбоордо 100% үлүшү мамлекетке таандык ишканалардын гана уран жана торий иштетүүсүнө уруксат берүү шарты жазылган. Алар инвестор таап, биргелешкен компания түзсө болору көрсөтүлгөн.