Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:26

"1 млрд 700 млн сом түшөт". Өкмөт күйүүчү майдан Жол фондуна акы алууну көздөйт


"Азаттыктын" коллажы
"Азаттыктын" коллажы

Министрлер кабинетинин Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын литринен бир сомдон салыктык эмес жыйымдарды алып, Жол фондуна топтоо сунушу талкууга түштү.

Экономисттер күйүүчү май кымбаттаса, азык-түлүк жана бардык товарлар да кымбаттай турганын айтып жатышат. Демилгечилер бул жыйым аркылуу жол салууга каражат табыларын жүйө келтирүүдө.

Өкмөттүн сунушу

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 23-сентябрдагы жыйынында Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын литринен бир сомдон салыктык эмес жыйымдарды алып, Жол фондуна топтоо сунушталды. Аталган мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап жатат.


Жыйында транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кыргызстанда автоунаалардын саны 2020-жылга салыштырганда 15% көбөйгөнүн, салынган жолдор каржы булактарынын жетишсиздигинен жетиштүү каралбай жатканын айтты:

"Бул мыйзамдын негизги максаты - жолдорду жакшыртуу, жолдо жүрүүчүлөргө шарт түзүү. Республика боюнча 34 миң чакырымдан ашуун жол болсо, анын 19 миң чакырымы министрликтин карамагында. Сунушталган мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, жолдордун баарын өзүбүздүн балансыбызга алабыз. Айыл өкмөттөрдүн карамагындагы жолдордун баарынын сапаты начар, ага жергиликтүү өкмөттүн бюджети жетишсиз”.

Министр мындай тажрыйба Казакстан, Беларус, Азербайжан, Грузия өлкөлөрүндө иштеп жатканын мисал келтирди.

Анын айтымында, өлкөгө жылына 1 миллион 700 миң тоннадан ашык күйүүчү май ташылып келет жана анын ар бир литринен бир сомдон алынганда, Жол фондуна 1 миллиард 700 миллион сом түшөт.

Депутаттардын пикири

Депутат Элдар Абакиров учурда Жол фондуна бир катар жыйымдар аркылуу каражат түшүп жатат деген негизде сунушталган долбоорду кайталанма деп мүнөздөдү:

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

“Жол фондуна күйүүчү майдын акциздик салыгынын 5% ашпаган бөлүгү азыр эле түшөт экен. Сиздердин сунуш кайталанган салык болуп атат. Мисалы, Салык кызматы ташып келинген күйүүчү майдын тоннасынан 5000 сомдой салык алат, Транспорт министрлиги ошол эле көлөмдүн ар бир литринен кайрадан бир сомдон алып, Жол фондуна салып жатасыздар. Акча көбөйсүн, бирок элди бир эле нерсеге эки жолу төлөтүп атабыз”.

Депутат Дастан Бекешев салыктык эмес жыйымдар кире турган болсо, автоунаа каттоодогу төлөмдү жокко чыгарууну, жарандардын канча аралыкта машине айдаганына карап, Жол фондуна акча төлөй тургандай система киргизүүнү сунуштады.

Депутаттардын суроосуна жооп берген министр Абсаттар Сыргабаев күйүүчү майдан алына турган салыктык эмес жыйымдар күйүүчү май саткан ишкерлерден алынарын айтты.

Ошентип комитеттин жыйынында мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Ушу тапта баш калаа Бишкекте бензиндин баасы 67 сомдун айланасында, ал эми дизелдин баасы 75 сомго чамалайт.

Бишкектеги май куйуучу бекеттердин бири. 24-сентябрь, 2024-жыл.
Бишкектеги май куйуучу бекеттердин бири. 24-сентябрь, 2024-жыл.

Күйүүчү май кымбаттайбы?

“Кыргызнефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Канат Эшатов аталган мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо күйүүчү майдын баасы дагы кымбаттышы мүмкүн деген божомолу менен бөлүштү:

Канат Эшатов
Канат Эшатов

"Ал түздөн-түз эле жарандарга түшкөн түйшүк болот. Мисалы 10 литр куюп жаткан болсо, 10 сом көбүрөөк берип калат. Ага жараша май куюучу бекеттерде чекене баа аныкталат. Орусиядан заводдон сатып алган баа, келген жол киреси, салыктар, анан акциздик салыктар, ички чыгымдар, ошону баары чогулуп келип туруп, май куюучу бекеттердеги чекене баа билинет. Демек дагы кымбаттайт".

"Азаттык" өкмөт сунуштаган мыйзам долбоору боюнча айдоочулардын пикирин сурап, микрофон сунду. Бишкек шаарында эл ташып иштеген айдоочу Марс Рысбеков мындай деди:

"Бензин кымбаттагандан кымбаттап эле баратат. Кошо турганын бензинге коштубу, жолго коштубу, түшүнбөй деле каласың, баа кошулуп кете берет. Жолду оңдогону туура, бирок жол үчүн салык алып жатат да. Анан жолго деп дагы 1 сом кошконун туура эмес деп ойлойм. Азыр камсыздандыруу, жол үчүн салык, таксилерге сөзсүз патент деп жатат. Бул эми такси айдагандар үчүн, мындай айдоочуларга деле минус да. Эптеп эле бюджетти толтурабыз деп элди кыйнап жатат".

Ал эми Ош-Бишкек каттамында киши ташыган Манас Келдибеков жолду оңдоонун башка ыкмаларын кароого чакырды:

"Негизи башка жол менен оңдош керек. Баарын эле элге жүктөй бергенине каршымын. Бардык нерсеге салык киргизип салды. Аба эле калды төлөй элек. Ансыз деле чыгашабыз көп. Ошон үчүн мен каршымын".

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду 2022-жылдын январь айында түзүлгөн. Мындай чечим жолдорду оңдоо максатында кабыл алынган.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Жол фондунда 4 миллиард сомго жакын каражат бар. Ал акча автотранспортторду каттоо, өткөрмө бекеттерден түшкөн жана автоунааларга байланыштуу жыйымдардан, айып пул, грант, күйүүчү майга салынган акциздик салыктын 5% ашпаган суммасынан түшөт.

"Ким колдонсо, ошол төлөш керек"

Экономист Марат Мүсүралиев жол оңдоо үчүн каражатты күйүүчү майдын акчасынан эмес, атайын акча төлөп жүрүүчү жолдор аркылуу чогултуу керек деп эсептейт:

Марат Мүсүралиев
Марат Мүсүралиев

"Бензинди баарыбыз колдонобуз. Ошондуктан аны базалык товар дейбиз. Ал кымбаттаса, чынжырча болуп бардык товар кымбаттай баштайт. Мисалы бирөө Ошко каттап, ошол жол менен оокат кылат. А башкалар бир дагы жолу чыкпайт. Эмне үчүн ал жолго төлөш керек. Кимиси айдаса, ким колдонсо, ошол гана төлөш керек. Ошондо туура болот. Азыр бизде акча төлөп жүрүүчү тилке бир гана Төө-Ашууда эле бар. Бирок акчасы накталай жыйналат. Андан канча пайызы казынага жетет, канчасы чөнтөккө таратылат, ага эч ким жооп бере албайт. Ошон үчүн пост-терминал койсо, телефондон сканерлеп эле төлөй беришмек".

  • Кыргызстандын эгемендик жылдардан берки тышкы карызынын чоң бөлүгүн инфраструктураны жакшыртуу, анын ичинде жол куруу максатында алган.
  • Маселен, 2021-жылга чейин автожолдорду куруу үчүн эл аралык каржы уюмдарынан 2 миллиард 540 миллион доллар насыя алган.
  • Бул сумма жалпы мамлекеттик карыздын төрттөн бирин түзөт. Анын басымдуу бөлүгүн Кытай берген.
  • Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 6 млрд 362 млн долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG