Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Пикир үчүн доого жыккан долбоорду депутаттар сындады


Сөз эркиндигин коргогон жүрүш. 14-октябрь, 2022-жыл
Сөз эркиндигин коргогон жүрүш. 14-октябрь, 2022-жыл

Медиа каражаттарында жана интернетте, анын ичинен социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды тараткандарга айып пул салуу тууралуу өкмөт сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин бир комитетинен биринчи окуудан өттү.

Анда адаштыруучу постторду же башкаларды мазактаган комментарийлерди жазган адамдарга 100 миң сом айып пул салуу каралган. Документ парламентте жана жарандык коомдо сын-пикирге кабылды.

“Берия болуп каласыңар”

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Юстиция министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган. Тагыраагы, анын эки беренеси толукталганы турат.

Ал кабыл алынса, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын баракчасында социалдык тармактарды колдонуу менен жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынат. Жалган кабарларды же пост-комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, андай маалымат чыгарган медиалар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилет.

Мыйзам долбоорун юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырып, маалымат каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу мазактоо жана кемсинтүү учурлары көбөйгөнүн билдирди:

Орозбек Сыдыков
Орозбек Сыдыков

"Жалпыбыз күбө болуп жаткандай, интернет тармагынын, сайттардын өнүгүшү жана маалымат алмашуунун өсүшү менен аны оң жагына эмес, терс жагына пайдаланган адамдар да көбөйдү. Интернет мейкиндиги аркылуу бирөөлөрдү мазактоо, кемсинтүү жана жалаа жабуу учурлары арбыды. Бул коомдук адеп-ахлакка жана жеке адамдардын ортосундагы мамилелерге коркунуч жаратууда. Мазактоого, жалаага кабылган адамдардын ден соолугуна, үй-бүлөлүк кадыр-баркына, психологиясына жана жумуштагы репутациясына зыян алып келүүдө. Ал эми ошондой жалган сөздү жазып, мазактоону жүргүзгөндөргө мыйзамдарда жазалоо мүмкүнчүлүгү алсыз болуп келгендиктен, “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске ушул өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз", - деди министрдин орун басары.

Мыйзамдын демилгечилери интернетте жазылган жалган маалыматтарды же кимдир бирөөлөрдү мазактаган нерселерди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги көзөмөлдөй турганын билдирүүдө.

Мекемеде андай кабар же пост-комментарийлерди аныктоочу орган да түзүлүптүр. Тагыраагы, атайын борбордо отурган 11 кызматкер күнү-түнү интернетке көз салып турат экен.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев депутаттардын суроолоруна жооп берип, буларды айтты:

Марат Тагаев
Марат Тагаев

"Биз, Маданият министрлиги, эгерде арыздануучу болсо, анын арызын да карайбыз. Андан сырткары Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлдү. Ал борбор мониторинг жүргүзүп турат. Максаттуу түрдө, системдүү түрдө чагым маалыматтарды тараткан сайттарды же колдонуучуларды аныктап турушат. Соңунда атайын корутундунун негизинде аларга чара көрүлөт. Бул мыйзам долбоорунун демилгеленип жатышы саясатчы, коомдук ишмер же башка адамдар жөнүндө гана сөз болуп жатат. Негизинен бул карапайым элдин, адамдардын кызыкчылыгын коргоого багытталган. Анткени, жанагындай жаман сөздөр, кемсинтүүлөр, жалаа-жабуулар коомдук аң-сезимге жана моралга зыян келтирип, жаш өспүрүмдөрдүн, балдардын психикасына да терс таасирин тийгизип жатат".

17-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация жана архитектура боюнча комитетиндеги талкууда документти колдогондор да, сындагандар да болду. Каршы пикирин айткандар, биринчиден, айып пулдун өтө жогору экенин сынга алышса, экинчиден, Маданият министрлигинин көзөмөлдөөчү органга айланышын айыпташты.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев муну Маданият министрлиги СССР маалындагы Элдик комиссариат, же НКВД органы менен салыштырды:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“XXI кылымда дүйнө кызык болуп баратат. Маданият министрлиги жалаа жана мазактоо боюнча материал түзүп, чечим чыгарат экен, мен мындайды биринчи жолу көрүп жатам. Бул Маданият министрлиги эмес, бул УКМКнын же ИИМдин бир бөлүмү деп жазып коёлу анда. Жазага тартуу, жоопко тартуу деген таптакыр башка, ага Маданият министрлигинин тиешеси жок. Мен түп тамыры менен каршымын. Жоопкерчиликти көтөргүлө, бирок Маданият министрлиги көтөрөт дегенди ойлонсоңор боло. Эмне, Максутов айып пул салабы? Өкмөт мүчөлөрү ушуга жооп берип койгулачы. Анда өзүнчө эле Лаврентий Павлович Берия болуп калбайбы!”

Муну комментарийлеген юстиция министринин орун басары ар кайсы министрликтерде өз тармагына жараша эреже бузууларга айып пул салуу тажрыйбасы бар экенин, тиешелүү тараптар аны өндүрбөгөн учурда маселе сот аркылуу чечилерин белгиледи. Буга Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол инспекторлору, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт инспекторлору жана башкалар мисал келтирилди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү да башка мыйзамдардын алкагында мекеменин адистери тиешелүү тараптарга 2023-жылы 400 миң сомдой айып пул салганын маалымдады. Анын ичинде медиада балдардын контенти боюнча мыйзамдарды бузгандарга Маданият министрлиги чара көрүп, жаза колдонот экен.

“Ар бир адамга тиешелүү болушу мүмкүн”

Парламент комитетиндеги талкуу маалында эл өкүлдөрү “Укук бузуулар жөнүндө” кодексте башка мыйзам бузуулардын жазасы 500 сомдон башталып 15 миң сомго чейин гана жетерин белгилешип, интернетте эмоциясы менен комментарий жазып койгон адамга 100 миң сом айып пул салуу туура эместигин айтышты. Айрымдары муну бийликти сындаган жарандардын үнүн басуу катары да сыпатташты.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров жыйында буларга токтолду:

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

"ТикТок болобу, Фейсбук, Инстаграм болобу, кичинекей балдардын психологиясына зыян келтирген маалыматтар болсо, аны көзөмөлдөө керектиги анык. Бирок бул мыйзамда өтө талаштуу учурлар көп экен. "Башка адамдын кадыр-баркын атайылап кемсинтүү", "адепсиз формада мазактоо", "бир адамдын репутациясына шек келтирген маалыматты атайылап таратуу", айтор көп нерсе бар экен. Коомдо ар кандай адамдар бар. Бирөө ток, бирөө ачка, биринин оокаты жакшы кетип жатат, бирөөнүкү жок. Бул жашоо, бул эмоция. Эмоция менен сүйлөп ийген сөзү үчүн, бирдемеге от алып кетип, бирөөнү сындап жазып салган сөзү үчүн 100 миң сом айып пул салган туура эмес. Бул ашыкча".

Кезинде “Медиа Полиси Институту” коомдук фонду, "Адилет" укуктук клиникасы жана башка юристтер мыйзамдагы карама-каршы келген жагдайлар бар экенин белгилешип, аны чакыртып алууга үндөшкөн. Алар мыйзам долбоору тууралуу өз бүтүмүндө ал ар бир адамга багытталып калышы мүмкүн экенин эскертишкен.

"Адилет" укуктук клиникасынын аталган мыйзам долбоорго жасаган анализинен үзүндү келтирели:

"Мындай маалыматты тараткан ар бир учур өзүнчө жана сот аркылуу гана каралышы керек. Даттанууларды кароо тиешелүү экспертизаны жүргүзүү, далилдерди изилдөө жана тараптардын жүйөлөрүн угуу аркылуу өтүшү кажет. Ошол эле маалда бул мыйзамдын кабыл алынышы менен Кыргызстанда коомдук ишмердик жүргүзгөн жана пикирин айткан ар бир жаран, жалпыга маалымдоо каражаты, журналист жана интернет-провейдер жоопкерчиликке тартылып калуу тобокелдигине кабылат. Түпкүлүгүндө мамлекеттик орган адаштыруучу жана жаңылыш деп эсептеген пикирди айткандар гана жоопкерчиликке тартылып калат".


Парламент комитетинде мыйзам долбооруна депутаттардын сунуштары кошулмайынча, артка кайтаруу керектиги айтылды. Ага карабай мыйзам долбоорун комитеттин жыйынына катышкан депутаттардын көбү колдоп, экөө каршы добуш берип, биринчи окууда кабыл алынды.

Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле ЖМКнын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.

Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG