Бийликти сындап жазган Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев кармалып, “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлду. Жогорку сот ушул эле берене менен кине коюлган Төрөкулованы абакта калтырды. Орусиянын чабуулдарынан Днепрде кеминде төрт киши мерт болду.
Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев "массалык башаламандык" беренеси менен айыпталып, 19-августка чейин камалды. Ал 2-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылган.
Олжобай Шакир эгемен Кыргызстандын тарыхында абакка кесилген биринчи жазуучулардын бири болуп калды. Ал темир тор артында дагы чыгармачылыгын таштабай, коомдук-саясий окуяларга пикирин билдирип, агартуучулук аракетин улантууда.
Чолпон-Атада БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолукту. Киевде кол салууга кабылган казакстандык журналист Айдос Садыков ооруканада каза болду. Бишкекте “Тез жардамдын” дарыгери менен шаар тургунунун чырын Ленин райондук милициясы тергей баштады.
Украинанын борбору Киевде кол салууга кабылган 55 жаштагы казакстандык оппозиционер жана журналист Айдос Садыков ооруканада каза болду.
Чолпон-Атада Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугуп, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү абалды талкуулады. Гутерриш Кыргызстандагы жарандык коом өкүлдөрү менен дагы жолугушту.
Францияда жүздөгөн адамдар 1-июлга караган түнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылыгын билдирип көчөгө чыкты.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда автоунааны сел агызып, бир үй-бүлөдөн төрт адам мерт болду. Алардын экөө балдар. 28-июнда Ноокат районунда да катуу сел жүрүп, он кишинин өмүрүн алган. Алар да бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болчу.
Францияда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы жүздөгөн адамдар 1-июлга караган түнү көчөгө чыкты. Добуш берүүнүн биринчи айлампасынын жыйынтыктарына караганда, ашынган оңчулдардын партиясы алдыга чыкты. Анын лидери 28 жаштагы Жордан Барделла өкмөт башчы болуу дымагын жар салды.
Ноокат, Ысык-Көл, Свердлов округдарындагы кайра шайлоо жыйынтыкталып, автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча Бакытбек Марипов, Айжигит Тыналиев жана Жумабек Салымбеков алдыга чыкты. Үч райондогу кайра шайлоо жарандардын катышуусу солгун болгон кезектеги жараян болуп калды.
Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоо жыйынтыкталып, автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча Бакытбек Марипов, Айжигит Тыналиев жана Жумабек Салымбеков алдыга чыкты.
№5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өтүп, анын баштапкы жыйынтыгы чыкты.
Дагы жүктөңүз