Израилдин өкмөт башчысы АКШ Конгрессинин биргелешкен жыйынында кайрылуу жасап жатканда Капитолийдин алдына миңдеген адам чогулду. Алар Газадагы согушту жана Израилдин жетекчилигин айыптап, ок атышууну токтотууну талап кылышты.
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нитаньяху 24-июлда АКШ Конгрессинин биргелешкен жыйынында кайрылуу жасап жаткан маалда Капитолийдин алдына миңдеген адам чогулду. Алар Газадагы согушту жана Израилдин жетекчилигин айыптап, ок атышууну токтотууну талап кылышты. Нитаньяху АКШ менен
Абакта жаткан Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев атайын кызматтын тергөөчүсүн жана академиянын жетекчилигин айыптаган билдирүү таратты.
Ошто мурдагы төрт жетекчи кармалып, алар эки айга камакка алынды, шаардык кеңештин депутатына издөө жарыяланды. Улуттук коопсуздук кызматы кармалгандарга сел сууларын агызууга бөлүнгөн жерлер жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткенине байланыштуу айып тагылганын билдирди.
Украина орус аскерлеринин чабуулунан эки жараны каза болгонун билдирди. Зеленский эгер Батыш Москвага басым көрсөтө алса согушту сүйлөшүү жолу менен токтотсо болорун айтты. Орусияда Мамдума полицияга мигранттарды депортациялоого уруксат берди. Визасыз жүрүү режими 180 күндөн 90 күнгө кыскартылды.
Президент Садыр Жапаров компания-фирмаларды диний мүнөздөгү сөздөр, терминдер жана аныктамалар менен атоого тыюу салган мыйзамга кол койду. Ага ылайык, мындай сөздөрдүн тизмесин, пайдалануу тартибин өкмөт аныктайт.
АКШнын президенти Жо Байден күзгү шайлоого катышпай турганын жана вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдой турганын жекшембиде Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагы аркылуу билдирди.
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов болду.
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жоку коногу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов болду.
Хан-Юнис шаарында Израилдин соңку чабуулдарынан кеминде 16 палестин тургун набыт кетти. Газадагы согуш маселеси тууралуу бул аптада АКШ Конгрессинде да сөз болот.
Израил Газанын бир нече аймагында чабуулдарын улантууда. Дүйшөмбүдө 70, андан бери дагы жыйырмадай кишинин өмүрү кыйылганы маалымдалды. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагыларды бошотуу келишими даяр боло баштаганын билдирди.
Дагы жүктөңүз