Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Улуттар Уюму - Кыргызстан: Газа, Украина, климат маселеси


БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш климаттын өзгөрүшү боюнча коомчулуктун жана жаштардын демилгеси менен таанышты, Чолпон-Ата, 2-июль, 2024-жыл
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш климаттын өзгөрүшү боюнча коомчулуктун жана жаштардын демилгеси менен таанышты, Чолпон-Ата, 2-июль, 2024-жыл

Чолпон-Атада Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугуп, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү абалды талкуулады. Гутерриш Кыргызстандагы жарандык коом өкүлдөрү менен дагы жолугушту.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушууда президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абал туурасында учкай маалымат берди.

Соңку үч жылда экономикалык өнүгүү 7% жеткени, айлык акынын жогорулашы, социалдык объектилердин курулушу айтылды. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу жанданганы экономикалык чоң мүмкүнчүлүк катары белгиледи.

"Белгилүү болгондой, Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттары программасында 166 өлкөнүн ичинен 45-орунга жайгашып, олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Биз азыр 2030-жылга чейин алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киребиз деген дымактуу максатта турабыз. Кыргызстандагы БУУнун бардык институттарынын кызматкерлерине тыгыз кызматаштык үчүн ыраазычылык билдирем".

Гутерриш мурда бир нече ирет Кыргызстанга келип кеткенин айтып, “бирок мындай динамиканы эч качан көрбөгөнүн” белгиледи. Ал Жапаровго кайрылып, “сиздин өлкөңүз мурда уктап жаткан болсо, азыр чуркаган күлүккө айланыптыр” деди.

Бишкек Украина жана Газа маселесин көтөрдү

Жолугушууда Садыр Жапаров Газадагы жана Украинадагы кырдаалга токтолду.

"Газада, Украинада, Сирияда, Гаити, Йемендеги согуштар жана куралдуу кагылышуулар барган сайын эл аралык коомчулуктан адекваттуу жана натыйжалуу чараларды талап кылууда. Газада болуп жаткан трагедияны 10 миңдеген палестиналык жарандардын, өзгөчө балдар менен аялдардын өлтүрүлүшүн эл аралык укуктун, анын ичинде гуманитардык укуктун одоно бузулушу катары эсептейбиз. Газада болуп жаткан гуманитардык кризис кырдаалды ого бетер курчутту. Биз БУУнун Коопсуздук кеңешинин Газада ок атышпоо боюнча 11-июндагы резолюциясынын кабыл алынышын кубаттайбыз жана чечимди аткарууну маанилүү деп эсептейбиз. Украинадагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Биздин өлкө бул конфликтин деэскалациясын жана чыр-чатакты эртерээк токтотууну жактайбыз", - деди Садыр Жапаров.

Кыргызстан менен БУУнун желеги.
Кыргызстан менен БУУнун желеги.

Борбор Азиядагы алакага БУУнун баасы

Жолугушууда аймактын коопсуздугу тууралуу да сөз болду. Президент Ооганстандагы абал Кыргызстан үчүн да маанилүү экенин айтты.

“Ооганстан кайрадан терроризмдин жана баңгизаттын аймагына айланып кетпеши үчүн бул өлкө дүйнөлүк изоляцияда, эл аралык жардамдан четте калбашы керек”, – деди Жапаров.

Президент тышкы саясатта Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурарын, Өзбекстан менен чек аранын чечилгенин, Тажикстан менен тактоо уланып жатканын белгиледи.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Бишкектин чек араны тынч жолу менен чечип жатканын кубаттады:

"Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгы бекемделип келүүдө. Чек арага байланышкан маселелерин дипломатиялык жол менен чечип жатат. Өзбекстан менен маселе толугу менен чечилди. Тажикстан менен болгон тактоо иштери да аягына чыгат деп ойлойм. Ошол себептүү Кыргызстанды тынчтыктын символу деп айтууга болот деп ойлойм".

Климат маселеси, БУУ атындагы чоку

Мындан тышкары климаттын өзгөрүүсү, экология жана жашыл долбоорлор боюнча да сөз болду.

Президент Жапаров 2022-жылы Кыргызстандын башка өлкөлөрдөн жана каржы институттарынан алган тышкы карыздарды жашыл долбоорлорго жумшоо боюнча сунушун кайталап, бул өнөктүк үчүн БУУнун Париж клубуна жана каржы институттарына кайрылуусун өтүндү.

Президент соңку 50 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 16% эрип кеткенин кошумчалады.

Гутерриш Тоолорду коргоо боюнча резолюция Кыргызстандын демилгеси менен кабыл алынганын белгилеп, өлкөнүн климаттын өзгөрүүсүнө каршы аракеттерин кубаттады.

Муну менен катар Садыр Жапаров Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Тянь-Шань тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагындагы бийиктиги 5576 метр болгон аты жок тоо чокусуна "Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу" деген географиялык аталыш ыйгарылганын билдирип, баш катчыга сертификат тапшырды.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.
БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы бул чечим БУУнун планетадагы бардык адамзат үчүн тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү сактоого, глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ишмердигин эске алуу менен Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюму менен мамилелерин чыңдоо максатында кабыл алынганын айтты. БУУнун кызматкерлеринин курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүдөгү алдыңкы ролун белгиледи.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешине мүчө болуу дымагы

Жолугушууда Кыргызстан 2026-жылы БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болууга талапкерлигин көрсөтүп жатканы белгилүү болду.

"Биз менен бул орунга атаандашып жаткан Филиппин өлкөсү буга чейин төрт жолу бул кеңешке мүчө болгон экен. Бул ирет бешинчи жолу аракет кылууда", - деди Садыр Жапаров.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Коопсуздук кеңешине мүчө болуу өлкөнүн имижи үчүн маанилүү экенин белгиледи.

"Биз дүйнөлүк чоң күн тартибине аралашып, ар кандай конфликттер, экономикалык кризистер, климаттык өзгөрүү жана башка бардык маанилүү иштерге катыша алабыз. Бул үчүн биз деңгээлибизди көрсөтүшүбүз керек. Бул албетте келечектин иши. Биз кеңешке өтөбүзбү, жокпу, убакыт көрсөтөт".

Жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуу

Чолпон-Атада Гутерриш Кыргызстандын жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу "Азаттыкка" жолугушууга катышкандардын бири - "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди. Анын сөзүнө караганда, жарандык коом өкүлдөрү БУУнун баш катчысына өлкөдөгү адам укуктары, майыптыгы бар адамдардын укуктары, сөз эркиндиги, экологиянын абалы, жарандык коомго мамиле тууралуу маалымат беришти.

"Сот адилеттигинин жоктугу, аялдардын укугу, майыптыгы бар кыздар зордукталган учурда да сот калыс карабай калган учурлар бардыгын белгиледик. Сөз эркиндиги кысымга кабылып, бийликке сын-пикир айткан блогер, журналисттер камалып жатканы тууралуу айтып бердик. Публицист, журналист Олжобай Шакирдин беш жылга кесилгенин айттык. Теңсиздик дээрлик бардык жакта орун алып жатканын белгиледик. Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын акталышы - баш катчынын келишине даярдык болушу ыктымалдыгын да белгиледик. Кыргызстанда парламенттин эркиндигин тушаган, ЖМКны чектеген мыйзамдар жазылып, кабыл алынып жатканын айттык. Бизди кыскан, журналисттерди камаган кыргыз элинин табиятына туура келбесин айтып, Кыргызстандагы укук коргоочулардын укугун коргоочу кыймылдар зарыл экенин белгиледик", - деди Исмаилова.

Баш катчы Гутерриш жолугушууда Кыргызстандагы адам укуктарынын, сөз эркиндигинин абалы тууралуу кабардар экенин билдирген.

Исмаилова жолугушуу кыргызстандык жарандык коом өкүлдөрүнүн демилгеси менен уюштурулганын кошумчалады.

Абакта жаткан Кылычев, Гутерришке кайрылуу

БУУнун Баш катчысы жыйын соңунда өлкөдөгү адам укугу маселесине көңүл бурду.

"Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде мүчө болушу бул өлкөгө дагы да көбүрөөк жоопкерчилик жүктөйт. Анын адам укуктары, экономикалык, саясий жана жарандык бардык укуктар корголушу керек. Министр мырза мага айтып бергендей, эркиндик бул элдин генинде бар экен. Тарыхына карап көрсөк, бул туура көрүнүш", - деди Гутерриш.

Антониу Гутерриш чөлкөмгө Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүндө адам укуктарына байланыштуу көйгөйлөр жаралып, жарандык коомдун ишин чектеген мыйзамдар кабыл алынып жатканда келди.

Анын сапарын утурлай 2-июлда Кой-Таш окуясына байланыштуу он жылга соттолгон Алга Кылычевдин жакындары Бишкекте акция өткөрүп, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысын бул окуяга көңүл бурууга чакырды.

“БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке кайрылып кетет элем, биздин башыбызга түшкөн ишке көңүл буруп, жардам берүүңүздү суранам. Жолдошумду тез ара камактан чыгарып беришиңизди суранат элем. Анткени ушундай ооруган адамды камап коюу – бул кыйноо болуп саналат. Сотто күбөлөрдүн бири дагы каршы көрсөтмө берген жок. Эч кандай далил жок камап койду”, - деди Кылычевдин жубайы Гүлнур Ниязова.

Абактагы Алга Кылычевдин жакындары. 2-июль, 2024-жыл.
Абактагы Алга Кылычевдин жакындары. 2-июль, 2024-жыл.

Ал алты баласы менен жалгыз калганын жана күйөөсүнүн саламаттыгына кабатыр болуп жатканын билдирди..

Жубайынын айтымында, абактан чыккан акыркы үч-төрт жылдан бери Алга Кылычевдин саламаттыгы начарлап, дайыма дарыгердин көзөмөлүндө жүргөн. Ал кант диабетинен жабыркап, кан басымы жогору жана боору да ооруп жүргөн.

Аламүдүн райондук соту 21-июнда Кылычевди 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, он жылга камоону өкүм кылган. Кылычев Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылкы редакциясындагы “Барымтага алуу” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелерине айыптуу деп табылган.

Сот залынан камакка алынган Кылычев сот өкүмүнө макул эместигин, “саясий чечим” деп атаган. Ал мындай сот чечмин бозгундагы мурдагы президент Курманбек Бакиевге байланыштуу азыркы бийлик башчыларын сындап жүргөнү менен байланыштырып жатат. Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев бийлик соттун ишине кийлигишпестигин айтып, “саясий чечим” деген дооматты четке каккан.

Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери жүрүп жатат. Кылычев 2019-жылы бул окуяга байланыштуу алты айга чукул Бишкектеги №1 тергөө абагына отуруп, үй камагына чыккан.

Бириккен Улуттук Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриштин Кыргызстанга сапары алдында, 1-июлда Бишкекте акын жана активист Аскат Жетигенди сот үч жылга абакка кесилди. Аскат Жетиген Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча акталып, 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен "күнөөлүү" деп табылды.

Учурда акын, журналист Олжобай Шакир беш жылга, жарандык активисттер Зарина Төрөкулова, Каныкей Аранова, Адилет Балтабай абакка кесилген. Жапырт камалган 11 журналисттин да соту жүрүп жатат. Алардын ичинен Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, акын Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат.

Укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева БУУнун баш катчысы Кыргызстанга сапарында өлкөдөгү адам укугуна байланыштуу жагдайларды дагы эске алса деген пикирде.

“Адам укуктары жөнүндө сөз козгоп кетсе жакшы болмок. Укук коргоочуларды чектөө боюнча митинг, акцияларды, эркин сөздү чектөө боюнча жалпылап айтып кетсе жакшы болмок. Жеке окуялар боюнча маалыматы деле жок болсо керек. БУУнун мандаты бул – бүт дүйнөдө адилеттүүлүктү, эркин сөздү, эркин жүрүш, адам укуктарын камсыз кылуу. Ошондой эле бизди эл аралык коомчулукта алган милдеттенмелердин аткарылышын кароо”, - деди укук коргоочу.

БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Антье Граве өлкөдөгү адам укугу, сөз эркиндигине байланыштуу дайыма билдирүү жасап келет. Ал “чет өлкөлүк өкүл” жана массалык маалыматтар жөнүндө жаңы мыйзамды сындап, тынчсыздануусун билдирген.

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же “Чет элдик өкүл” деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган. Президент “өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук болбойт” деп билдирген.

Дегеле, бийлик өлкөдө сөз эркиндиги, адам укуктары сакталарын кайталап келет. Президент Садыр Жапаров 22 саясатчы жана активисттин акталышына байланыштуу пикирин билдирип, “сот – бийликтин өзүнчө бир бутагы” деп билдирген.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Антониу Гутерришти “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун баш катчысын "Манас" аэропортунда тосуп алды. 2-июль.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун баш катчысын "Манас" аэропортунда тосуп алды. 2-июль.

Ал чөлкөмдөгү сапарын 30-июнь - 1-июль күндөрү Өзбекстандан баштады. Ташкентте өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту. 3-июлда Кыргызстандагы иш сапары жыйынтыкталган соң Казакстанга барып, 4-июлда Астанада өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде сөз сүйлөйт.

Гутерриш Тажикстан менен Түркмөнстанга да барат. Сапар алдында чет өлкөдөгү тажикстандык оппозициячыл кыймылдар Гутерришке кайрылып, аны Дүйшөмбүдөгү жолугушууларында тажик саясий туткундарынын маселесин көтөрүүгө чакырган.

  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG