Вашингтондо 32 өлкөнүн башын бириктирген НАТОнун кезектеги, мааракелик саммити өтүүдө. 75 жыл мурда түзүлүп жатканда “кансыз согуштагы” башкы душманы Советтер Союзу болгон альянстын азыркы негизги коркунучу Орусия болууда.
Кыргызстанда баңгизат сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун ондон ашык мүчөсү кармалды. Шаардык сот экс-депутат Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызын карап, Биринчи май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Орусияда мигранттарды депортациялоо мыйзамдарын күчөтүү сунушталууда.
10-июлда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.
Ички иштер министрлиги өлкөдө маңзат сатуу менен шугулданган ири кылмыштуу топтун ондон ашык мүчөсү кармалганын билдирди. Алардын арасында милиция кызматкерлери да бар.
Бишкекте милиция акча талап кылган өспүрүм инсульт алып, ооруканада жатат. Шектүү катары Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын кызматкери камакка алынды.
Украинанын аймактарына бир күн мурун жасалган орус армиясынын жапырт аба соккусунан мерт кеткендердин саны 40ка чукулдады. Арасында төрт бала бар. Соккулардын бири Киевдеги ири балдар ооруканасына тийген.
Украинанын аймактарына жасалган орус армиясынын соңку жапырт аба соккусунан мерт кеткендердин саны 40ка чукулдады. Соккулардын бири Киевдеги ири балдар ооруканасына тийген.
Бишкектеги №1 тергөө абагындагы журналисттердин камералары тинтилген фактыдан улам Башкы прокуратурага арыз жолдонду.
Кыргыз бийлиги Тажикстан менен чек араны тактоо иштери активдүү жүрүп жатканын билдирип, жумушчу топтордун жолугушуусу уланууда. Тактоо иштеринде кайсы маселелер кыйынчылык жаратышы мүмкүн?
Францияда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында күтүүсүздөн солчулдардын "Жаңы элдик фронт" альянсы алдыга чыкты. 7-июлдагы добуш берүүдө буга чейин утаары болжонуп жаткан ашынган улутчулдар үчүнчү орунду араң ээледи.
Орусиянын ракеталык соккуларынан Украинада кеминде 30га чукул киши набыт болду. Тергөө абагында жаткан журналисттердин кийимдери алынганы тууралуу маалымат чыккан соң кызматтык териштирүү башталды. Ысык-Көлдө жайлоодо чагылган түшүп, 250 баш кой кырылып калды.
Орус армиясынын Киевдеги балдар ооруканасына тийген ракетасы 17 адамдын өмүрдү кыйылды. Ондогон адам жараат алганын шаар бийлиги билдирди. Баш калаадан тышкары 8-июлда орус армиясынын аба чабуулуна Днепр, Кривой Рог,
Дагы жүктөңүз