АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС тобунун саясий жетекчиси Исмаил Ханиянын сөөгү Дохада жерге берилет. Иран анын өлүмү үчүн Израилди айтыптап, өч аларын эскерткени Жакынкы Чыгыш ири жаңжалдын кучагында калышы мүмкүн деген кооптонуу күчөдү.
Орусияда Мамлекеттик дума мигранттарга каршы мыйзамды кабыл алды. Эми полиция чет элдик жарандарды соттун чечими жок депортациялайт. Ал арада Украинадагы согушка орус жарандыгын алган мигранттарды жиберүү дагы бир ирет сунушталды.
Орусия, АКШ жана бир нече өлкө туткундарды алмашты. Бул – кансыз согуштан берки эң ири айырбаштоо болуп калды. Ак үй 1-августта туткундарды алмашуунун алкагында азат кылынган 16 кишинин арасында Алсу Курмашева, Эван Гершкович, Пол Уилан жана Владимир Кара-Мурза бар экенин бышыктады.
Ички иштер министрлигинин Бишкектеги жатаканасында аптапта суу өчүп калды. Жашоочулар 4-августтан тарта жарык да жок болот деген эскертүү берилип жатканын билдиришүүдө. Анда жашаган 60тай үй-бүлө ИИМ аларды ушундай жол менен жатаканадан чыгарууну көздөп жатканын айтып жатышат.
АКШ жана ЕБде террордук деп таанылган ХАМАС тобунун саясий жетекчиси Исмаил Ханиянын сөөгү Дохада коюлат. Иран анын өлүмү үчүн Израилди айтыптап, өч аларын эскерткени Жакынкы Чыгыш ири жаңжалдын кучагында калышы мүмкүн деген кооптонуу күчөдү. Сот төрт журналистти 2-октябрга чейин камакта калтырды.
АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАСтын саясий лидери Исмаил Хания Иранда жок кылынды. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу анын өлүмү иликтенерин билдирди.
АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС уюмунун саясий лидери Исмаил Хания Иранда жок кылынды. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу анын өлүмү иликтенерин билдирди.
Өкмөт кыргыз-тажик чек арасынын 94% тилкеси такталганын билдирди. Чечиле элек 6% Баткен районунун аймагында экени айтылды. Венесуэлада азыры президент Николас Мадуронун шайлоодо жеңгени жарыялангандан соң өлкөдө жапырт нааразылык тутанды.
Венесуэлада азыркы президент Николас Мадуронун шайлоодо жеңгени жарыялангандан соң өлкөдө жапырт нааразылык тутанды. Добуш берүүнүн жыйынтыгына каршылыгын билдирген миңдеген адам көчөгө чыгып, полиция менен кагылышты.
Кыргыз-тажик чек арасынын 94% такталганын эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү кабарлады. Калган 6% эң татаал, бир нече жолку чек ара чырына себеп болгон бөлүктөр экени айтылып жатат.
Оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүнө урулган соккудан израилдик 12 бала каза болгондон кийин Жакынкы Чыгышта абал ого бетер курчуду. Израиль ишемби күнкү чабуул үчүн ливандык Хезболла тобун айыптаса, Иран колдогон согушкерлер ага тиешеси жоктугун айтууда.
Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына байланыштуу сот иши жүрүп жатат. Мая Алиева “кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдоо” беренеси менен айыпталууда.
Дагы жүктөңүз