Францияда жүздөгөн адамдар 1-июлга караган түнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылыгын билдирип көчөгө чыкты.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда автоунааны сел агызып, бир үй-бүлөдөн төрт адам мерт болду. Алардын экөө балдар. 28-июнда Ноокат районунда да катуу сел жүрүп, он кишинин өмүрүн алган. Алар да бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болчу.
Францияда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы жүздөгөн адамдар 1-июлга караган түнү көчөгө чыкты. Добуш берүүнүн биринчи айлампасынын жыйынтыктарына караганда, ашынган оңчулдардын партиясы алдыга чыкты. Анын лидери 28 жаштагы Жордан Барделла өкмөт башчы болуу дымагын жар салды.
Ноокат, Ысык-Көл, Свердлов округдарындагы кайра шайлоо жыйынтыкталып, автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча Бакытбек Марипов, Айжигит Тыналиев жана Жумабек Салымбеков алдыга чыкты. Үч райондогу кайра шайлоо жарандардын катышуусу солгун болгон кезектеги жараян болуп калды.
Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоо жыйынтыкталып, автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча Бакытбек Марипов, Айжигит Тыналиев жана Жумабек Салымбеков алдыга чыкты.
№5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өтүп, анын баштапкы жыйынтыгы чыкты.
Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулу орус армиясы менен кайрадан келишим түзгөнү кабарланды. Ал буга чейин Кыргызстанда жети жылга соттолуп, кийин пробация менен бошотулган соң чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Орусияга чыгып кеткени маалым болгон.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бельгиядагы сапарынын жүрүшүндө “Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлду.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бельгияга сапары аяктады. Анын жүрүшүндө “Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлду.
Иранда бүгүн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Авиакырсыкта каза болгон өлкө башчысы Эбрахим Раисинин ордуна президенттик кызматка алты талапкер катталган, кийин алардын экөө ат салышуудан баш тарткан.
11 журналисттин иши боюнча сот отуруму уланды. Айыпталуучулар коюлган күнөөлөр далилденбегенин айтышты. АКШда Жо Байден жана Дональд Трамп президенттик шайлоо алдындагы алгачкы дебатта беттешти. Бул арада Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүүдө.
Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү. Авиакырсыкта көз жумган Эбрахим Раисинин ордуна президенттик кызматка төрт талапкер ат салышты. Бул шайлоо Иранда жарандардын эркиндиги чектелген, жашоо деңгээли төмөндөгөн, экономикада туруксуздук өкүм сүргөн шартта өттү.
Дагы жүктөңүз