Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:08

Үч округ: Солгун шайлоодо Салымбеков, Марипов, Тыналиев алдыга озду


Ноокат, Ысык-Көл, Свердлов округдарындагы кайра шайлоо жыйынтыкталып, автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча Бакытбек Марипов, Айжигит Тыналиев жана Жумабек Салымбеков алдыга чыкты. Үч райондогу кайра шайлоо жарандардын катышуусу солгун болгон кезектеги жараян болуп калды.

Тыналиев, Салымбеков, Марипов маарага келген шайлоо

Свердов округунда шайлоо тилкелеринен 100% маалымат келип түшүп, баштапкы жыйынтык боюнча биринчи келген Жумабек Салымбеков 10 611 (64.61%) добуш алды. Экинчи орунда талапкер Аскар Алмаз уулу 2457 (14.96%) добушу менен баратат. Үчүнчү болуп Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкина келди. Ага 1928 (11.74%) шайлоочу добуш берген. Бул шайлоо округунунан 324 адам баарына каршы добуш берген.

Ал эми Ноокаттан Бакытбек Марипов биринчи орунду ээледи. Ага райондогу 91057 шайлоочунун 44.99% же болбосо 11523 адам добуш берген. Бул сан азыноолак өзгөрүшү мүмкүн. Анткени түнкү 23:30га карата дагы эки шайлоо участкасындагы добуштардын эсеби чыга элек. Бирок бул жалпы жыйынтыкка таасир этпейт деле.

Мариповдон кийин эле 4 754 (18.56%) добуш алган Артыкбай Абдивалиев келди. Андан кийинки орунду 3 308 (12.92%) шайлоочунун ишеничине ээ болгон Касымбек Кыланов ээледи. Негизи Ноокаттагы шайлоого катышкан талапкерлердин бир тобу шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жатышат. Алар мындан бир нече күн мурун видео кайрылуу да жолдошкон. Мисалы, Артыкбай Абдивалиев "Азаттыкка" үгүт учурунда, шайлоо күнү да Бакытбек Мариповдун тарапкерлеринин мыйзам бузууларына көңүл бурулбаганын айтып берди.

Негизи Салымбеков менен Мариповдун шайлоодо алдыга келери күтүлгөн көрүнүш болчу. Бирок Ысык-Көлдөгү шайлоонун жыйынтыгы кандайдыр бир деңгээлде жаңылык болду окшойт. Бул округда 3 498 (16.4) добуш алган Айжигит Тыналиев биринчи катарда турат. Анын соңунда эле 2 803 (12.85) добушу менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Турусбеков келди. Үчүнчү орунда турган Чолпон-Ата шаарынын вице-мэри Руслан Есенгулов Турусбековдон 144 добуш аз алган.

Эми баштапкы жыйынтык боюнча алдыга чыкты делген талапкерлердин өмүр баянына токтололу.

  • Свердлов районундагы кайра шайлоодо алдыга келген Жумабек Салымбеков Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамытбай Салымбековдун уулу. 47 жаштагы Салымбеков Бишкек шаардык кеңешинин бир нече чакырылышында депутат болгон. БШКнын сайтында “Дордой” базарынын, ушундай эле аталышты алып жүргөн карго компаниянын директору экени да көрсөтүлгөн. Салымбековдордун үй-бүлөсүнө таандык “Дордой” жана “Аламүдүн” базары Свердлов районунда жайгашкан. Жумабек Салымбековдун шайлоо фондуна 5 млн. 75 миң сом чогулган. Анын 4 млн. 923 миң сому коротулган.
  • Баштапкы жыйынтык боюнча Ноокат шайлоо округунан жеңип чыккан Бакытбек Марипов ушул эле районду 2020-2021-жылдары жетектеген. Ага чейин жети жыл Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Марипов дал ушул округдан ат салышып, көп добуш алгандардын бири болгон. Бирок мандат быйыл депутаттыктан кеткен Жусупбек Коргонбай уулуна берилген эле. Бакытбек Марипов Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышында депутат болгон Асамидин Мариповдун уулу. Анын бир тууган агасы Улукбек Марипов 2020-жылдан соң өкмөттү жетектеген эле. Анын шайлоо фондуна 2 млн. 350 миң сом келип түшүп, аталган сумманын 2 млн. 318 миң сому шайлоо иштерине коротулган.
  • Ысык-Көл округунан алдыга чыккан 38 жаштагы Айжигит Тыналиев 2016-жылдан бери Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты болуп келет . Мындан тышкары ошол эле шаардагы “Кыргыз көмүр” ишканасынын филиалынын кызматкери. БШКнын сайтында анын жеке ишкер экени да жазылган. Анын шайлоо фондуна 1 млн. 114 миң 854 сом түшүп, анын 922 миң сому коротулган.
Талапкер Жумабек Салымбековдун "Дордой" базары тараптагы баннери.
Талапкер Жумабек Салымбековдун "Дордой" базары тараптагы баннери.

БШКнын автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы маалыматы соңку жыйынтык болуп эсептелбейт. Эми шайлоочулардын добушу кол менен саналып, андан соң БШК расмий жыйынтык чыгарат. Бирок буга чейинки практика көрсөткөндөй автоматташтырылган эсептөө системасы менен кол санактын айырмасы анча көп болбойт.

Шайлоочулар солгун мамиле кылган кезектеги жараян

Бул кайра шайлоо жарандардын активдүүлүгү эң төмөн болгон кезектеги жараяндардын бири болуп калды. Үч район боюнча 311 миң 363 шайлоочу каттоодон өткөн болсо, алардын 63 миң 895и гана добуш берди.

Эң төмөн көрсөткүч Бишкектин Свердлов районунда катталды. Андагы 122 975 шайлоочунун 13% гана өз тандоосун жасаган. Ысык-Көлдө болсо шайлоочулардын 22% добуш берсе, Ноокаттагы 91 миң шайлоочунун 28% талапкер тандады.

Шайлоочулардын катышуусу боюнча БШКнын сайтындагы маалымат.
Шайлоочулардын катышуусу боюнча БШКнын сайтындагы маалымат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров жарандардын шайлоого аз катышып жатышынын себептерин атады:

Тынчтыкбек Шайназаров.
Тынчтыкбек Шайназаров.

“Биринчиден жай мезгили. Ошондой эле добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу жок десек болот. Мурда бүт мамлекеттик кызматкерлер , жетекчилер шайлоого аралашчу. Мындан тышкары ар кандай талапкерлер өзүлөрүнө керектүү жыйынтыкка жетүү максатында добуш сатып алып, анан элди ташып келчү да. Ушун көрүнүштөр таасирин тийгизип жатат. Бир жагынан добуш сатып алуу дээрлик жок болуп атат. Ошол эле маалда элдин шайлоого катышуусу төмөн болуп жатат. Шайлоого катышуу же катышпоо жарандын укугу да. Бирок биз аларды шайлоого кызыктыруу максатында ар кандай иш чараларды өткөрүп жатабыз”.

Бишкек шаарынын тургундары акыркы жылдардагы бир нече шайлоого көңүл кош мамиле жасап келет. 30-июндагы жараянда айрым шайлоо участкаларынын төрагалары саатына 10-15 эле киши келип жатканын айтышты. Эртең менен жараян жанданганы менен түшкө маал добушканалар тунжурап турганына биз дагы күбө болдук.

Саясат талдоочулар мунун бир нече себебин атап, элдин шайлоого, бийликке болгон ишеними төмөн экенин мисал тартып келишет. Мындан тышкары жарандар талапкерлерге ыраазы эместигин да кошумчалашат.

1325 шайлоо тилкесинин алдынан жолуккан шаар тургуну Тимур Литвинов мындай деди:

“Шайлоого эмнеге аз келип жатат? Менимче адамдар жоопкерчиликти сезишбейт. Анын үстүнө анын тандоосу шайлоонун жыйынтыгына таасир этерине ишенишпейт. Болбосо ар бир жаран өз тандоосун жасаса, татыктуу талапкер жеңмек да. Жарандар болсо шайлоонун жыйынтыгы алдын ала чечилген деп эсептешет”.

Ал эми Ноокаттагы шайлоога назар салган Токтомбай Төрөгелдиев "Азаттыктын" кабарчыларына "эл шайлоого, депутаттарга ишенбейт" деген кыска пикирин билдирген.

"Дордой" базарынын жанында жашаган Бактыбек Тууганбаев үгүт учурунда бир дагы талапкерди көрбөгөнүн айтып берди.

"Мен өзүм Дордой жаңы конушунун четки көчөсүндө жашайм. Биз тарапка бир дагы талапкер келген жок. Кошуналарым менен бул шайлоо жөнүндө сүйлөшкөн деле жокпуз. Бирок добуш беришсе керек деп ойлогом. Шайлоо участкасына келсем эч ким жок. Добуш берүү бүтүп калганбы деп да ойлоп кеттим", - деди Тууганбаев.

2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, БШК 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын токтоткон.


Боршайком 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышевдин депутаттык мандатын өзү жазган арыздын негизинде алган.


№29 Свердлов округунан 2022-жылдагы шайлоодо депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандаты быйыл апрелде жокко чыгарылган. Буга анын ошол кездеги атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевдин сотко жазган арызы негиз болгон.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG