Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:10

Маңзат бизнеси: Нургожоеванын жигитинин кармалышы


ИИМ тараткан видеодон алынган сүрөт.
ИИМ тараткан видеодон алынган сүрөт.

Ички иштер министрлиги өлкөдө маңзат сатуу менен шугулданган ири кылмыштуу топтун ондон ашык мүчөсү кармалганын билдирди. Алардын арасында милиция кызматкерлери да бар.

"18 миң доза болмок..."

Ички иштер министрлиги (ИИМ) кармалган кылмыштуу топтун 13 мүчөсү 18-36 жаштагы жарандар экенин, үчөө милиция кызматкери болгонун маалымдады. Алардан 18 миң дозаны түзгөн 60 млн сомдук 12 кг баңгизаты алынды.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы синтетикалык маңзат сатуу менен шугулданган топту тузакка түшүрүү үчүн узак убакыт бою тергөө аракеттери жүргөнүн билдирип, видеосун дагы жарыялашты.

Уюшкан кылмыштуу топтон алынган маңзат. Июль, 2024-жыл. ИИМ тараткан сүрөт.
Уюшкан кылмыштуу топтон алынган маңзат. Июль, 2024-жыл. ИИМ тараткан сүрөт.

“Кылмыштуу топтун мүчөлөрү баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды Кыргыз Республикасынын аймагына алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн жеткирүүнүн туруктуу каналын, ошондой эле интернет мессенжерлер аркылуу республиканын аймагында андан ары жайылтуу максатында синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү боюнча нарколабораторияны уюштурушкан”, - деп айтылат мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Милиция кылмыштуу топтун ар бир мүчөсүнүн ишин бөлүштүргөн “кураторлору” болгонун билдирди. Аларга маңзатты даярдап, сатууну үйрөтүп, бири-бирин тааныбай тургандай ыкма менен иш жүргүзүп келген.

Президенттин карындашынын жигити камалды

Бул окуяга удаа эле президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков баңгизат сатууга шектелип кармалганы белгилүү болду. Бишкектин Биринчи май райондук соту 6-июлда Сабырбековду 3-августка чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Афтандил Сабырбековго Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып коюлуп жатат.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов маалыматты 10-июлда ырастап, “Афтандил Сабырбеков мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табууну аракет кылган” деп билдирди.

“Президент Садыр Жапаров кимдин гана болбосун мыйзамсыз иш-аракеттерин жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат”, - деп жазды Алагөзов.

Социалдык тармактарда шектүү Афтандил Сабырбеков Бишкектеги Hive Bar деп аталган түнкү клубдун ээси экенин, аны менен кошо дагы бир клубдун өкүлү кармалганын жазып жатышат.

Hive Bar клубунун атын атагысы келбеген өкүлү Сабырбеков эс алуу жайдын ээси эмес экенин, иштетүүгө жардам берип жүргөнүн оозеки айтып берди. Ошондой эле ал Афтандил Сабырбеков Орусияда бир канча жыл жашаганын, күнөөсү жок экенин айтып, күч органдары “жалаа жаап жатат” деди.

Азырынча Сабырбековдун жакындары же адвокаттары бул тууралуу комментарий бере элек.

Ташиевдин түнкү клуб ээлерине эскертүүсү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети февралда Бишкектеги бир нече түнкү клубду кыдырып, синтетикалык маңзат сатуу боюнча шектүүлөр кармалганын жарыялаган. Түнкү клубдардын арасында жогоруда аталган Hive Bar дагы болгон.

Май айында атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев түнкү клуб иштеткендерге маңзатка байланыштуу эскертүү берген. Ал акыркы кездери рейддердин жүрүшүндө түнкү клубдарда маңзат табылганын, көбү синтетикалык кошулмалар экенин билдирген болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 10-июлда "Тажикстан - Кыргызстан - Өзбекстан" багытында жана Ош облусуна баңгизаттарын таратуу менен алектенген кылмыштуу топ аныкталып, кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, кылмыштуу схеманы 64 жаштагы У.Д.У. аттуу адам баңгизатын Ош облусуна жана Өзбекстанга сатуу үчүн Тажикстандан алып келүүчү канал түзгөнү аныкталган.

Маңзат бизнесине кантип бөгөт коёбуз?

Соңку жылдары жаштар арасында айрыкча синтетикалык маңзат күчөп, ал бизнес интернет аркылуу гүлдөп жатканы айтылып келет. Адвокат Шердор Абдыкапаров буга байланыштуу кылмыш иштери көп экенин айтып, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

“Мектептерде, окуу жайларда жок дегенде айына бир жолу сабак өткөрүп туруу керек. Эгерде ушундай кылмыш кылсаң, ушул жерге отурасың дегендей кылып, түрмөнү көрсөтүш керек. Балдар кичинекей маңзат менен кармалсам соттолбойм деп ойлошот. Алар жарнаманы, кинолорду көрүп алышкан. Маңзатка тиешелүү кылмыштын беренеси абдан оор экенин айтыш керек”, - деди юрист.

Абдыкапаров баңги бизнесин күч кызматындагылар арасында калкалагандар бар экенин, алар кармалган учурда тийиштүү жазасын албай калып жатканын кошумчалады.

Расмий органдар соңку үч жыл ичинде манзатка байланыштуу 3,5 миңге чукул кылмыш катталып, 17 тоннадан ашык баңгизат алынганын билдирген. Бул кылмыштар боюнча 500дөн ашык адамга айып коюлуп, маңзат даярдоого ылайыкташкан 30га чукул лаборатория аныкталган. Өлкөдө маңзат даярдоо, сатуу, жеткирүү оор кылмыштардын катарына кирет, ал үчүн беш жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасы каралган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG