Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Бишкек: Милиция кызматкеринин жоругунан өспүрүм инсульт алды


Башкы прокуратура тараткан видеодон алынган сүрөттөр. Коллаж.
Башкы прокуратура тараткан видеодон алынган сүрөттөр. Коллаж.

Бишкекте милиция акча талап кылган өспүрүм инсульт алып, ооруканада жатат. Шектүү катары Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын кызматкери камакка алынды.

Милиция өспүрүмдү коркутуп акча алган

Башкы прокуратура көчөдө электрондук чылым чегип отурган өспүрүмдү коркутуп акча алган милициянын окуясы делген видеону таратты. Анда милиция үч өспүрүмдү ээрчитип жүргөнүн, акча алган банкоматка барып, анан балдардын бирин эки шериги жөлөп-таяп алып баратканын көрүүгө болот. Милиция өспүрүмдүн абалын көрүп туруп ал жерден кетип калган.

Мекеменин маалыматына ылайык, 6-июлда ал көчөдө электрондук тамеки чегип отурган (С.Ю.) өспүрүмдү административдик жоопкерчиликке тартам деп коркутуп, акча талап кылган. Милиция кызматкери жабырлануучудан ошол эле жерден банкоматтан акча чыгартып алган. Өспүрүм окуя болгон жерден эсин жоготуп, ооруканага жеткирилген жана “геморрагиялык инсульт” диагнозу менен оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Башкы прокуратура тараткан сүрөт.
Башкы прокуратура тараткан сүрөт.

Учурда бул факт боюнча Октябрь райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Коркунучта калтыруу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, иш Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлдү.

"Инсультка стресс себеп болушу мүмкүн"

Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борборунда "геморрагиялык инсульт" диагнозу коюлган бул өспүрүм ата-энесинин каалоосу менен 7-июлдан бери жеке ооруканада дарыланып жатат. Аталган борбордун дарыгери Улан Садыков буларга токтолду:

“Ооруну аныкташ үчүн диагностикадан өткөрүү керек. Негизи, себептери көп. Балким, ошол күндөгү окуя, стресс абал түрткү берген. Бирок инсульт болгону аныкталды. Эми ал дарыланууну “Кортекс” ооруканасында улантат”.

Жеке оорукананын дарыгерлери өспүрүмдүн абалы жөнүндө эртең маалымат берерин билдирди.

Депутаттар коррупцияны эскертишкен

Кыргызстанда электрондук тамеки чегүүгө, ташып келүүгө жана сатууга тыюу салган долбоор каралып жаткан учурда бир катар депутаттар бул мыйзам укук коргоо органдарында коррупцияны күчөтөрүн айтып чыгышкан.

Окуядан кийин депутат Элвира Сурабалдиева президентти бул мыйзамга кол койбоого чакырды. Ал бул тууралуу Х баракчасына жазды.

Ал эми дагы бир депутат Дастан Бекешев демилге милициядагы коррупцияга жол ачарын бир нече жолу эскерткенин айтты. Бекешев 26-июндагы парламент жыйынында мындай деген:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

“Чынында, биз коррупцияга жол ачып жатабыз. Милиция кызматкерлери жыргашат. Электрондук тамеки менен кармалган өспүрүмгө "сен 1000 сом берип кой, мен көргөн жокмун" дей башташат".

Жогорку Кеңеш 26-июнда Кыргызстанда электрондук тамеки чегүүгө, ташып келүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алган. Эгер ага президент кол койсо, электрондук чылым колдонгон жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып пул салынат.

"Кара ниет кызматкерлер тазаланууда"

Ички иштер министрлиги соңку окуя тууралуу маалымат берип, милиция кызматкеринин өспүрүмдөн пара катары 1000 сом алганын ырастады. Учурда сот чечими менен 22 жаштагы милиция кызматкери камакка алынды. Мекеме коомчулуктагы коррупция боюнча сындарга жооп берип: “ИИМ жетекчилиги милициянын аброюна шек келтирген кара ниет кызматкерлерден тазалоо иштерин улантууда”, - деп билдирди.

Кыргызстанда жөнөкөй кызматкерлерден баштап, оор кылмыштарды тергеген тергөөчүлөргө чейин жарандардан пара талап кылган учурлар буга чейин катталган.

Укук коргоочулар милицияны реформалоону талап кылып, тартип сакчыларына шарт түзүү менен бирге алардын кесипкөйлүгүнө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп келишет. Милиция кызматкерлери секелек кызды зордуктоо кылмыштарына аралашкан окуялардан кийин Бишкекте ИИМ жетекчилигинин отставкасын талап кылган акциялар уюштурулган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG