Украинада дрон соккусунан эки киши набыт болуп, 12 киши жараат алды. Путин Украинага каршы орто аралыкка атылуучу ракета колдонулганын, бул америкалык, британиялык алыска атуучу курал менен жасалган соккуга жооп экенин айтты. Зеленский Орусия кырдаалды курчута турган дагы бир кадам жасаганын айтты.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаев кармалды. Путин Украинага каршы орто аралыкка атылуучу ракета колдонулганын айтты. Украин президенти Зеленский Орусия кырдаалды курчутуучу дагы бир кадам жасаганын айтты. Баткенде элден 213 млн сом алдап алган деп шектелген жарандын иши сотко өттү.
22-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Канатбек Исаевди УКМКнын тергөө абагына 4-декабрга чейин камакка алды. Саясатчыга Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен кине тагылганы белгилүү болду.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өзүнө жана үй-бүлөсүнө кол салуу үчүн атайын жалданган баш кесерден алды делген каты коомчулукта талкууга түштү. Атайын кызматтан төрагасы соңку окуяны өз ишмердиги менен байланыштырууда. Бул окуяны атайын тергөө тобу иликтей баштады.
Жогорку Кеңеш бир катар айылдардын тарыхый аттарын кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Путин ядролук жаңы доктринага кол койду. Өткөн түнү Украина Орусияны ATACMS менен атканы кабарланган. Темирлан Султанбеков Дайырбек Орунбековдун сөздөрүнө жооп берди.
Орусия шейшембиге караган түнү украин армиясы Брянск облусуна Атакамс ракетасы менен алты сокку урганын билдирди. Украин армиясы Карачев шаарынын четиндеги курал-жарак кампасын бутага алганын маалымдап, бирок кандай курал колдонулганын атаган эмес. Путин ядролук жаңы доктринага кол койду.
Өлкөдөгү бир катар айылдардын тарыхый аталыштарын кайтаруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда колдоо тапты. Талкуу учурунда айрым депутаттар Бишкектеги төрт райондун аталышын алмаштыруу демилгесин кайрадан көтөрүштү.
Орусия коңшусу Украинага басып киргенине 1000 күн болду. Ошондон бери карапайым украиналыктар бомбалоо, ракета жана дрон соккуларына туш болуп келатат. Майданда айыгышкан салгылаш уланууда. Орусия кошуна өлкөсүнүн дээрлик 20% ээлеп алган.
"Жаңы Кыргызстан" саясий партиясы 33 шаардык кеңештеги шайлоонун 30уна катышып, бардыгынан мандат алды. Ош өңдүү ири шаарларда марага биринчи болуп келди.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо айылдык кеңештерге депутат болууну каалагандар бир топ эсе аз болду. Аз сандагы талапкерлердин жарышка чыгышын айрым серепчилер жергиликтүү кеңештин ролу төмөндөгөнүнө байланыштырат.
Дагы жүктөңүз