Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Жоон топ аткаминерди кызматтан алууга Ташкенттеги ок атуу себеп болдубу?


Саида Мирзиёева жана Комил Алламжанов
Саида Мирзиёева жана Комил Алламжанов

Өзбекстанда коопсуздук кызматынын жетекчиси баштаган бир катар чиновниктер иштен алынды. Президенттин коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров өлкөдөн чыгып кеткени кабарланды. Бул окуялар сентябрдагы ок атууга байланыштуубу?

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизовду 23-ноябрда өкмөттүн жыйынында кызматтан алды.

Мындай чечимге эмне себеп болгону расмий кабарланган жок.

"Озодлик" радиосунун булактары билдиргендей, президенттин бул чечими Министрлер кабинетинин чукул жыйынында чыккан.

Абдусалом Азизов
Абдусалом Азизов

Чечимге президенттик администрация башчысынын мурдагы орун басары Комил Алламжановго кол салуу түрткү бергени айтылууда. Бир күн мурда Ички иштер министрлигинин, өкмөттүн, Коопсуздук кызматынын бир катар жетекчилери кызматынан алынган.

  • "Озодлик" өз булактарына таянуу менен Мирзиёевдин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары, президенттин карачечекей күйөө баласы Отабек Умаров 23-ноябрда Өзбекстандан чыгып кеткенин кабарлады. Умаров - Мирзиёевдин кенже кызы Шахнозанын күйөөсү. Ал качып кеттиби же жокпу, кайсы өлкөгө жана кандай максатта кетти, качан келет, азырынча белгисиз.

Азизовдун ордуна Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы болуп Баходир Курбанов дайындалганы кабарланды. Ал 2019-жылдын февралынан бери өлкөнүн коргоо министринин орун басары болуп иштеп келген. Бул кызматка ал жаңы чакырылыштагы депутаттардын макулдугу жана президенттин буйругу менен бейшембиде дайындалган.

Курбановдун дайындалганы расмий жарыялана элек.

Быйыл 26-октябрга караган түндө Ташкент облусунун Кибрай районунда белгисиз эки адам Комил Алламжановдун Range Rover унаасына ок чыгарышкан. “Озодлик” өз булактарына шилтеме кылып жазгандай, машинеде Комил Алламжанов жана анын айдоочусу болгон. Экөө тең жабыркаган эмес.

Кийинчерээк бул окуяга катышы бар деген себеп менен бир нече киши кармалганы кабарланган.

Ташкентте атылган ок. Мирзиееванын өнөктөшүнө кимдин өчү бар?
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:19 0:00

Президенттин тун кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёеванын жакын санаалашы деп саналган 40 жаштагы Комил Алламжонов быйыл 30-сентябрда Президенттик администрациядагы Маалыматтык саясат департаментин жетектөөдөн кетип жатканын, ишкердигин улантууну көздөп жатканын айткан.

Бирок кызматтан кетүү себебин ачыктаган эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG