Украинанын чыгышында орус армиясы илгерилеп, анан үстүнө кышкы ызгаар башталганы карапайым элге түйшүк түштү. Украин армиясы бейшембиде эртең менен билдиргендей, бир нече облуста Курск тараптан атылган орусиялык 21 дрон атып түшүрүлгөнүн, дагы 38инин локациясы аныкталбай калды.
Орусия Курск облусунан украин күчтөрүн сүрүп чыгарууга түндүк кореялык аскерлерди салып жатканы кабарланды. Москва эмне себептен чет элдик контингентти согушка салууга мажбур болду? Түндүк Кореянын кызыкчылыгы кандай? Бул Украинадагы уруштун нугун канчалык өзгөртө алат?
14-ноябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы СДПК партиясын Бишкек шаардык шайлоосунан четтетти. СДПКнын штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Турксевер кармалды. АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Ак үйдө азыркы мамлекет башчы Жо Байден менен жолукту.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй камагына чыкканы тууралуу комментарий берди. Мурдагы бажычы 11-ноябрда эле эркиндикке чыкканы белгилүү болуп, коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, партиянын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди 13-январга чейин камакка алды. Үч жаран Бишкектин №1 тергөө абагына камалат.
13-ноябрдын кечинде Бишкекте СДПК партиясынын штабында тинтүү жүрдү. Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков шаардык милицияда бир нече саат сурак берип чыкты. Партиянын Бишкектеги штаб башчысы Ирина Карамушкина жана тарапташы Роза Турксевер кармалганы маалым болду.
Райымбек Матраимов эркиндикке чыкканы белгилүү болду. Орусияга жардамга жиберилген Түндүк Кореянын аскерлери Курск облусунда согушка киргени кабарланды. ИИМ башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу менен кошо алты адам массалык башаламандык уюштурууга шектелип жатканын билдирди.
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп жаңы кабинетти жана администрациясын түзүүгө киришип, негизги кызматтарга талапкерлерди сунуш кылууда. Арасында миллиардер Илон Маск да бар. Трамптын айрым кадр тандоосун сындагандар да жок эмес.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) баш прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу баштаган жоон топ адамды "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен кармаганы белгилүү болду. Милиция алар шайлоо учурунда калайман башаламандык уюштурууга камданып жүргөн деген маалымат таратты.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо тил каты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан чыгарылды. Биринчи май райондук соту Матраимовдун иши 11-ноябрда каралып, жогоркудай чечим чыкканын 13-ноябрда билдирди.
Өзгөндүн Куршаб айылында 1920-30-жылдардагы репрессия курмандыктары жапырт көмүлгөн жайга эстелик орнотулуп, "Кекилик-Учар бейити" деп аталган мемориалдык жайы ачылды.
12-ноябрда Израил армиясы – ЦАХАЛ Бейруттун жака белине сокку урду. Маалыматка караганда, анын алдында жергиликтүү тургундарга эскертүү берилген. Эр-Риядда ИКУнун саммитинде президент Садыр Жапаров “эки мамлекет” планын илгерилетүү боюнча эл аралык аракеттерди колдоону сунуш кылды.
Дагы жүктөңүз