Ал эми Чоң-Сары-Ой айылындагы №3023 шайлоо тилкесинде добуш берүү саат 23:00гө чейин узартылды.
БШКнын маалыматына ылайык, 17-ноябрда саат 18:00гө карата 969 787 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 23,45% түзөт. Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү саат 8.00дө башталды, кечки саат 20.00дө жыйынтыкталат. БШК билдиргендей, өлкө боюнча 2 миң 437 добушкана ачылды.
Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков уулунун камалышы тууралуу элге жана бийликке видео кайрылуу жолдоп, уулунун коопсуздугуна бийлик жооптуу болорун айтты. 15-ноябрда президенттик администрация бул окуяда "саясий боёк" жок экенин билдирген.
Кыргызстанда 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде шайлоо өттү.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, партиянын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге эң масштабдуу шайлоо башталды. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер ат салышууда. Мындан сырткары 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей жаран жарышка түштү.
Социал-демократтар партиясы Бишкек шаардык кеңешине өтө турган шайлоодон четтеттилип, лидери Темирлан Султанбеков, штаб башчысы Ирина Карамушкина тарапташы Роза Түрксевер эки айга камалды. Алар муну саясий басым деп баалап жатат. Израил Сириянын, Ливандын баш калааларына соккусун улантты.
Бишкек четиндеги бир катар жаңы конуштар бийлик убада кылган мунапыс жараяны жакшы жүрбөй, көйгөйлөрү чечилбей жатканына даттанууда.
Жергиликтүү шайлоолорго үч күн калды. 14-ноябрда КСДПнын лидери Темирлан Султанбеков камалды. 13-ноябрда шаардык милиция партиянын штабында тинтүү жүргүзүп, добуш сатып алууга айыпталган эки адам камакка алынды.
Украинанын чыгышында орус армиясы илгерилеп, анан үстүнө кышкы ызгаар башталганы карапайым элге түйшүк түштү. Украин армиясы бейшембиде эртең менен билдиргендей, бир нече облуста Курск тараптан атылган орусиялык 21 дрон атып түшүрүлгөнүн, дагы 38инин локациясы аныкталбай калды.
Орусия Курск облусунан украин күчтөрүн сүрүп чыгарууга түндүк кореялык аскерлерди салып жатканы кабарланды. Москва эмне себептен чет элдик контингентти согушка салууга мажбур болду? Түндүк Кореянын кызыкчылыгы кандай? Бул Украинадагы уруштун нугун канчалык өзгөртө алат?
Дагы жүктөңүз