12-ноябрда Израил армиясы – ЦАХАЛ Бейруттун жака белине сокку урду. Маалыматка караганда, анын алдында жергиликтүү тургундарга эскертүү берилген. Эр-Риядда ИКУнун саммитинде президент Садыр Жапаров “эки мамлекет” планын илгерилетүү боюнча эл аралык аракеттерди колдоону сунуш кылды.
Өзгөндүн Куршаб айылында 1920-1930-жылдардагы репрессия курмандыктары жапырт көмүлгөн жайга эстелик орнотулуп, "Кекилик-Учар бейити" деп аталган мемориалдык жай ачылды. Кекилик-Учарда катылган сырды жергиликтүү элдеги маалыматтарга таянып, журналисттер, тарыхчылар ачыкка чыгарган.
Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде 12-ноябрда интернетте, медиа каражаттарында жалаа, мазактоого айып салган долбоор күн тартибинен алынды. Ал арада Маданият министрлиги Next TV телеканалын текшергени белгилүү болду.
Ошто балдар үйүндө чоңойгон жаран Орусияда аны мажбурлап согушка барууга кол койдурушканын айтып берди. Ал "Азаттыкка" аскердик полигондо машыгып жаткан жеринен байланышка чыкты. Материал даярдалып жаткан маалда Володя ал бөлүктөн чыгарылып, Москвага жеткирилгени белгилүү болду.
Президент Садыр Жапаров Эр-Риядда Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде дүйнө коомчулугу бейкүнөө жарандардын өмүрү кыйылып жатканын айыпташы керектигин билдирди.
Украинада Орусиянын чабуулдарынан кеминде алты адам набыт болду. Президент Жапаров абактагы Мелис Аспеков менен журналист Болот Темировдун билдирүүлөрүн “жалаа жабуу” деп баалады. ИИМ мас айдоочуларды өрт жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратып, машинесин убактылуу мамлекетке алууну сунуштады.
Украин аскер күчтөрү Орусия Курскка он миңдеген аскер жиберип, аймакты көзөмөлгө алууга аракет кылып жатканын билдирди.
Соңку жылдары Кыргызстанда сел, жер көчкү, суу ташкындары баштаган табият кырсыктары байма-бай катталууда. Мындан улам ондогон адамдар үй-жайын таштап, коопсуз аймактарга аргасыздан көчүүдө.
8-ноябрда президент Садыр Жапаров "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилери, муфтий, белгилүү дин аалымдары жана эксперттер менен талкуулады. Жыйында даават, диний билим берүү, коопсуздук сыяктуу маселелер көтөрүлдү.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-ноябрда диний ишмерлер менен "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулады. Анда коомдук талкууга чыгарылган документке кошумча-алымчалар сунушталып, айрым тактоолор киргизилди.
АКШда 5-ноябрдагы Дональд Трамп жеңип чыккан шайлоодо иммиграция маселеси чечүүчү мааниге ээ болду. Үгүт учурунда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды жапырт өлкөдөн чыгарам деген Трамптын жеңишин кыргызстандык мигранттар кызуу талкуулап жатышат.
26-октябрга караган түнү Ташкент облусунун Кибрай районунда белгисиз бирөөлөр Range Rover үлгүсүндөгү жол тандабасты аткылаган. “Азаттыктын” өзбек кызматынын булактары ал маалда машинеде өзбек президентинин кызынын жакын өнөктөшү Комил Алламжонов жана айдоочусу болгонун маалымдашты.
Дагы жүктөңүз