8-ноябрда президент Садыр Жапаров "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилери, муфтий, белгилүү дин аалымдары жана эксперттер менен талкуулады. Жыйында даават, диний билим берүү, коопсуздук сыяктуу маселелер көтөрүлдү.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-ноябрда диний ишмерлер менен "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулады. Анда коомдук талкууга чыгарылган документке кошумча-алымчалар сунушталып, айрым тактоолор киргизилди.
АКШда 5-ноябрдагы Дональд Трамп жеңип чыккан шайлоодо иммиграция маселеси чечүүчү мааниге ээ болду. Үгүт учурунда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды жапырт өлкөдөн чыгарам деген Трамптын жеңишин кыргызстандык мигранттар кызуу талкуулап жатышат.
26-октябрга караган түнү Ташкент облусунун Кибрай районунда белгисиз бирөөлөр Range Rover үлгүсүндөгү жол тандабасты аткылаган. “Азаттыктын” өзбек кызматынын булактары ал маалда машинеде өзбек президентинин кызынын жакын өнөктөшү Комил Алламжонов жана айдоочусу болгонун маалымдашты.
Украинада соңку суткада Орусиянын чабуулунан бир киши набыт болуп, 20дан ашууну жаракат алды. Зеленский НАТОнун баш катчысы менен Орусияда жайгашкан Түндүк Кореянын аскерлерине байланыштуу маселени талкуулады. Путин Украинанын макамы тууралуу өз шартын айтты.
Садыр Жапаров диний ишмерлер менен "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулады. Зеленский Будапештте Курскидеги түндүк кореялык аскерлердин маселесин көтөрсө, Путин Украинанын макамы тууралуу өз шартын айтты.
Тышкы иштер министрлиги Орусияга барууну пландаган жарандарга кайрылып, Москванын мигранттарды тескеген эрежелерине көңүл бурууну эскертти. Тышкы иштер мекемеси соңку бир аптада экинчи ирет мындай эскертүү жолдоду. Жаңы жылдан тарта Орусияда чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби өзгөрөт.
Орусиянын Курск аймагында украин аскерлери алгачкы жолу түндүк кореялыктар менен кагылышты. Кыргызстанда басма сөз күнү белгиленүүдө. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу ноябрдын аягында башталары маалымдалды.
Орусиянын Курск аймагында украин күчтөрү алгачкы жолу түндүк кореялыктар менен кагылышты. Бул тууралуу украин бийлиги билдирсе, эл аралык басылмалар корейлердин арасында жоготуулар бардыгын жазды. Пхеньян Орусияга жиберген 12 миңдей аскердин көбү Курск облусуна түшкөнү буга чейин кабарланган.
АКШда президенттик шайлоодо Дональд Трамп жеңди. Кошмо Штаттарда болжол менен 30 миңдей кыргызстандык жашайт. "Азаттык" алардын айрымдарынын пикирин сурады.
Дагы жүктөңүз