Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:08

Мадумаров ЖК мыйзам чыгаруу бийлиги катары жок болуп баратат деген пикирин айтты


Адахан Мадумаров. 30-апрель, 2024-жыл.
Адахан Мадумаров. 30-апрель, 2024-жыл.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Азаттыкка” курган маегинде Жогорку Кеңештин ишмердиги тууралуу суроого жооп берди. Ал парламентте пикирин ачык айткан депутаттардын мандаты алынып, басым-кысымга кабылган учурлар көп экенин айтты.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара келишими тууралуу Жогорку Кеңештеги билдирүүсүнөн кийин “Ыйман нуру” фракциясынан чыгарылып, мандат маселеси көтөрүлгөн Султанбай Айжигитов тууралуу комментарий берип жатып Мадумаров мындай деди:

“Мыйзам чыгаруу бийлиги бийликтин бир бутагы катары кыйылат. Жок болот. Азыр ошондой. Жогорку Кеңештин депутаты сунуш кылып жатат деген мыйзам долбоорун “тигил жактан” эле сунуштап, "сенин атыңдан кетип калсын” деген эле маселе менен иш жүрүп жатат”, - деди ал.

Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирген.

Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу мындай билдирүүсүнөн кийин аны фракциядан чыгарган.


Президент Садыр Жапаров бул маселе боюнча “Кабар” улуттук маалымат агенттигине интервью берип, чек ара түбөлүккө чечилип жатканын жана эки тараптын кызыкчылыгы тең эске алынганын айтып, Айжигитовдун сөзүн четке каккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев да Султанбай Айжигитовдун сөзүн бир нече жолу четке каккан.

Садыр Жапаров 25-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы тууралуу келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстанда Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламентке айтылган сын-дооматтар негизсиз экенин, депутаттар эркин иштеп жатканын кайталап келет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG