Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:53

Батыш Казакстан облусуна үчүнчү жолу дрон кулады


Казакстандын картасы.
Казакстандын картасы.

Батыш Казакстан облусундагы Жаныбек районунда 24-март күнү дрон сыныктарына окшош фрагменттер табылганын "Азаттык Азияга" аймактын полициясы билдирди.

Расмий маалыматта Жаныбек районундагы Узункөл айыл аймагында 2025-жылдын 24-мартында саат 21:15те учкучсуз учуучу аппараттын сыныктары түшкөнү тууралуу кабарланган.

Пресс-кызмат объект Орол шаарынын борборунан 480 километр алыстыкта табылганын тактаган.

"Батыш Казакстан облусунун полиция департаменти атайын орган менен биргеликте Жаныбек районунда учкучсуз учактын фрагментине окшош предметтин табылышы боюнча иш жүргүзүүдө. Объект калктуу конуштан алыс жерден табылган. Бардык кырдаалдар такталууда", - деп айтылат басма сөз кызмат жиберген маалыматта.

Бул ушул жылдын февраль айынан берки үчүнчү учур. Буга чейин да Батыш Казакстан облусунан учкучсуз учакка окшош предметтер табылган.

18-февралда учкучсуз учак Бөкөй районундагы Уялы айылына кулаган. 18-мартта дагы бир учкучсуз учак ушул облустун Таскала районуна кулаган. Бул тууралуу Атамекен кыштагынын жашоочулары билдирген. Объекттин узундугу - 300 сантиметр.

Атайын органдар үч учур боюнча тең коомчулукка толук маалымат бере элек.

BES.media басылмасы Уялыда табылган дрон менен орусиялык "Орлан-10" учкучсуз учагынын окшоштугу тууралуу жазган. "Рособоронэкспорттун" сайтында мындай дрон жерде жана суу үстүндө аралыктан авиациялык мониторинг жүргүзо турганы, GSM базалык станциясын жана байланыш түйүндөрүн табары жазылган.

Мурда кулаган эки дрондун сүрөттөрү чыккан, акыркысы фотоаппаратка түшкөн эмес.

Орусия менен чектеш Батыш Казакстан облусунда буга чейин аскердик ракетанын фрагменттери табылган. Аймакка коңшулаш Орусиянын Астрахан облусунда Капустин Яр аскер полигону жайгашкан. 2018-жылы Батыш Казакстандан табылган ракета фрагменти ушул полигондон кулаганы айтылган.



Шерине

XS
SM
MD
LG