Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:10

Трамп шайлоочулардын жарандыгын талап кылган жарлыкка кол койду


Дональд Трамп (архивдик сүрөт)
Дональд Трамп (архивдик сүрөт)

АКШ президенти Дональд Трамп 25-мартта шайлоодо добуш бере турган адам каттоодон өтүшү үчүн жарандыгын ырастаган документти талап кылган жарлыкка кол койду.

Жарлыкта документтердин аныктыгын текшерүү милдети шайлоочуларды каттоочу жергиликтүү бийликке жүктөлгөн.

Ак үйдүн өкүлдөрүнүн билдиришинче, жарлыктын максаты - АКШга мыйзамсыз кирген адамдардын шайлоого катышуусуна бөгөт коюу.

Дональд Трамп буга чейин өлкөдөгү добуш берүүнүн мүчүлүштүктөрү тууралуу бир канча жолу белгилеп, 2020-жылы добуш берүүгө укугу жок адамдар таштаган бюллетендердин айынан утулганын айтып келген.

"Шайлоочулардын алдамчылыгы" - бул сөздү бир канча жолу уксаңар керек. Биз буга чекит коебуз деп ишенем", - деп билдирди Трамп кол коюп жатып.

Америкалык медиалар юристтердин айтканын мисал келтирип, аткаруучу бийликке көз карандысыз Федералдык шайлоо комиссиясына шайлоо өткөрүү шарттарын өзгөртүү талабын коюу менен президент өз ыйгарым укугунан аша чапканын, алдыда жарлыкты сотко бергендер чыгышы мүмкүн экенин жазышты.

Иштеп жаткан эрежелерге ылайык, добуш берүүчү жарандыгы барын өзүн шайлоочу катары каттоо тууралуу арызында көрсөтүшү керек. Жалган маалымат берүү үчүн жаза каралган. Расмий билдирүүлөрдө айтылгандай, шайлоодогу маалыматты текшерүү анча көп эмес мыйзам бузууларды тапкан.

Дональд Трамптын администрациясы президенттин жарлыгын аткарбаган штаттар федералдык каржылоодон кур каларын айтууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG