Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Freedom House Кыргызстанды бешинчи ирет "эркин эмес өлкө" атады


Сүрөт Freedom House уюмунун баяндамасынан алынды. Жашыл түстөгүлөр - "эркин", саргылт - "жарым-жартылай эркин", кызгылт көк - "эркин эмес" өлкөлөр.
Сүрөт Freedom House уюмунун баяндамасынан алынды. Жашыл түстөгүлөр - "эркин", саргылт - "жарым-жартылай эркин", кызгылт көк - "эркин эмес" өлкөлөр.

Freedom House (FH) эл аралык уюму жаңы баяндамасында Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен “эркин эмес” мамлекеттердин катарында калтырды. Буга себеп катары кыргыз өкмөтү пикирин билдиргендерди куугунтуктоону жана чектөөлөрдү күчөткөнү көрсөтүлдү.

Уюм соңку жылдары өлкөдө саясий укуктар чектелип, саясий оппоненттер куугунтукталып, маалымат каражаттары басымга туш болгонун эскертип келген. Кыргызстандын бийлиги мындай айыптоону четке кагууда.

Жаңы баяндамадагы бүтүм

Freedom House (FH) уюмунун “Дүйнөдөгү эркиндик 2025: Адам укуктары үчүн оор күрөш” деп аталган баяндамасында дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында эркиндик деңгээлинин төмөндөөсү байкалып жатканы белгиленди.

26-февралда жарыяланган документте дүйнөдө эркиндик деңгээли 19-жыл катары менен төмөндөп баратканы кошумча айтылат. 60 өлкөдө саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер чектелгени, ал эми 34 өлкөдө эркиндиктин абалынын жакшыруу тенденциясы бар экени баяндалат.

2024-жылы төмөндөөнүн эң чоң көрсөткүчү рейтингде камтылган кырктан ашуун өлкөнүн арасынан Никарагуада (-40), эң азы Мальтада, Пакистанда (-10) болду.

Дүйнө калкынын 40% “эркин эмес”, ал эми 40% “жарым-жартылай эркин”, 20% гана “эркин” деп бааланган өлкөлөрдө жашап жатканы, шайлоолордогу бурмалоо, согуштар, адамдардын пикирин ачык билдирүү укугунун чектелиши негизги көйгөй болуп жатканы белгиленген.

Кыргызстан 2024-жылдын жыйынтыктары менен да “эркин эмес” мамлекеттердин катарында калтырылды. Мурдагы жылы өлкө 100 баллдын ичинен 27 упай алса, былтыркы жылы 26 упайга ээ болгон.

Freedom House (FH) эл аралык уюму “Азаттык” радиосуна берген текст түрүндөгү учкай комментарийинде мунун себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

“Кыргызстандын рейтинги өкмөт тараптан социалдык түйүндөрдө өз пикирин билдирген адамдарга карата куугунтуктоосу жана өлкөдө өзүн өзү чектөөнүн күчөшүнөн улам төмөндөдү”.

Freedom House (FH) уюмунун баяндамасында өз рейтингинде акыркы 10 жылда көрсөткүчү төмөндөгөн өлкөлөрдү көрсөтүп, Кыргызстандын туруму бул аралыкта 12 упайга төмөндөгөнүн белгиледи. Бирок көрсөткүчтөр күбөлөп тургандай, бул төмөндөө соңку беш жылда гана катталган. Тагыраагы, 2020-жылы Кыргызстан 100 упайдан 39 упайга ээ болуп турса, 2025-жылы ал 26 упайга түшүп жатат.

Эл аралык уюм 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашуудан соң кыргыз бийлиги атаандаштарына куугунтукту күчөткөнүн белгилеп, Кыргызстанды "жарым жартылай эркин" өлкөлөрдүн катарына кошкон.

2021-жылы өлкөнү “эркин эмес” мамлекеттердин катарына киргизип, ошондон бери ушул тизмеде калтырууда. Демек, 2024-жылдын жыйынтыгы менен бешинчи жыл катар тескери баа чыгып жатат.

Мурдагы акыйкатчы, укук коргоочу Турсунбек Акун журналисттерге, активисттерге жана саясатчыларга козголгон кылмыш иштер эл аралык уюмдардын рейтингинде чагылдырылганын белгилеп, муну терс тенденция катары мүнөздөдү:

Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

“Ырас, азыркы бийликтин көп жакшы жактары бар. Экономиканы көтөргөнү, бюджетти көбөйткөнү, чек араны чечкени, турак жай курганы жана башка толтура мыкты жумуштары бар. Бирок адам укугу, демократия, сөз эркиндиги жагынан алганда биз артка кетип жатабыз. Илгери Токтогул акын сөзү үчүн эле сүргүнгө айдалса, азыр Аскат акын жөн гана пикири үчүн камалып отурат. Тарыхта Токтогулдун аты калдыбы, же аны куугунтуктаган беш камандын аты калдыбы? Азыркы бийлик да так ошол беш камандын ролунда болбошу керек. Мына, Матцаков деген адвокат кармалды, Олжобай Шакир деген жазуучу кармалып чыкты. Адилет Балтабай деген активист, 11 журналист жана башкаларды эсептесек болот. Андан сырткары “Кемпир-Абад иши” боюнча саясатчылардын иши биринчи инстанцияда бүткөнү менен, жогорку инстанцияларда улам-улам созулуп кетүүдө. Мындай болбойт. Мен мунун баарын президенттин өзүнө да айттым. Кыргызстан кезинде “Борбор Азияда демократиянын аралчасы” деген атка конгонбуз, азыр болсо Казакстан менен Өзбекстанга теңелип, алардан өтүп, Түркмөнстанга окшошуп баратабыз. Кыргыз элин башка чаап, бутка чаап коркутпай, ишендириш керек”.

Камоолор, кармоолор жана чектөөлөр

Эл аралык уюмдар жана мекемелер Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына байланыштуу мурда деле түрдүү баа берип келишкен. Мурдагы президенттер Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин, Убактылуу өкмөт менен Роза Отунбаеванын тушунда, Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун бийлиги маалында да журналисттерге же саясатчыларга жасалган мамиледен улам өлкөнүн рейтингин бир түшүрүп, бир көтөрүп жүрүшкөн.

Соңку беш жылдагы рейтингдер улам төмөндөп жатышына да азыркы президент Садыр Жапаровдун тушундагы камоолор жана кылмыш иштери себеп болду.

Маселен, Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун негиздөөчүсү Болот Темиров өлкөдөн чыгарылып, 11 журналисти кармалган. Алардын жетөө акталып, эки журналист абакка кесилсе, дагы экөө пробациялык сыноо менен бошотулду. Мындан сырткары "чет өлкөлүк өкүл" сыяктуу мыйзамдар кабыл алынып, аны жарандык коом өкүлдөрү чектөө катары сыпаттап келет.

“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашуун жарандын ишин тизмектеди. Kloop.kg басылмасы болсо пикири үчүн соңку төрт жылда 140 киши камалып же куугунтукка алынганын эсептеп чыкты (анын ичинде 38 активист, 34 саясатчы, 21 журналист, 20 соцтармактардын колдонуучусу бар).

Kaktus.Media, Kloop.kg сыяктуу медиаларга түрдүү маселелерден улам иш козголуп, бир канча убакытка сайттары бөгөттөлгөн. 24.kg басылмасынын кеңсеси бийликке жакын адамдардын колуна өтсө, Kloop.kg порталы биротоло бөгөттөлүп, ишмердиги токтотулду. "Азаттык" радиосунун сайты бөгөттөлүп, кийин ачылган.

“Журналисттерди коргоо комитети” (The Committee to Protect Journalists - CPJ), Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) бул иштерди жана журналисттерге козголгон кылмыш иштерин айыптаган билдирүү таратышкан.

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү өлкөдө сөз эркиндигин, адам укугун чектөө жок экенин билдирип келишет. Алар кармалган жана камалган адамдардын ар биринин ишин өзүнчө кароо керектигин айтып, айыптоолордо тиешелүү далилдер бар экенин белгилеп жүрөт.

Президент Садыр Жапаров 26-февралда Европа парламентинин делегациясы менен жолугушууда буларга токтолду:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Бизде дин эркиндиги да, сөз эркиндиги да бар, адам укугу да сакталат, демократия да бар. Сиздер биздин коңшу өлкөлөр менен эле салыштырып айтып жатасыздар, мен керек болсо Европадагы айрым өлкөлөргө салыштырмалуу да бизде демократия жана сөз эркиндиги жакшы деп айта алам. Журналисттер өз укуктарын жетишинче колдонушат”.

Мындан бир күн мурун БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 58-сессиясында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда "демократиялык принциптер сакталып жатканын" айткан эле. Ал "Кыргызстан демократиялык принциптерге, анын ичинен сөз эркиндигин жана жарандардын тынч митингдерге чогулуу эркиндигин камсыздоого толук дилгир экенин” белгилеген.

Ошондой эле Байсалов Кыргызстанды “ар кимдин үнү угулган, жарандык коому активдүү, атуулдары саясий жана коомдук талкууларга эркин катыша алган” өлкө деп сыпаттап, муну менен сыймыктана турганын кошумчалаган.

Арийне, Freedom House уюмунан сырткары буга чейин Human Rights Watch (HRW), CIVICUS Monitor жана башка уюмдар да Кыргызстанда адам укуктарынын абалы начарлап кеткенин, саясатчы, активист, укук коргоочу жана журналисттерге куугунтук күчөп жатканын эскертип келишкен.

Былтыр жыл соңунда Европа парламенти Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына байланыштуу резолюция кабыл алып, анда өлкө демократия жолунан тайганын белгилеген.

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү мындай билдирүүлөрдүн айрымдарына гана реакция кылбаса, көбүнчө көңүл бурбай коёт. Айрым платформаларда ал тургай эл аралык уюмдардын мындай рейтингдери реалдуу абалды чагылдырбай турганы айтылган. Башкача айтканда, азыркы расмийлер бул көрсөткүчтөргө маани бербегенге аракет кылат.

"Бир дүйнө – Кыргызстан" уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Freedom House койгон рейтингди Кыргызстанга берилген диагноз катары кароого, андан жыйынтык чыгарууга чакырды:

Төлөкан Исмаилова
Төлөкан Исмаилова

“Freedom House уюму берген баа жана чыгарган рейтинг - реалдуу көрсөткүч. Мен, керек болсо, абал андан да жаман деп айтар элем. Анткени бардык жагынан кырдаал ошондой болуп жатат. Куугунтук алгач бейөкмөт уюмдарды чектөөдөн башталган. Саясатчылар, журналисттер, активисттер камалышты. Ырчылар, акындар, блогерлер камалган мисалдар четтен чыгат. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жөн эле пикири үчүн кармалышты. Аталган уюмду күнөөлөбөй, мындан корутунду чыгарып, ошого жараша чечимдерди жасаш керек. Адам укуктарынын абалын оңдоп, бошотчуларын бошотуп, куугунтукка алынып жаткандарга куугунтукту токтотуш керек. Мындай бааны Freedom House уюмунан башка эл аралык уюмдар да берип жатышат. Чычалабай, андан жыйынтык чыгарыш керек”.

Баса, Бишкектин бир катар жерлеринде жана айрым облус борборлорунда тынч жыйындарды өткөрүүгө 2022-жылы сот аркылуу чектөө киргизилип, ал улам узартылып келе жатат. Баш калаада Горький эс алуу багында гана митинг өткөрүүгө уруксат берилген.

Мындай чектөөгө дээрлик үч жыл болду жана чечим ушул күндөрү да күчүндө. Аймактарда, бир нече райондордо да ушундай чечим бар. Бул жагдай да көчөдөгү сөз эркиндигине чектөө катары каралып келет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG