Ушул жылдын башында АКШнын Каржы министрлиги жаңы санкциялар топтомун жарыялаганда анын тизмесинде “Керемет банк” дагы болгон. Орусия менен активдүү кызматташ деген негизде Кыргызстандагы ондон ашык компания дагы "кара тизмеге" илинген. Расмий Бишкек санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деген дооматтарды четке кагып келет.
"Керемет банкка" салынган санкциялар 1-марттан тарта күчүнө кирери белгилүү болду. Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев 25-февралда басма сөз жыйынында бул убакытка чейин аталган банкты "кара тизмеден" чыгаруу үчүн болгон аракет көрүлүп жатканын билдирди.
Ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Вашингтонго дагы барып келгенин кабарлады. Учурда АКШ тарап менен сүйлөшүүлөр уланып, ал өлкөнүн Каржы министриги сураган керектүү болгон маалыматтар берилип жатканын айтты.
"Биз санкциядан чыгаруу боюнча расмий петиция жолдодук. Адатта санкциялык тизмеге киргизилгенден кийин кырдаалды жөнгө салууга 30-45 күн берилет. "Керемет банкка" карата санкция 1-марттан тартып күчүнө кирет. Биз бул убакытка чейин санкциядан чыгарууга болгон аракетибизди жумшайбыз. Америка тарап менен активдүү талкуу жүрүп, сүйлөшүүлөр күн сайын болуп жатат. Эгер бул банктын чет өлкөдө кандайдыр бир активдери калса, анда аны аманатчыларга кайтарып берүү керек. Банк ишин уланта берсе болот. Бул банк менен мындан ары деле кызматташкысы келгендер аны өз каалоосу менен андан ары уланта берсе болот. Ал эми санкциядан чочулагандар каражатын чыгарып кете алат. Бирок биз регулятор катары бардык тобокелчиликтерди алдын алууга болгон аракетибизди жумшайбыз. Биз санкцияларды алдын алуу үчүн күн сайын иштеп жатабыз. Эгер мындай иштер жүрбөгөндө, санкцияга кабылган банктар мындан дагы көп болмок. Санкцияларды алдын алуу боюнча мекеме аралык комиссия иштеп жатат жана ага бардык негизги министрликтер кирген. Биз такай жолугушууларды өткөрүп, компанияларга, банктарга сунуш берип жатабыз", - деди Тургунабев.
Ушул жылдын башында АКШнын Каржы министрлиги санкциялардын кезектеги топтомун жарыялаган тизмеде "Керемет банк" дагы болгон. Анда бул банктын өкүлдөрү былтыртан бери эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын "кара тизмесиндеги" "Промсвязьбанк" менен кызматташып, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турганын” кабарлаган.
Андан сырткары 2024-жылы Кыргызстандын Каржы министрлиги “Керемет банктын” акцияларынын контролдук пакетин орус бийлигине жакын олигарх менен байланышы бар фирмага сатканы айтылган.
Вашингтондун билдирүүсүндө молдован тектүү орус олигархы Илан Шор санкцияларды кыйгап өтүү үчүн схемалардагы “Керемет банктын” ролу тууралуу талкууларга катышканы да маалымдалган.
"Керемет банк" бул кабарга жооп иретинде дооматтардын баарын четке каккан, бул чечимге каршы арызданарын, санкция банктын ишине таасирин тийгизбей турганын билдирген.
“"Керемет Банк" - Кыргызстандагы алдыңкы банктардын бири, улуттук экономиканын өнүгүшүнө жигердүү колдоо көрсөткөн ишенимдүү жана натыйжалуу өнөктөш. Өлкөнүн каржылык туруктуулугун камсыз кылуудагы ролу менен сыймыктанат жана кардарлары менен өнөктөштөрүнө сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча милдеттенмелерин дилгирлик менен аткарат. "Керемет банк" ачык-айкындуулук, ишенимдүүлүк жана жоопкерчилик принциптерине чексиз берилгендик менен кардарлардын жана өнөктөштөрдүн алдындагы өз милдеттерин аткарып, кадимки режимде ишин улантууда. Жогорудагы окуялар банктын ишине таасирин тийгизбейт жана банк аманатчылардын алдындагы өз милдеттенмелерин толук аткарууну улантат. Бардык филиалдар график боюнча иштеп, оперативдүү иш-чаралар толук көлөмдө жүргүзүлүүдө. Биз диалогго ачыкпыз жана жөнгө салуучу органдар, анын ичинен эл аралык аудиторлор менен кызматташууга даярбыз жана жаңы маалыматтар пайда болгондо банктын өнөктөштөрүн жана кардарларын кошумча кабарлайбыз”, - деп жазылган билдирүүдө.
Бирок "Керемет банктын" мындай жооткоосуна карабай санкциянын кесепети сезиле баштаган.
Алсак, Кыргызстандагы DemirBank “Керемет банк” менен төлөм жана акча которуу операцияларын токтотконун билдирди. Банктын сайтында 31-январдан тартып DemirBank аркылуу чет өлкөлүк жана улуттук валютада "Керемет банктын" кардарларына төлөм жана которуу операциялары жүргүзүлбөсү жазылган. Ушундай эле акча операцияларын "Керемет банктын" кардарлары дагы жүргүзө албасы көрсөтүлгөн.
DemirBank мындай чектөөнүн себебин жана мөөнөтүн тактаган эмес. "Керемет банк" менен кызматташууну убактылуу токтотконун буга чейин “Бакай банк” да жарыялаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев санкциядан чыгууга байланыштуу кыргыз бийлигинин аракетин колдой турганын билдирди. Ошондой эле бул жагдай геосаясаттан дагы көз каранды болоруна токтолду:
"Азыр эми санкциядан чыга алабы же жокпу, айта албайм. Бирок Улуттук банктын төрагасы туура эле кылып жатат, чыкканга аракет кылышыбыз керек. Эгер аракет болбосо, Кыргызстандагы банктарга эле эмес, бүтүндөй өлкөгө терс таасирин берет. Ошондуктан президент деле жөн жеринен тапшырма берген жок. Мен мындай аракеттерди колдойм. Бирок эми кандай болорун айтуу кыйын. Улуттук банктын төрагасы барып келди. Бул жерде геосаясатка байланыштуу жагдай бар. Мисалы, эртең Дональд Трамп согуш тууралуу сүйлөшүүлөрдү жакшы өткөрсө, санкциялар актуалдуу болбой дагы калышы мүмкүн".
“Керемет банктын” тарых-таржымалы 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык “АзияУниверсал Банктан" башталат.
Улуттук банкка өткөндөн кийин беш-алты жылдай арсар абалда турган жана былтыр мартта банктын 97,45% акциясын Каржы министрлиги сатып алган.
Бул банкка байланыштуу 2023-жылы кылмыш иши козголуп, Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары баштаган бир катар банкирлер камалган. Улуттук коопсуздук комитети бул иш эмне менен аяктаганы тууралуу маалымат берген эмес.
Көп өтпөй күзүндө “Керемет банк” жеке колго сатылганы белгилүү болгон жана төрайымы болуп Татьяна Куржей аттуу казакстандык менежер дайындалганы айтылган. Бир катар басылмалар банктын жаңы кожоюндары чет элдиктер экенин жазышкан. Былтыр жыл соңунда жергиликтүү медианын бири банкка Люксембургда катталган компания ээлик кылып калганын кабарлаган.
Ал арада "Керемет банкка" Улуу Британия дагы санкция салганы белгилүү болду. Бул тууралуу британ өкмөтү жарыялаган ири санкциялар топтомунда айтылды.
Талдоочу Алмаз Тажыбай мындан улам "кара тизмеден" чыгуу оңой-олтоң болбосун, Улуттук банктын эле аракети жетишсиз экенин белгиледи:
"Орусиянын бир катар олигархтары санкциялардан акырын чыга баштаганы тууралуу маалыматтар айтыла баштады. Алар бул үчүн сотко кайрылышкан. Бизде "Керемет банктын" ээси ким болсо, ошол сотко кайрылып, ушул жол менен тизмеден чыгууга аракет жасаса болот. Болбосо "санкциядан алып койгула" деген эле сураныч менен бул маселе чечилбейт. Европа өлкөлөрү санкциялардын топтому деп улам киргизип жатпайбы. "Кара тизмеге" киргизилгенден кийин андан чыгуу оңой-олтоң болбойт".
"Керемет банк" жана Улуттук банк расмий Лондондун санкциясы тууралуу маалыматтарга азырынча үн ката элек.
2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан кийин АКШ жана Улуу Британия баштаган бир катар мамлекеттер Орусиянын айрым тармактарына, анын ичинен банк системасына санкция салып, чектөө киргизген. Бир катар орусиялык банктар SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан өчүрүлгөн.
Москвага санкция салган өлкөлөр Орусиянын санкциядан кыйгап өтүшүнө көмөктөшкөн, жол берген башка өлкөлөр дагы "кара тизмеге" кошулушу ыктымал экенин эскерткен.
Бул мамлекеттер ошондон бери Кыргызстандагы он чакты компанияга санкция салган. Алардын арасында мунай тармагындагы катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай мырза” сыяктуу компаниялар бар. Алар көбүнчө өнүккөн өлкөлөрдөн жарандык да, аскердик да багытта иштетилген кош маанидеги товарларды Орусияга өткөрүп турган ишканалар болгон.
Шерине