Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:01

Иран Израилди баллистикалык ракеталар менен аткылады


Ашкелон шаарына багытталган ракеталар, 1-октябрь 2024-жыл.
Ашкелон шаарына багытталган ракеталар, 1-октябрь 2024-жыл.

1-октябрдын кечинде Иран Израилдин бир катар аймактарын баллистикалык ракеталар менен аткылады. Тегерандын бул кадамы АКШ террордук уюм деп тааныган "Хезболла" тобуна каршы Израил армиясынын Ливандагы операцияларына жооп катары каралууда.

Израил армиясынын (ЦАХАЛ) басма сөз өкүлү Даниэл Хагари азырынча жаракат алгандар тууралуу маалымат жоктугун билдирди. Ал Ирандын жапырт ракеталык чабуулдарынан бир саат өткөндөн кийинки билдирүүсүндө израилдиктер баш калкалоочу жайлардан чыга берсе болорун айтты. Ошондой эле Хагари Тегерандын чабуулдарын "олуттуу" деп сыпаттап, анын "кесепети" болорун эскертти.

Израилдин күчтөрү ээлеп турган Батыш жээктеги Иерихон шаарында асмандан атып түшүрүлгөн ракеталардын калдыгы тийген бир палестин тургуну каза тапканын бул калаанын мэри маалымдады. Ирандын чабуулдарынан бир аз мурда Тель-Авивде ок атуу жана бычактоо менен коштолгон окуя катталып, андан кеминде алты киши каза тапканын Израилдин полициясы маалымдады.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден АКШ Израилге өзүн-өзү коргоого жардам берүүгө даяр экенин айтты.

Тегерандын ракеталык чабуулун утурлай Израилдин бардык аймактарында абадан эскертүү берилип, бийлик тургундарды бомбадан коргонуучу жайларга жашырынууга чакырып жатты.

CNN, BBC телеканалдары Иран Израилди көздөй жалпысынан 180дей ракета учурганын, алардын басымдуу бөлүгү атып түшүрүлгөнүн ЦАХАЛга шилтеме кылып кабарлады.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу ракета чабуулдары Тель-Авивдеги үч аскердик базага багытталганын, эгер Израил жооп кайтара турган болсо, анда Тегеран "дагы кыйратуучу" соккуларга даяр экенин билдирди.

АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС радикал тобу Ирандын соңку соккуларын "каармандык" деп сыпаттады.

Тель-Авивдин полициясы Ирандын ракеталык аткылоолорунун алдында шаарда "террордук" чабуул катталганын билдирди. Телеканалдар жарыялаган видеолордон куралчан адамдар трамвайдан станцияга түшүп, ок ата баштаганын көрүүгө болот. Полициянын маалыматына ылайык, бул белгисиз адамдарды жергиликтүү тургундар жана офицерлер колунда бар куралы менен атып өлтүрүшкөн.

Бул кол салуу боюнча эч бир тарап жоопкерчиликти өз мойнуна ала элек. Бирок Израилдин каржы министри Безалел Смотрич кол салгандар Батыш жээктеги Хеброн шаарынан келген палестиндер болушу мүмкүндүгүн айтты.

Израил Ливанда жердеги операциясын баштады

Ирандын ракеталык чабуулдарынан бир канча саат мурда Израилдин армиясы Ливандын түштүгүндө Иран колдогон "Хезболла" тобуна каршы жердеги операцияларын баштаганын жарыялаган болчу.

  • “Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия. АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныйт. Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Израил аскердик операциясын “Хезболла” куралдуу тобунун “террордук объектилерине жана инфраструктурасына” гана каршы багытталган, даана чалгын маалыматтарга негизделген “чектелген, жер-жердеги, максаттуу рейд" деп атаган.

Ливандагы операцияга Израилдин жакында Газанын түндүк тилкесине жайгаштырылган элиталык 98-дивизиясы тартылды. Жөө аскерлерге аба күчтөрү жана артиллерия жардам берүүдө.

"Жердеги бул “чектелген” операциялар Израилдин чек арада жайгашкан шаар-кыштактарына коркунуч жараткан “Хезболланын” турумдарына каршы багытталууда. “Хезболла” Израилдин кыштактарына чектеш Ливандын айылдарын кол салууга даяр аскердик базаларга айландырып алган. Эгер Ливан мамлекети өзү жана жалпы дүйнө “Хезболланы” биздин чек арадан ары кетире албаса, анда буга өзүбүз киришкенден башка аргабыз жок. Биз Ливан элине эмес, “Хезболлага” каршы күрөшүп жатабыз, ошону так түшүнүү керек. Ливандын жайкын тургундарына залака тийишин каалабайбыз жана андайга жол бербөө чараларын көрүп жатабыз", - деди ЦАХАЛдын өкүлү Даниэл Хагари.

Ливандын Улуттук маалымат агенттиги шейшембинин таңында түштүк тилкесиндеги палестин качкындарынын "Айн ал-Хелва" лагеринде Израилдин соккуларынан кеминде алты кишинин өмүрү кыйылганын, каза болгондор арасында ФАТХ палестин кыймылынын ливандык бөлүмүнүн башчысы Мунир Макдахтын уулу бар экенин маалымдады.

Ливан өкмөтү соңку окуялардан улам өлкө “эң кооптуу абалда” турганын айтууда. 1-октябрда премьер-министр Нажиб Микати Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрү менен жолугушууда Ливан өзүнүн тарыхындагы эң кооптуу учурду башынан кечирип жатканын белгилеп, Улуттар Уюмун Израилдин аба соккуларынан баш калкалап, жер которгон миллиондогон адамга жардам берүүгө чакырды.

"Биз жер которгон жарандарга негизги колдоо көрсөтүү боюнча жүрүп жаткан аракеттерибизди бекемдөө үчүн тез арада көбүрөөк жардам берүүгө чакырабыз", - деди өкмөт башчы.

Израил Ливандын борбору Бейрутту да аткылоодо. Шейшембиге караган түнү шаардын түштүк тарабы кеминде алты жолу аткыланганын күч кызматкерлери кабарлашты.

“Хезболла” да Израилдин аймагына сокку урууда. Куралдуу топтун билдирүүсүндө айтылгандай, шейшемби күнү алар Тел-Авивден анча алыс эмес жерде жайгашкан "Глилот" аскердик чалгын базасын бутага алды. Социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видеолордон жол боюндагы өрттү көрүүгө болот. Израил Ливан тараптан учурулган бир нече снаряд атып түшүрүлгөнүн билдирди.

АКШ жана Батыш өлкөлөрү кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө керектигин айтып жатышат. Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден “атышууну азыр токтотуу зарыл” экенин айтса, Ак үйдүн билдирүүсүндө маселе дипломатиялык жол менен чечилиши керектиги белгиленди.

New York Times гезитинин маалыматында өлкө аймагына чакан топтор кирген. Зарылдык болсо Ливандын аймагына чек арада турган көбүрөөк күчтөр киргизилиши мүмкүн.

Израил Ливандын аймагындагы жердеги операциясын 2006-жылы Экинчи Ливан согушунан бери биринчи жолу жүргүзүүдө.

Операциянын планы Израил өкмөтүнүн жыйынында колдоо тапкан. Өткөн жума күнү Бейрутка удаа урулган соккулар менен "Хезболланын" алдыңкы өкүлдөрү, анын арасында Хасан Насралла жок кылынган. Ливан бийлиги авиасоккудан жай тургундар каза болгонун билдирген.

Шейшембиге караган түнү Израил авиациясы Сирянын борбору Дамаскка сокку урганы маалымдалды. Сириянын мамлекеттик ЖМКсы үч адам каза таап, тогузу жарадар болгонун билдирди. Сокку аба операциясы болгонбу же жокпу азырынча белгисиз. Израилдик башкармалык өз кезегинде Жер ортолук деңизинин өлкөгө жакын жээктеринен бир канча учкучсуз учак кармалганын билдирди. Толук маалымат берилген жок.

CNN телеканалы израилдик расмий булактарга таянып, Израил армиясы "Ливандын түштүк райондорун көпкө чейин басып алууну пландабай турганын" билдирди. Азыркы операциясы тууралуу да маалымат бере элек.

Израил бир эле учурда Газа тилкесинде көпчүлүк өлкөлөрдө террордук деп таанылган ХАМАС тобуна каршы аскердик аракеттерди жүргүзүүдө.

Израилдин Йемен жана Ливанга соккусу, Жакынкы Чыгыштагы курчуган кырдаал

Израил армиясы Иранга таянган жоочуларга каршы чабуулдарын кеңейтип, Йемендеги Ходейда шаарына сокку урду. Ал жакта Тегеран колдогон хуси козголоңчулары отурукташкан. Дүйнө лидерлеринин Жакынкы Чыгышта кеңири масштабдагы согуш тутанып кетиши мүмкүн деген кооптонуусу күчөдү.

Ал арада АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС куралдуу тобу өзүнүн Ливандагы штабынын башчысы Израилдин соккусунан каза тапканын жарыялады.

“Ири масштабдагы аба операциясынын алкагында Аба күчтөрүнүн ондогон учактары, анын ичинен бомбалоочу учактар, май куюучу учактар жана чалгын учактары Йемендеги Ходейда жана Рас-Исса райондорундагы хусилердин террордук режиминин аскердик турумдарын бутага алды”, — деди AFP агенттигине 29-сентябрда армиянын өкүлү капитан Дэвид Авраам.

Аскерлердин билдирүүсүнө караганда, абадан соккулар хусилердин көзөмөлүндөгү электрстанцияга жана мунай импорттоп, Ирандан курал-жабдык экспорттойт деп боолголонгон деңиз портуна жасалды. Израил буга чейин, июль айында дал ушул портко чабуул койгон эле.

Йеменде 2014-жылы хуси козголоңчулары баш калаа Сананы басып алгандан бери согуш жүрүп келет. Анда Сауд Арабиясы башында турган күчтөр эл аралык коомчулук тааныган өкмөткө колдоо көрсөтүү менен жаңжалга аралашууга аргасыз болгон. Араб жарым аралынын түштүгүндө жайгашкан, калкы 40 миллион адамга жеткен өлкөдө уланып жаткан согуштан улам кеңири масштабдагы гуманитардык кризис жаралган.

Гуманитардык жардамдын басымдуу бөлүгү Ходейда порту аркылуу түшөт. Анын көп жактары хусилер басып алгандан кийин талкаланып калган.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант 29-сентябрда билдиргендей, алар душманга канчалык алыс экенине карабай сокку урат.

Йемендеги хуси козголоңчулары, Ливандагы “Хезболла” жана Газадагы АКШ жана Евробиримдик террордук деп эсептеген ХАМАС куралдуу тобу Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат.

Эл аралык коомчулуктун кооптонуусу

Израилдин Ливандын аймактарына, эми Йеменге уруп жаткан аба соккулары Бириккен Улуттар Уюму (БУУ ) жана башка ири державалар, анын ичинен Вашингтон аскердик аракеттерди жумшартууга чакырып жаткан маалда болду.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро Бейрутка 29-сентябрдын кечинде барганы маалым болгон. Жолго чыгар алдында Барро Ливандын өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан Нажиб Микати менен телефондон сүйлөшкөн. Расмий Париж ошондой эле Израилди “Ливанга аба соккуларын дароо токтотууга” чакырды.

Ошол эле күнү Микати телефондук кайрылуусунда Ливандын “дипломатиялык варианттан башка тандоосу жок экенин” айтты.

29-сентябрда Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден жакын арада Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшөрүн журналисттерге айткан. Бирок ал сүйлөшүү качан болорун тактаган эмес. Жакынкы Чыгыштагы кеңири масштабдуу согушту алдын алса болобу деген суроого: “Алдын алуу керек. Биз чындап буга жол бербешибиз зарыл”, - деп жооп берген Байден.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби кеңири масштабдагы согуш Израилге өлкө түндүгүндөгү калкты үйлөрүнө кайтарууга жардам бербестигин эскерткен. Ливан менен чектешкен Израилдин аймактарында жашагандар бир нече айдан бери “Хезболла” менен ЦАХАЛдын ортосундагы атышуулардан улам башка жакка көчүүгө аргасыз болушкан.

Израил Ливандагы аскердик аракеттердин башкы максаты - дал ошол жарандарын өз үйлөрүнө кайтарып, алардын коопсуздугун камсыз кылуу деген жүйө келтирген.

“Хезболла” менен кеңири масштабдуу согуш, андан ары Иран менен согуш - бул туура багыт эмес. Эгер ал адамдарды үйлөрүнө коопсуз кайтарууну кааласаңар, биз эң туура жол - бул дипломатиялык жол деп эсептейбиз”, - деди Кирби CNN телеканалына курган маегинде.

Ал кошумчалагандай, Вашингтон учурда Ливандагы кийинки кадамдары тууралуу Израилдин лидерлери менен сүйлөшүүдө. Кирби Американын Израилди колдоосу мурдагыдай эле күчтүү бойдон каларын айтты.

"Хезболланын" лидери Хасан Насралла израил армиясынын аба соккуларынан жок кылынган жер. 27-сентябрь, 2024-жыл. Ливан, Бейрут.
"Хезболланын" лидери Хасан Насралла израил армиясынын аба соккуларынан жок кылынган жер. 27-сентябрь, 2024-жыл. Ливан, Бейрут.

Иран өч алуу убадасы, "Хезболланын" командирлери жок кылынды

Ирандын расмий жетекчилери “Хезболланын” лидери Хасан Насралланын өлүмү үчүн Тегеран тараптан жооп болорун ишарат кылышкан болчу. Насралла 27-сентябрда Израилдин Бейрутка жасалган аба соккусунун жыйынтыгында жок кылынганы кабарланган. Тегеран Израилге каршы турган топторду колдорун кыйытып, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын чакырууга аракет кылууда.

29-сентябрда Израилдин коргонуу күчтөрү Бейруттагы “Хезболланын” түштүк таянычына “таамай сокку” урганын билдирди.

Ливандын өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан Нажиб Микати согуштук аракеттерден улам бир миллиондой карапайым ливандыктар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушу мүмкүн экенин эскертти.

“Хезболла” маалымдагандай, сентябрдын ортосунан бери ЦАХАЛдын чабуулдарынан жети жогорку даражалуу өкүлү набыт болду.

Соңку кабарларга караганда, 28-сентябрдагы чабуулда уюмдун аткаруу кеңешинин жетекчи орун басарынын кызматын аркалап келген диниятчы Набиль Каук да мүрт кеткен.

“Хезболла” ошондой эле улук командирлеринин бири, түштүк күчтөрүнүн командачысы Али Караки Насралла менен бирге каза болгону тууралуу Израилдин билдирүүсүн ырастады.

Газаны көзөмөлдөп келген ХАМАС радикал тобу Ливандагы лидери жана чет мамлекеттердеги жетекчилигинин мүчөсү Фатех Шериф Абу эл-Амин Ливандын түштүгүндөгү Тир шаарында жайгашкан палестин качкындарынын лагериндеги үйүнө урулган жөөт армиясынын соккусунан мерт кеткенин, аялы жана уулу менен кызы да каза болгону айтылды.

Израил менен "Хезболла" Газада согуш тутанган былтыр 7-октябрдан бери тирешип келген. Сентябрдын ортосунда Израил Ливанга аба соккуларын күчөттү.

Ал эми Газадагы согуштун башталышына ХАМАСтын Израил конуштарына кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алып кеткени түрткү болгон.

Израил бийлиги бул уюмду жок кылуу максатында анклавда согуш баштап, андан бери 42 миңдей адамдын өмүрү кыйылганын аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирип келет.

XS
SM
MD
LG